Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Эрматов: Балдар адабиятына олуттуу көңүл буруу керек


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов балдар адабияты, тартыштыгы, маселени чечүү жолдору тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети балдар адабиятын өнүктүрүү маселелерин талкуулаганы жатат. Сиз балдар адабиятынын азыркы абалына кандай баа бересиз? Балдар үчүн чыгарма жазган акын-жазуучулар барбы?

- Бүгүнкү күндө балдар адабиятынын абалы өтө оор. Бир гана балдар адабияты эмес, кыргыз адабиятынын да абалы ушундай кезде жашап жатабыз.

Союздун тушунда балдар адабияты боюнча атайын басмакана бар эле. Союз тарагандан бери балдарга арналган китептер чыкпай калды.

Балдар адабиятында мыкты акындарыбыз бар эле. Мисалы, Турар Кожомбердиев, Каныбек Жунушов, Абдий Кыдыров, Токтосун Самудинов деген агайларыбыз мыкты чыгармаларды жазып турчу. Тилекке каршы балдар адабиятын, балдарга арналган ырларды, аңгемелерди чырак менен издесең да таппайсың.

Ушундан улам биз, Жогорку Кеңештеги Илим, билим комитети балдар адабиятын өнүктүрүү боюнча атайын концепция түзгөнү жатабыз. Мектеп жашына чейинки, кенже балдарга арналган чыгармаларды, мектеп программасындагы балдар адабиятын атайын жаздырып, аны элге жеткирүү маселесин өкмөттүн алдына койгону жатабыз. Себеби атайын бир система түзбөсөк балдар адабияты өсүп-өнбөйт экен.

Биз эгер келечекте элибиз өсүп өнүксүн десек, маданияттуу, билимдүү эл бололу десек сөзсүз балдар адабиятына олуттуу көңүл бурушубуз керек. Коомчулуктун көңүлүн ушул тармакка бурушубуз керек. Ансыз биздин келечегибиз өтө кыйын болуп баратат.

- Азыр бала бакчаларда кыргыз тилдүү, сүрөттүү окуу куралдар жок. Бул маселени кантип чечсе болот?

- Биринчиден, балдар жазуучусун тарбиялап таанытуу, өстүрүп эрезеге жеткирүү өтө кыйын. Себеби мунун өзүнчө көркөмдүк касиети, өзгөчө бир үнү, стили болот. Ошон үчүн балдар адабияты, балдар акындары, балдар жазуучулары көп жылдап тарбияланат.

Бирок балдарга арнап чыгарма жазган адамдарга өтө этиаттык менен мамиле кылып, алардын китептерин көркөмдөп, гүлдүү-түстүү кылып, кенже балдарга жеткиликтүү кылып чыгарыш үчүн каражат тартыш болуп жатат. Ушул каражат тартыштыгынан балдар адабияты эле эмес, чоңдорго да арналган китептер чыкпай калып жатат.

- Азыр Интернеттин доорунда, компьютер оюндары чыккан кезде баланы кантип китепке, көркөм адабиятка кызыктырса болот?

- Биринчиден, китептер балдарга кызыктуу, сүрөттүү болушу керек. Ыр менен кызыктуу жазылган тамгаларды, жомокторду таратуу зарыл. Мультфильмдерди кыргызча тартып, балдарды кызыктырыш керек.

Бала кызыкпайт деп жөндөн жөн эле айтканыбыз болбойт. Муну биринчи кезде ата-энелер, улутка күйгөн, келечекти ойлогон ата-энелер кызыктырышы керек. Акчаларын аябай китептерди сатып алып, балдарына окуп бериши керек, оку деш керек. Күндө бир куплеттен ыр жаттаттырса балдардын адабиятка, китепке кызыгуусу артат.
XS
SM
MD
LG