Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:12

Эсиңдеби, баягы Кышкы сарайды алганыбыз? Жүз жыл мурдагы ыңкылаптар жөнүндө азилдер


- Неге Орусия бийликтери борборду Питерге кайра көчүргүсү келбейт? - Анткени ал жакта дагы эле «Аврора» аңдып турат.

Орусиялыктар мындан бир кылым мурдагы ыңкылаптар тууралуу азилдерди “тонналап” чыгарышкан. Алардын “бир кочушка толоор” бөлүгүн которуп сунуштайбыз.

* * * * *

Өктөбүр ыңкылабы маалында Кышкы сарайга жакыныраак үйдөгү бир ак сөөк айым үй кызматкеринен сураптыр:

‑ Чырагым, көчөгө чыгып карап келчи, эмнеге эле атышуу болуп жатат?

Үй кызматкери кайра келип баяндаптыр:

‑ Сыртта ыңкылап болуп жатыптыр, ошон үчүн атышуулар болуп жаткан экен.

‑ Ыңкылапка чыккандар эмне каалашат экен?

‑ Алар мындан ары байлар болбосун деп каалап атышат.

‑ Өтө таң калычтуу. Менин чоң атам башка декабристтер менен Сенатка көтөрүлүшкө чыкканда, тескерисинче, мындан ары өлкөдө жакырлар болбосун деп тилек кылышты эле...

* * * * *

Узак жашаган чоң эне менен бир журналист маек курмак болот. Ал суроосун баштайт:

‑ Чоң эне, мына 167 жашка чыгыптырсыз, өзүңүздү кантип жакшы кармадыңыз? Акылыңыз тунук экен го?

‑ Тээ Өктөбүр ыңкылабы жеңгенден кийин…

‑ Чоң эне, андан көрө декабрист замандаштарыңыз тууралуу айтып берсеңиз!

‑ Тээ Өктөбүр ыңкылабы жеңгенден кийин…

‑ Же болбосо, жаш чагыңызда Пушкинди канчалык билчүсүз, ошону айтсаңыз?!

‑ Тээ Өктөбүр ыңкылабы жеңгенден кийин өлкөдө ушунчалык баш-аламандык, тополоң болуп, анын айынан менин туулган маалыма чаташып 100 жыл кошуп салышкан тура!

* * * * * *

Театрда өмүр бою иштеп келген питердик өнөрпоз чоң энеге “элдик өнөрпоз” наамын берүү үчүн аны тизменин жогорку жагына чыгаруунун амалын издешет да, болшевиктер партиясына мүчөлүккө өтүүнү сунушташат. Партияга мүчөлүккө кабыл алуу маалында чоң энеден “коммунизм” деп эмнени түшүнөөрүн сурашат.

— Толгон токой тамак-аш болот, товарлар да көп болот, чет өлкөлөргө да каалашыңча чыгып турасың. Айтор, падышалык доордогудай бакыбаттык кайтып келет!

* * * * *

Эки эски болшевик баштан өткөргөнүн эскерип жатыптыр:

‑ Вася, эсиңдеби, баягы Кышкы сарайды алганыбыз?..

‑ О-го, ошондо бизди шайтан азгырып кеткендей болгон тура! – дептир ГУЛагдан жаңы кайткан маектеши.

* * * * * *

Бир шаардык тургундан сурап калышыптыр:

— Өктөбүр ыңкылабы карапайым элге эмне берди?

— Мурда урматтуу таксырлар дүкөнгө чоң эшиктен салтанаттуу түрдө кирчү, жөнөкөй кишилер корунуп көмүскө эшиктен киришчү. Эми болсо жөнөкөй кишилер чоң эшиктен ээн-эркин кирип калышты, а таксырлар болсо жакшы товарларды колтукка жашырып, көмүскө эшик аркылуу корунуп чыгышчу болду.

* * * * * * * *

Бир питердик жумушчу көчөдө келе жатып, ачуусуна чыдабастан кыйкырып-кыйкырып алыптыр:

— Мителер! Акмактар! Жер менен жексен болгурлар!

Көчө кыдырып келе жаткан чекисттер аны дароо кармап, кимге ачуусу келип жатканын ачыктоосун талап кылышат.

— Албетте, Романовдордун падышалык сулалесин сөгүп жатам! Үч жүз жыл бою бизди эзишиптир, бирок жок дегенде 50 жылга жеткендей азык-түлүк топтоп койгонго жарашпаптыр, мителер!

* * * * * *

1960-жылдары паркта отурган бир карыяга бирөө келип кучактап калыптыр:

— Кандайсың досум? Баягында Кышкы сарайды чогуу албадык беле, эсиңдеби?

— Кышкы сарайды алууга катышканым чын. Бирок мени кантип тааныдың?

— Ошондогу шинелиңден!..

* * * * *

— Никита Сергеевич Хрущев кызматтан кеткиче эмне ишти жасоого үлгүрбөй калды экен?

— Өлгөндөн кийин болсо да падыша Николай Экинчиге сыйлык ыйгарууга жетишпеди... Эмнеге дейсизби? Орусияда революциялык кырдаал жаратып бергендиги үчүн!..

* * * * *

Ленинградда Эрмитаждын жанында Өктөбүр ыңкылабы тууралуу көркөм тасма тартылып жаткан экен. Болшевиктердин ролун аткаргандар улам жүткүнүп чабуулун күчөтсө, Кышкы сарайды кайтарган юнкерлердин ролун аткаруучулар такаат кыла аткылашып, акырындап чегинип калат.

— Айланайындар! Акыркы огуңар калгыча атыша көргүлө, айланайындар! — деп жардана карагандардын арасынан бирөө “юнкерлерге” жан тарта кыйкырыптыр.

* * * * * *

1917-ж. марты. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!”
1917-ж. марты. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!”

Швейцария. Цюрих. 1917-жылдын марты. Надежда Константиновна Крупская күйөөсүн ойготууга аракеттенет:

— Володя, турчу! Орусияда ыңкылап болуптур деп жазып атышат!

— Уйкуну бузбачы! Бул – биринчиси эле... Меники – мындан кийинкиси, - дептир күйөөсү.

* * * * * *

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG