Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Орусияда он бешинчи "вагнерчи" көмүлдү


Сирияда өлгөн орусиялык жаран тууралуу эскерүү.
Сирияда өлгөн орусиялык жаран тууралуу эскерүү.

Сирияга «Вагнердин жеке аскер компаниясы» аркылуу жалданып барып, кагылышууда мерт болгон орус согушкерлери ар кандай булактарда ондоп-жүздөп саналууда. Башында расмий Москва жарандарынын курман болгонун моюнга албай койгон.

Кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө "Сирияда жакында болгон кагылышууда Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин ондогон жарандары жарадар болгон, каза тапкандар да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес" деп айтылат.

«Ховрино» казак бирикмесинин атаманы Евгений Шабаев «Вагнер жеке аскер компаниясынын» жарадар болгон согушкерлери менен жолуккан. Ал «Азаттыктын» орус кызматына кагылышуу, согушкерлердин азыркы акыбалы жана согушкерлер Донбасстан Сирияга кантип кетип жатканы тууралуу кеп салган.

Жириновский "300 киши", Виктор Алкснис "334 киши каза болду" деп жатышат. Мен бул чындыкка жакын деп ойлойм.

- Жарадар болуп кайткан досум менен Химки ооруканасынан көрүштүм. Ал «Вагнердин жеке аскер компаниясынын» бешинчи жана экинчи бөлүмү абадан аткылоого кабылганын айтты. 550 киши чөлдө түн ичинде аткыланса, көбү соо калбайт. Ал эки жүздөй адам тирүү калганын, калгандары эмне болгонун билбей тургандыгын айтты. «Вагнердин» согушкерлерди алып чыгып кеткенге учагы болгон эмес. Жириновский "300 киши", Виктор Алкснис "334 киши каза болду" деп жатышат. Мен бул чындыкка жакын деп ойлойм. Менин маалыматым боюнча өткөн жумада ал аткылоодон каза болгон 15-согушкер көмүлдү.

Шабаевдин айтымында 7-февралдын түнүндө жарадар жана каза болгон жоочулар 11-февралдан кийин Орусияга жеткириле баштаган. Учурда алар Орусиянын ооруканаларында.

Орусияда жеке аскердик компаниялардын иши мыйзамсыз. Андыктан Сириядагы кагылышууларда жарадар болгон орусиялык согушкерлердин аттары ачыкка чыкса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошого карабай жалданып согуштук аймактарга барып жаткан орусиялыктар жөнүндө Шабаев төмөнкүлөрдү айтат:

Америкада жеке аскер компаниясынын согушкерин өкмөт коргойт. Бизде болсо алардын эч кандай укугу жок.

- Алардын бул жакта жашоосу жок, иши жок, социалдык жана экономикалык жактан камсыздалган эмес. Алар Евгений Пригодиндин мунай түтүгүн коргоо кызматына жалданып барышкан. Аларга бөтөн жерди басып алууга буйрук берилген. Ал жерди болсо башка күчтүү жеке компания коргочу экен. Америкада жеке аскер компаниясынын согушкерин өкмөт коргойт. Бизде болсо алардын эч кандай укугу жок. Согуш ардагерлери бизде айына социалдык жөлөкпул катары 1 миң рубль алышат. Аларга батир каралган эмес. Биз бул боюнча алты жылдан бери орус өкмөтү менен соттошуп келебиз. Баарыбыз акча үчүн иштеп жатабыз. Балдар жумуш таппаганы үчүн жалданып согушкер болуп жатышат.

Шабаев жеке аскер компанияларынын келишиминде жарадар болгон согушкерге 1 миллион рубль, ал эми каза болгондор үчүн 2 миллион рубль каражат көрсөтүлгөнүн белгилейт. Бирок бул келишимдер Орусияда мыйзамдуу күчкө ээ болбогондуктан, акча каза болгон согушкерлердин туугандарына жетпей калган учурлар кездешет.

Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы 2015-жылдын күзүндө башталган. Былтыр декабрда президент Владимир Путин ал жактагы аскерлер менен техниканын басымдуу бөлүгү чыгарыларын жарыялаган. Ал эми Сириядагы жоготуулары менен аскердик чыгымдарын, аскерлеринин санын Кремл жашыруун кармоого аракеттенет.

Сириядагы орус жоочуларынын сүрөттөрү.
Сириядагы орус жоочуларынын сүрөттөрү.

Бул тууралуу Шабаев «Орусия Сирияга кирбеши керек эле» деген ойдо.

- Биз ал жакка кирбешибиз керек эле. Эми бул кырдаалдан кантип чыгыш керек, мен аны айта албайм. Ар бир кадам тескери таасир этет. Бир чети, алар улуттук кызыкчылыкты ойлобойт, алар мунай казып жаткан жерлерди коргоп калууга умтулат.

8-февралда Кошмо Штаттар Сириядагы өнөктөштөрүн коргош үчүн президент Башар Асадды жактаган жоочуларга абадан жана жерден сокку урганын кабарлаган. Расмий өкүлдөр ырастагандай, шаршембинин кечинде Сириянын чыгыш тарабында 500дөй жоочу "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" базасына чабуул койгон. Дейр-ез-Зор провинциясындагы бул окуяда Асаддын бийлигине каршы турган "Сирия демократиялык күчтөрүн" америкалык аскердик кеңешчилер коштоп жүрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG