Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Орусиялыктардын Путин тууралуу жаңы азили


Орусия президенти В.Путин тышкы иштер министри С.Лавровго анекдот айтууда. Стамбул, Түркия. 25.6.2007.
Орусия президенти В.Путин тышкы иштер министри С.Лавровго анекдот айтууда. Стамбул, Түркия. 25.6.2007.

Орусиялыктар совет доорундагы мамлекет башчысы жөнүндө саясий анекдот айтуу салтын азыр деле улантып келет. Путин мырза да көңүл чордонунда.

Бир орто мектепте тынчтык сабагына Путиндин өзү катышып, саал узагыраак убакыт сүйлөйт экен. Айрым окуучулар уйкусурай баштаганын сезип, ал суроо менен окуучуларга кайрылат экен:

- Балдар, кимдир-бирөөңөрдө мага карата суроо барбы?

Тайманбас атка конгон Петя Иванов ордунан шарт турат да, суроосун узатат:

- Менин Сизге үч эле суроом бар: 1) Литвиненкону ким өлтүрдү? 2) Эмне үчүн өлкөбүздүн калкы өтө жакыр? 3) Эмне үчүн өлкөбүздө адам укуктары улам-улам бузулуп жатат?

Путин жарга такалгандай сезет, бирок капысынан коңгуроо кагылып, окуучулар танаписке чыгат.

Танапистен соң Путин кайра окуучуларга кайрылат:

- Мага суроо бергиси келгендер болсо, эч тартынбай мүмкүнчүлүгүңөрдөн пайдалангыла, балдар!

Ордунан турган Вовочка:

- Менин Сизге беш эле суроом бар: 1) Литвиненкону чын эле ким өлтүрдү эле? 2) Эмне үчүн өлкөбүздүн калкы итке минип калды? 3) Эмне үчүн өлкөбүздө адам укуктары тынымсыз бузулуп жатат? 4) Эмне үчүн танапис 20 мүнөткө эрте жарыяланып калды? 5) Досум Петяны каякка алып кетишти?

XS
SM
MD
LG