Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Лукашенко «эл суранса» эмки шайлоого барат


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус президенти Александр Лукашенко эмдиги жылдагы президенттик шайлоого катышарын бышыктады.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо добуш бергени келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал ошондой эле Орусияны «беларус экономикасын муунтуп жатат» деп айыптады.

Александр Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эмки шайлоодо анын президент болор-болбосун «эл чечерин» айтты. Бул кызматка колдору «көгөргүчө» жармашпаганга убада берди:

Ишенип койгула, бул өтө деле жумшак кресло эмес.


- Мен келерки шайлоодо талапкерлигимди коём. Эгер силердин буга караманча каршы экениңерди сезсем, мен албетте, сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот. Мен колдорум көгөргүчө бул креслону мыкчып отура бербейм деп убада берем. Ишенип койгула, бул өтө деле жумшак кресло эмес.

Лукашенко ошондой эле эмки президенттик шайлоого чейин өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртпөй турганын белгиледи. Ушул жылдын апрель айында ал Конституцияга өзгөртүү киргизип, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин күчтөндүрүп, шайлоо системасын өзгөртүш керек экенин айтып чыккан болчу.

Беларуста келерки президенттик шайлоо эмдиги жылы жайында өтөт. Александр Лукашенко эгер «эл суранса» 2025-жылдагы президенттик шайлоого да катышарын, жетинчи кызматтык мөөнөткө баргысы келерин кыйытты.

Беларуста парламенттик шайлоо негизи келерки жылы өтмөк, бирок кийинки жылга президенттик шайлоо да белгиленгендиктен Лукашенко парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү чечкен.

Бир катар эл аралык байкоочулар, жергиликтүү оппозициячыл саясатчылар Беларустагы буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоолор таза эмес, бир катар мыйзам бузуу менен өткөнүн белгилешкен. Лукашенко болсо мындай дооматтардын баарын четке кагып жүрөт.

Александр Лукашенко Минск менен Москванын алака-катышына байланыштуу суроолорго да жооп берди. Ал соода-сатыкка байланыштуу маселелер чечилмейинче Беларус менен Орусиянын кайсы бир тармактар боюнча биригиши тууралуу документтерге кол койбой турганын эскертти.

Ошондой эле Орусия менен соода-сатыктын тартыштыгы жыл сайын тогуз миллиард долларга жетип жатканын белгилеп, орус базарларына беларус товарлары жетпей жатканына арызданды:

Бизге мындай бирикменин эмне кереги бар?


- Кайсы бир бирикмеге киргенде, абалың ай сайын, жыл сайын жакшырат деп күтөсүң да. Бизде болсо эмне болуп жатат? Бизге жыл сайын жаңы талаптарды коюп жатышат. Абалыбыз начарлап кетти. Жыйынтыгында биз экономикада жалаң жоготууга учурап жатабыз. Бизге мындай бирикменин эмне кереги бар?

65 жаштагы Александр Лукашенко 9,5 миллион эл жашаган Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келатат жана ушул тушта бешинчи кызматтык мөөнөттө отурат. Бул өлкөдө президенттик мөөнөттөгү чектөө 2004-жылдагы референдум менен жокко чыгарылган жана бул Лукашенконун каалашынча өлкө башчы болушуна жол ачкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG