Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Майрамды жектеген бейбаштык


Бишкек шаары. Жаңы жыл түнү тартылган сүрөт. Сүрөттүн автору Геннадий Закиров.
Бишкек шаары. Жаңы жыл түнү тартылган сүрөт. Сүрөттүн автору Геннадий Закиров.

Кадамжай шаарында орнотулган балатыны талкалап кетишкен. Ал эми Өзгөн шаарында балаты орнотулбай калганына үч жыл болду. Диниятчылардын кыйласы майрамга каршы болуп келет.

27-декабрда Баткен облусунун Кадамжай шаарынын балатысын жана маданият үйүнүн терезесин белгисиз адамдар түн ичинде талкалап кетишкени кабарланды. Мындай ээнбаштыкка баргандар табыла элек. Жергиликтүү атын атабаган тургун “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул боюнча мен милицияга арыз жаздым. Өткөн ишемби күнү ушул маданият үйүнүн маңдайындагы аянтка балаты орнотулган эле. Аны талкалап, ичиндеги түтүк менен маданият үйүнүн алты терезесин сындырыптыр. Ал түтүктү сайга алпарып ыргытып жиберишиптир. Милиция издеп жатат. Бирок алардын ким экендиги тууралуу мен азыр эч нерсе дей албайм.

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.

Ал эми Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында болсо үч жылдан бери балаты жасалбай калган. Муну жергиликтүү бийлик өзү колдойт экен. Жаңы жыл майрамын коомдук жайда белгилөө токтотулганын Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев эки себеп менен түшүндүрдү:

- Бизде Жаңы жыл майрамына карата борбордук аянтка балаты орнотулбай калганына үч жыл болду. Анткени Ош-Бишкек жолундагы унаа тыгынды жоюу үчүн ага катарлаш жолду ушул борбордук аянт аркылуу ачканбыз. Ал жерде күнү-түнү машинелердин кыймылы токтобойт. Экинчиден, бул майрамы биздин элге сиңген эмес, башка улуттардын бизге таңуулаган майрамы деп эсептейбиз.

Бийликтин бул кадамын айрым байкоочулар ашкере динчилердин басымынан улам жасалды деп болжошот. Ош облустук казысынын орун басары Нурбек Орунбаев буларды айтты:

- Эгерде зыяны жок болсо, ислам дини улуттук майрамдарды жокко чыгарбайт. Бирок Жаңы жыл майрамы бардык тарабынан зыян. Мисалы, бул ири чыгаша, кырсыктар, ичкилик, зынакорлук дегендерге жол ачкан майрам болуп калды. Ошонусун эске алып, майрамдабай эле койгон жакшы деп эсептейбиз. Бирок элдин каалоосуна, жеке адамдардын тандоосуна биз кийлигише албайбыз. Ал эми жасалган балатыларды талкалоону биз колдобойбуз.

Деген менен жаңы жылды тосуу ар бир үй-бүлөдө жакшы тилектерге, үмүттөргө жык толгон жарык жана жагымдуу майрам катары калыптанып калганы анык. Ош шаарынын тургуну Асан Пазылов балаты майрамын каалабагандар башкаларга тоскоолдук кылбаш керек деп эсептейт:

- Жаңы жыл майрамы азыр динчилдер айтып жаткандай илгерки диний маанисин тарыхый баалуулугун жоготкон. Мисалы, кыргыздар жаңы жылды кайсы бир пайгамбар туулган деп майрамдабайт. Жөн гана эски жыл кетип, жаңы жыл келгенин белгилеген майрам болуп калды. Эгерде кимдир бирөө муну майрамдагысы келбесе майрамдабай эле койсун. Бирок башкаларга өз оюн таңуулап, мен каалабасам, сен дагы каалабашың керек дегени туура эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн булуң-бурчтарынан Бишкектеги балаты майрамына келип катышкан миңге жакын окуучуну куттуктап жатып, Жаңы жыл, Нооруз майрамдарынын мааниси терең экенин белгилеп, аны майрамдоого тоскоолдук кылып жаткандарга жол бербөө керектигин билдирди:

- Жаңы жылды, Ноорузду биздин майрам эмес, улуттук майрам эмес деп каршы чыккандарга жол бербеш керек. Биздин улуу тарыхыбыз бар. Биз эң байыркы элбиз. Ал майрамдардын дагы тарыхый мааниси бар.

Ашкере динчилдер арасында Жаңы жыл, Нооруз майрамдарын белгилөөгө шарият жол бербейт дешип, анын ордуна диний майрамдарды сунуштап жүрүшөт. Дин аалымдарынын арасында да Жаңы жыл майрамын токтотууга чакырып келаткандар бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG