Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Жаңы Жыл азилдери: Аяз Ата сараң окшойт!..


Кагылышуудан кийин. Учакка тартылган азил сүрөт.
Кагылышуудан кийин. Учакка тартылган азил сүрөт.

“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы Жаңы жыл майрамына байланыштуу азилдерден турат.

* * * * * * *

– Ит жылы иттей сонун болот экен, достор!

– Андай болсо бул жаңы жылды Кумайык жылы, Тайган жылы же Бөрүбасар жылы деп көтөрө чалып атабайлыбы?

* * * * * * *

–Урматтуу мекендештер! Ошентип жылды да жакшы аяктап жатабыз. Кана, журналисттерде суроолор барбы?

– Алдыдагы 2018-жыл – Ит жылы оор болот деп айтып жаткандар чынбы?

– Мунун бардыгы Батыштын жалаасы жана ушагы. Быйылкыдан оор жыл эми эч качан келбейт!

* * * * * * *

– Саламатсызбы! Дүкөнүңөр ачылаар замат бул керексиз товарды кайра алып келдим, өткөрүп алып, акчамды кайтаргыла!

– Опе-ей, бул балатыны сиз 31-декабрда эртең менен сүйүнүп алып кетпедиңиз беле? Бүгүн 5-январдын жүзү да!

– Кардар кызыкчылыктарын коргоочу мыйзамга ылайык, эгерде товар бүлүнбөгөн болсо, аны 10 күндө кайтарууга укугум бар!

* * * * * * *

– Ардактуу Аяз ата! Мен эми сиздин жок экендигиңизге акыркы он жылда дээрлик ишенип калдым. Ошондой болсо да ушул катты жазып коюуну чечтим. Атым - Шоңур. 1958-жылы туулганмын.

* * * * * * *

– Аяз Ата болуп иштеп калсам арманда болбос элем! 365 күндө бир жолу нөөмөткө туруп, анан жылы бою эс алат экен го!

* * * * * * *

Жаңы жылдык кечеде (корпоративде) чоңдорубуз “2018-жылга чөнтөгүңөр толо оптимизм менен кирип барасыңар!” деп жарыялашты эле, ишенчээк жаным “чын эле бүгүнкү кече үчүн чөнтөктөгү капчыгымдан эч нерсе кошпойт экенмин” деп сүйүнүп кетиптирмин.

* * * * * * *

– Аяз Ата! Мага конструктор оюнчугун алып бериңизчи-и!!!

– Эмнеге антип кыйкырып атасың? Шыбырасаң деле Аяз Ата угат да!..

– Ооба, ал угат ко, бирок ага суранычымды жеткирчү атакем кабинетин бекем жаап алган турбайбы, мени укпай калышы деле мүмкүн.

* * * * * * *

– Аяз Ата – өзүмдүн эле чоң атам экенин шектенип жүрөм. Атүгүл ал кебез сакал жабыштырганда деле көзү чоң атамдыкы бойдон калып атпайбы. Бир гана айран таң калганым – эмнеге ал чоочун балдарга жакшынакай оюнчуктарды, ал түгүл “Лего” оюнчугун же велосипед тартуулайт да, мага келгенде эң арзан момпосуй менен кутулат?

* * * * * * *

Баары-жоктун баарын билген караколдук балакай атасынан сурайт дейт:

– Атаке, дүйнөдөгү кайсы чана эң кеч келет, билесизби?

– Билбейм, айтсаң, уулум?

– Ал чана – сиз мага эки жыл мурда Аяз Ата аркылуу алдырам деген чана да.

* * * * * * *

– Кыздар, Аяз Ата кээде сараңдык кылып коёт экен!

– Кантип билдиң?

– Жакшы эле оюнчук сурасам, апам эки жыл мурда кампадагы эски сандыкка салып койгон куурчакты балатынын астына таштап кетиптир!

* * * * * * *

– Эмне үчүн Жаңы Жылды саат 24:00кө чейин уктабай отуруп тостуңар?

– Чын эле Жаңы Жылдын жаңы көз ирмемин шаттана тоскум келди, - деди оптимист.

– Ушул эски жыл кайра калып калбаса экен деп текшерүү үчүн күтүп отурдум, - деп пессимист жооп кайырды.

* * * * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG