Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Казак президенти Н.Назарбаев айткан жаңы жылдык азил


Жапон багбандары хризантема гүлүнүн жаңы түрүн "Нурсултан Назарбаев" деп аташты. 2016.
Жапон багбандары хризантема гүлүнүн жаңы түрүн "Нурсултан Назарбаев" деп аташты. 2016.

Пост-советтик авторитардык өкүм жүргүзгөн президенттердин айрымдары өздөрү жөнүндө азилдерди угуп тим болбостон, анекдот да айта билишет. Алардын бири – казак мамлекет башчысы Нураке аксакал.

Президент Нурсултан Назарбаев. 07.7.2016.
Президент Нурсултан Назарбаев. 07.7.2016.

2017-жылга арналган балаты кечелеринин биринде казак президенти Нурсултан Назарбаев конокторду шаңдуу күлкүгө кабылткан анекдотторду айтты.

ӨКМӨТ ЖАНА ЖАҢЫ ЖЫЛ

Биздин Өкмөтүбүз Жаңы жыл түнүн толук курамда Өкмөт үйүндө өткөрүү тууралуу чечим кылды.

Анын себеби төмөнкү ырым-жырымда: Жаңы жылды каякта тоссоң, жылы бою ошол жакта кала бересиң.

* * * * * * *

ТООК ЖЫЛЫНДАГЫ НАГЫЗ КОРОЗ

Короодо кукулуктап беш тоок, он короз жүрүптүр.

Ээсинен сурашыптыр:

- Бул кандай? Саны боюнча тескерисинче болушу керек эле да?

- Тетиги кызыл таажы корозду көрдүңбү?

- Ооба.

- Нагыз короз ошол. Калгандары – жентелмендер.

* * * * * * *

Шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=oU-yQlObspI

TT

XS
SM
MD
LG