Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Лукашенко: Беларус Орусия менен бирдиктүү парламент түзбөйт


Беларустун президенти Александр Лукашенко. 5-декабрь, 2019-жыл. Минск.
Беларустун президенти Александр Лукашенко. 5-декабрь, 2019-жыл. Минск.

“Беларус эч качан башка мамлекеттин, атүгүл бир тууган Орусиянын да курамына кирбейт жана кирүүнү көздөгөн эмес”,-деди президент Александр Лукашенко 5-декабрда парламенттин депутаттары менен жолугушууда. Ал ошондой эле Орусия менен Беларус мунай боюнча бир катар маанилүү суроолорду чечише электигин белгиледи. Лукашенко кошумчалагандай, эки өлкө эч качан бирдиктүү парламент түзүү тууралуу сүйлөшкөн эмес.

Мындай билдирүүлөрдү ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусун утурлай жасады. Эки лидер 7-декабрда Сочиде жолугушаары күтүлүп жатат. Маалымат каражаттары ал кездешүүдө эки мамлекет ортосундагы интеграция тууралуу программа бекитилерин жазышкан.

XS
SM
MD
LG