Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:17

Минскидеги Москвага каршы жүрүш


Беларустун баш калаасындагы жүрүш. 8-декабрь, 2019-жыл.

Беларустун баш калаасы Минскиде Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциясы жекшемби күнү да уланды. Андан бир күн мурда да Беларустун президенти Александр Лукашенко менен орус президенти Владимир Путин Сочиде жолугуп жаткан маалда Минскиде жоон топ эл «Эгемендик!» деп ураан чакырып турган эле.

Жекшемби күнү таң эрте Орусия менен интеграцияга каршылык билдирген жүздөгөн кишилер Минск шаарынын Октябрь аянтына чогулуп, андан соң Орусиянын элчилигине чейин жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулар акцияга 600дөй киши катышканын билдирди.

Чогулгандар оппозициянын символуна айланган Беларус Республикасынын ак жана кызыл түстөгү желегин жана «Интеграцияга жол жок!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, «Эгемендик!», «Беларус, көп жаша!» деп ураан чакырып жатышты.

Адатта митингчилерди камакка алганга көнүп бүткөн полиция бир күн мурдагы акциядай эле жекшембидеги жүрүшкө да кийлигишкен жок. Беларустун Орусия менен жакындашуусуна каршы 7-декабрда өткөн акцияга жекшембидегиден көбүрөөк киши келген. Алардын арасында орус президенти Владимир Путиндин сүрөтүн айрыгандары да болгон эле.

- Биздин өз өлкөбүз бар. Эл эгемендик үчүн 300 жыл күрөшкөн. Эми аны бир дем менен мунай жана газ үчүн сатып жиберүү - жеткен пастык, - деп билдирген акциянын катышуучуларынын бири.

Ишембидеги акция Орусия менен Беларустун бир союздук мамлекет түзүү боюнча келишиминин 20 жылдыгына карата эки өлкөнүн лидери Сочиде жолуккан учурда өттү. 1999-жылы 8-декабрда эки өлкө орток союздук мамлекет түзүү жөнүндө кол койгон келишимге ылайык, орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлүшү керек эле. Бул келишим толук ишке ашпаса да, акыркы убакта орус бийлиги Беларус менен интеграция маселесин утур-утур көтөрүп келет. Беларус президенти Лукашенко Сочиге келерден бир нече күн мурда өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын баса белгилеген.

- Беларус эч качан башка мамлекеттин, ал түгүл бир тууган Орусиянын да курамына кирбейт жана кирүүнү көздөгөн эмес, - деген Лукашенко.

Ал 7-декабрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен кездешип, сүйлөшүүлөрдү баштаарда эки өлкө ортосунда «бирдей шарт» болушу керек экенин айтты:

- Биз эч нерсе сураган жокпуз. Биз илгери эле макулдашканбыз. Биздин келишимди өнүктүрүү менен жарандар жана чарба субъектилери турмуш-тиричиликте жана иште бирдей шартка ээ болушу керек. Бирдей шарт - башка эч нерсенин кереги жок. Биз арзан газ же арзан мунай сурабайбыз. Эгер биздин ишкана 200 долларга сатып алып жатса, [Орусиядагы] атаандаш компанияларга да ошондой баа коюлушу керек, - деп билдирген Лукашенко сүйлөшүүнүн алдында.

Орус президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко Сочиде чогуу тамактанып жаткан учур, Сочи. 7-декабрь, 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко Сочиде чогуу тамактанып жаткан учур, Сочи. 7-декабрь, 2019-жыл.

Сочидеги сүйлөшүү беш саатка созулуп, эки тарап кандайдыр бир чечим кабыл алынганын жарыялаган жок. Бир күндөн кийин эки өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары Беларустун Москвадагы элчиси Владимир Семашкого шилтеме кылып, бул жолугушууда баш-аягы экономика, энергетика жана армия сыяктуу бир нече тармактардагы 31 «жол картасы» талкууланганын, анын 8и боюнча мунаса табылбаганын кабарлашты.

Беларус Советтер Союзу ыдырагандан бери мамлекеттин чектөөлөрүнөн бошоно албай келе жаткан экономикасын кармап туруi үчүн Москванын арзан мунайы менен субсидияларына муктаж.

Кезинде Батышта «Европанын акыркы диктатору» атыккан Александр Лукашенко Минск менен Москванын ортосунда кандайдыр бир аралыкты сактоого аракет кылып келет. Ал Беларус мүчө болгон жана Москва үстөмдүк кылганы сз болуп келаткан Евразия Экономикалык Биримдигин (ЕАЭБ) да утур-утур сындап, уюмдагы чектөөлөр боюнча Орусияга доомарт артып жүрөт.

Беларус Кыргызстан сыяктуу ЕАЭБден сырткары Орусиянын таасири күч дагы бир аймактык бирикменин - Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун да курамында.

Москва 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялагандан бери Орусиянын коңшуларында Кремлдин ниети тууралуу түкшүмөл суроолор жаралып келет. Москва Крым мыйзам чегинде, референдум жолу менен Орусияга кошулганын бир нече жолу билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG