Ал арада социалдык тармактарда качып кеткен президенттерди актаган чакырыктар ачык эле айтыла баштады.
Айылдык кеңештин талаштуу токтому
Ноокен айылдык аймагына караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу үчүн айылдык кеңеш токтомду 2019-жылдын 8-августунда кабыл алган. Бирок Бакиевдин аты жазылган такталар көчөгө илингенине он күндөй эле болгон.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Муратов көчөнүн тургундарынын өтүнүчү менен кеңеш токтом чыгарып бергенин, мында эч кандай саясат жок экенин билдирип жатат.
- Мыйзам боюнча соттолгон адамдын атын кайсы бир жерге берүү мүмкүн эмес экен. Биз аны эске албай калыптырбыз. Болгону элдин суранычын аткардык. Анын үстүнө бизге “көчөлөргө ат бергиле” деген тапшырма келген. Ошону аткардык. Мындан эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Биз катабызды моюнубузга алабыз. Эгер коомчулукка жакпаса, анда биз элди чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ошонун негизинде элдин макулдугу менен токтомду жокко чыгарабыз. Биз эл үчүн кызмат кылалы деп келгенбиз.
Муратов бул токтомдун арты менен учурда тиешелүү мекемелерге түшүнүк кат жазып жатышканын кошумчалады. Бирок кайсы органга жазышканын так айткан жок.
Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарган деп эсептейт.
- Токтом мыйзамсыз болгонуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында кабар берилген эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт, - деди Сатыбалдиев.
Ал эми көчө башына орнотулган тактайча ушул тапта демонтаж болуп алынган.
Апрелчилердин таарынычы
Бул кабар социалдык тармактарда талкууга түшүп, айрыкча 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларынын сынына кабылды. Алар “адам өмүрү кыйылган бул окуянын 10 жылдыгынын алдында ошол кездеги бийликтин башында турган Бакиевдин баркталышы акылга сыйбайт” деп эсептешет. 7-апрелдеги окуялардын жигердүү катышуучусу Эркин Асаналиев буларды айтты:
- Издөөдө жүргөн адамдын атын көчөгө коюп койгонун түшүнө албай жатабыз. Бакиевди барктап, кадырлап жатканы таптакыр туура эмес. Анын айынан 2010-жылы канча киши өлдү эле! Алар унутулуп калабы? Эгер анчалык таза киши болсо кайра президент кылышыбыз керек. Ошол эле калбадыбы...
Ал арада коомчулукта "Бийликтин алсыздыгы качып кеткен президенттерди реабилитациялоо аракетине жол чаап берип жатабы?" деп суроо узаткандар да бар. Анткени “Бакиевдин тушунда Кыргызстан өнүгүүнүн жолуна түшкөн, азыр андай болбой жатат” деген пикирлер ачык эле жазыла баштады. Журналист Гүлжан Шерипбаева:
- Азыр экономика, социалдык тармактар артка кетти. Бакиевдин бийлигинин тушунда мунун баарында өсүш бар болчу. Азыр бул ачуу чындыкты уккубуз келбегени менен кайсы бир убакта тарых таразалап коёт.
Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кайсы бир саясатчыны колдоп чыгуу мыйзам ченемдүү көрүнүш деген пикирде.
- Кыргызстанда Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да өз тарапташтары бар. Бирок Бакиев өмүр бою соттолгон адам. Ал апрель окуясы боюнча жооп бериши керек болчу. Коомчулукта ушундай адамды актоонун аракети болуп жатканы жакшы эмес.
90го жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.
Коомдук активист Семетей Талас уулу Бакиевди элге айыпсыз кылып көрсөткөндөрдүн ишинен майнап чыкпайт деп эсептейт:
- Мындай чакырыктар боло берет. Азыр Бакиевдин тарапташтары аны күчтүү башкаруучу болгон деп жатышат. Бирок алардын аракети ишке ашпайт. Эгер ал Кыргызстанга кайтып келсе чоң чуу чыгат.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрель айында элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Сот аны экс-президент макамынан ажыраткан.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.