Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Минск: ири курулуштагы Бакиевдин карааны


Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып кеткенден кийин, анын экинчи аялы, андан эки баласы бар экени ачыкка чыккан.
Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып кеткенден кийин, анын экинчи аялы, андан эки баласы бар экени ачыкка чыккан.

Беларустагы «Naviny.by» маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулушка Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын, тун небереси фамилиясын «Петров» деп өзгөртүп алганын иликтеп чыкты.

Буга чейин мурдагы президенттин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлү болгон, Беларуста жашап жатканы айтылган Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алганы тууралуу маалыматтар чыккан.

«Naviny.by» маалымат сайты Минск шаарындагы «Динамо» стадионунун жанында көп тармактуу «Centropol» комплексин куруп жаткан компаниянын артында Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жана анын жакындары турушу ыктымал экенин жазды. Ага ылайык, бул көп кабаттуу имарат эмдиги жылы толук курулуп бүтөт жана анда соода, көңүл ачуучу жайлар, медициналык жана балдар үчүн борборлор, ресторан, кафелер, казино жайгашмакчы.

«Naviny.by» порталынын маалыматы боюнча, курулуштагы инвестициянын көлөмү 80 миллион доллар деп бааланган жана комплексти «Гермес Констракшн» деп аталган чет өлкөлүк унитардык компания куруп жатат.

Аталган компания шаар бийлиги менен 2011-жылы инвестициялык келишим түзгөн. Бирок «Гермес Констракшндын» имараттын баштапкы максаты өзгөрдү деген жүйөсү менен курулушту бүтүрүү мөөнөтү узарган. Башында ал жерге мейманкана курулат деп айтылган.

Беларустагы Юридикалык тараптардын жана жеке ишкерлердин мамлекеттик бирдиктүү реестриндеги маалыматка ылайык, «Гермес Констракшн» компаниясынын 100 пайыз үлүшүнө Кипрдеги «D-Business Solutions Limited» деп аталган компания ээлик кылат.

Бул өлкөнүн регистри боюнча, «D-Business Solutions Limited» 2009-жылы ноябрда катталган жана - Norline Development (2,5%), «Reamare Investments Limited» (17,5%) жана «Forpaton Resource LP» (80%) деп аталган үч фирмага таандык.

«Norline Development» Доминикада оффшор компания катары катталган. «Reamare Investments Limited» болсо Кипрде экени көрсөтүлгөн.

Британиянын реестрине ылайык Шотландияда катталган.​ «Forpaton Resource LP» фирмасынын 75 пайыз үлүшү 25 жаштагы Руслан Петров аттуу беларус жаранына таандык.

«Naviny.by» сайтынын божомолу боюнча, ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин тун небереси Руслан болушу мүмкүн. Аталган сайт Курманбек Бакиев президент болуп турганда үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттө Бакиев биринчи аялы жана улуу эки баласы, келиндери жана Руслан аттуу небереси менен чогуу түшкөн.

«Naviny.by» сайтынын ырасташынча, Беларус Мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика бөлүмүнө 2010-жылы тапшырган студенттердин арасында Руслан Петров деген бала жок, бирок Бакиев Руслан Маратович аттуу студент болгон. Бирок бир жыл өтпөй эле Руслан Маратович деген студент Руслан Петров деген ат менен чыга баштаган.

Маселен, Курманбек Бакиевдин тун небересине куюп койгондой окшош Руслан Петров атуу жигиттин социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрүнө ылайык, ал экономикалык викторинага катышкан студенттердин арасында болгон жана мелдеште анын командасы утуп чыккан. Ошол эле жылы Руслан Петров дзюдо боюнча университеттик таймашта үчүнчү орунду алган.

2014-жылы Руслан Петров илимий-практикалык конференцияда стратегиялык менежмент боюнча англис тилинде баяндама жасаган. 2015-жылы дипломдук ишин дүйнөлүк рынокто беларус бренддеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө арнаган. Анын дипломдук ишине белгилүү беларус экономисти Михаил Залесский жетекчилик кылган.

«Naviny.by» Руслан Петров менен байланышууга бир канча ирээт аракет кылган, бирок ал кызматкерлери аркылуу «Динамо» стадионунун жанындагы курулушка эч кандай тиешеси жоктугун айттырган.

«Naviny.by» сайты «Centropol» долбоору менен анын атасы Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев алектенип жатканын жазды.

Беларус документтери боюнча, Курманбек Бакиевдин тун небереси башка бизнес менен алектенет. Анда Руслан Маратович Петров быйыл март айында каттоодон өткөн, өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү менен алектенген «Белхантер-Инвест» фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Руслан Петровдун бизнестеги өнөктөшү - Беларустагы Панкратион жана таймаштын аралаш түрлөрү боюнча федерациянын төрагасы, ишкер Андрей Шихлин. Ал убагында Минскидеги «Kiroff Center» бизнес-борборун курган. «Гермес Констракшн» менен «Белхантер-Инвест» компанияларынын кеңселери бири-бирине жакын жайгашкан. Ошол жерде эле Андрей Шихлиндин «Парагис» аттуу фирмасы да бар.

Буга чейин Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Асылбек Салиев шотландиялык «Altastar LP» жана «Maxforse LP» аттуу компаниялар аркылуу «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» 22,5 пайызына ээлик кылары белгилүү болгон. Бул корпорациянын директору болуп Даниил Урицкий аттуу беларус жараны болуп саналат.

Ал Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү өкмөт өкүлү, премьер-министр болгон Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандан качып кеткенден бери дээрлик дайын-дарегин билгизбей жүргөн жана убагында Казакстанга келип кеткени тууралуу маалымат чыккан.

Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Беларуста ири мамлекеттик ишкананы жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын этегинде эле чыккан. Буга байланыштуу «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясын да өткөрүшкөн.

Былтыр жайында Беларус медиасы Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адамдын сүрөттөрүн жарыялаган. Анда бул киши мурдагы жылы президент Александр Лукашенконун жардыгы менен түзүлгөн «Беларус улуттук биотехнология корпорациясын» башкара турганы, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганы маалым болгон. Ал адам ким экенин, жердигин такып сураган жергиликтүү журналисттерге «Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн» деген кабары бар экенин маалымдаганга үлгүргөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Данияр Үсөновго байланыштуу Беларустун Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлүнө нота тапшырган жана беларус бийлигин бул жагдайга мамилесин өзгөртүп, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырган.

Данияр Үсөновдун мурдагы жубайы, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты Динара Исаева өзүн Даниил Урицкий деген адам мурдагы күйөөсү экенин ырастаган. Бирок аны менен 2010-жылдан бери чогуу жашабай калышканын айтып берген.

Жакында эле апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен, ушул тушта Беларуста баш калкалап жаткан Курманбек Бакиевге байланыштуу Кыргызстанда чуу чыккан. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Курулуш айылында көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылганы белгилүү болгон. Бирок бул коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратып, Жергиликтүү Кеңештин депутаттары өз токтомун жокко чыгарганга аргасыз болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG