Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Сирияда орусиялык жалданма аскерлер өлдүбү?


Президенттер Путин жана Асад Сириянын Хмеймим аскер базасында жолукканда. 11-декабрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Асад Сириянын Хмеймим аскер базасында жолукканда. 11-декабрь, 2017-жыл.

Сирияда АКШнын абадан урган соккусунан орусиялыктар мерт болгону тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда. АКШнын коргоо министри абадан урулган соккулардан улам орусиялыктар өлгөнү тууралуу кабары жок экенин билдирди. Кремл чет элдик жана жергиликтүү медианын "бир жума мурун АКШнын соккуларынан орусиялык жалданма аскерлер жок кылынган" деген кабарларын ырастаган жок. Бирок Сирияда армияга тиешеси жок орусиялыктар жүрүшү мүмкүн экенин төгүндөбөдү.

Дейр эз-Зор аймагында 7-февралда абадан урулган соккулардан америкалык кеңешчилер жана мурда Сириянын оппозициячыл күчтөрү жайгашкан базага кол салган өкмөтчүл аскерлер бутага алынып, анда чабуул койгондордун жүзгө жакыны мерт болгонун АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон өткөн аптада эле жарыялаган.

Пентагондун маалыматы боюнча анда аба соккуларына себеп болгон, координацияланган кол салууга 500дөй киши катышкан.

“Ассошейтед Пресс” агенттиги америкалык аскер өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазганына караганда, 7-февралда Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зордо жерден чабуул койгондорго танктардан, артиллериядан, миномёттордон жана ракета менен колдоо көргөзүлүп, ал эми АКШнын ага жооп катары үч сааттан ашуун созулган аба соккусуна F-15E, B-52 учактары, "Apache" тик учактары тартылган.

Бирок АКШ тарап ошол аба соккуларынын учурунда жок кылынганы кабарланган 100дөй киши ким экенин тактоодон баш тарткан болчу.

Коргоо министри Жим Меттис да 13-февралда кабарчылар менен маектешип жатып, АКШнын Сириядагы аба соккусунан орусиялык жалданма аскерлер тобу мерт болгону тууралуу маалыматы жоктугун белгиледи.

- Бул жөнүндө азыр басма сөз кабарлап жатат. "Өлгөндөрдүн арасында орусиялыктар, орусиялык эмес аскерлер, орусиялык контрактчылар бар" деген маалымат менде жок. Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Борбордук командачылыкта же Пентагондо биз мындай маалымат алган жокпуз, - деди ал.

Жим Меттис.
Жим Меттис.

"Bloomberg" агенттиги менен “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, АКШнын бир жума мурунку аба соккуларынан 200дөй адам өлгөн, алардын көпчүлүгү орусиялыктар.

"Bloomberg" мындай маалыматты орусиялык үч маалымат булагынан алган. Ал эми “Нью-Йорк Таймс” сириялык аскер адамынын айтканына таянып, өлгөндөрдүн ичинен 100 киши орусиялыктар экенин жазат. ​"Bloomberg" америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып, аба соккусунан жарадар болгондор 200дөн 300 кишиге чейин жетерин кошумчалайт.

Москвада чыгуучу “Новая газета” абадан урулган соккуда мерт болгон орусиялыктардын санын 13 киши, “Коммерсант” басылмасы 11 киши деп көргөзгөн. Алар орусиялык “Вагнердин жеке аскер компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген топто кызмат өтөгөндөр. “Коммерсанттын” маектеши бул отрядда 600гө чейин жалданма аскер болгонун айтат.

Кремл да Сирияда "АКШнын абадан урган соккусунан улам орусиялык жалданма аскерлер өлдү" деген маалыматтарды ырастаган жок. Бирок бул өлкөдө армияга тиешеси жок орусиялыктар болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбады.

- Силер билгендей биз Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Сирия армиясын колдоо боюнча операцияларга катышып жаткан офицерлери тууралуу маалыматтарды гана колдонобуз. "Сирияда болушу мүмкүн" деген башка орусиялыктар тууралуу маалымат жок, - деди президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 13-февралда.

14-февралда болсо Песков Кремлде бүтүм чыгаргыдай “деталдуу маалымат жок” экенин билдирип, Сирияда орусиялык жарандар болушу мүмкүн экенине, алардын "Орусиянын куралдуу күчтөрү менен байланышы жоктугуна" токтолду.

Сириядагы орус аскерлери.
Сириядагы орус аскерлери.

Ал арада Орусиянын Сирия менен Украинадагы согуштук аракеттерине көз салган, Москадагы “Conflict Intelligence Team” иликтөө уюму АКШнын Сириядагы аба соккусунда мерт болду деген сегиз орусиялыктын ысымын 12-14-февралда ачыка чыгарды. Бул топ да Сириядагы орусиялык жалданмалар “Вагнердин жеке аскердик компаниясында” (ЧВК Вагнера) кызмат өтөгөндөр экенин бышыктайт.

Ал эми Свердлов облусунун тургуну Светлана Матвеева “Азаттыктын” “Настоящее время” телеканалы менен 13-февралдагы маегинде күйөөсү Сирияга былтыр күзүндө кетип, азыр эми анын ошол жакта каза тапканы тууралуу бейрасмий кабар келгенин ыйлап айтып берди:

- Биринчиден, менин күйөөм тууралуу баары билишин каалайт элем. Менин күйөөм эле эмес, ал жакка жөнөтүлгөн бардык жигиттер тууралуу эл билиши керек. Аларды эмне үчүн жиберишкен?

Сирияда набыт кеткен орусиялык жарандын жубайынын маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Орусиянын бийлиги Сириядагы жоготуулары менен аскердик чыгымдарын, аскерлеринин санын жашыруун кармоого аракеттенет.

Өткөн аптада Воронеж шаарында Сирияда мерт болгон орус учкучу Роман Филипов акыркы сапарга узатылган. Анын учагын козголоңчулар 3-февралда атып түшүргөн.

Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы расмий маалымат боюнча 2015-жылдын күзүндө башталган. Былтыр декабрда болсо президент Путин ал жактагы аскерлер менен техниканын басымдуу бөлүгү чыгарыларын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG