Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Ош: чек арада калган өзбек жарандары


"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Ошто да чет өлкөдөн келген бир канча адам обсервацияга алынды.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн администрациясынан билдиришкендей, 22-мартта Орусиядан Ошко учуп келген жарандар дароо текшерүүдөн өтүп, обсервацияга жаткырылды. Аларды милиция кайтарууга алды. Буга чейин обсервацияда жаткандар андагы шарттын начардыгын айтып, социалдык тармактар аркылуу даттанышкан.

22-мартта коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб чет өлкөдөн келген кыргызстандыктарга карата карантиндик чаралардын шарты өзгөргөнүн маалымдаган. Анда четтен келген жарандарды үч күнгө обсервацияга жаткыруу чечими кабыл алынганы, текшерүүдөн таза чыкса гана үй шартындагы карантинге жөнөтүлөрү айтылган.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев обсервациядагы абал тууралуу буларды айтты:

Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

«Аба каттамы боюнча айтсак, Москва шаарынан учактар келип жатат. 22-мартта эки учак Ошко конгон. Учуп келген жарандарды обсервацияга жаткырганбыз. Шартка байланыштуу бир учурда миңдеген адамды жаткырууга мурда биз даяр эмес болчубуз. Азыр обсервация уюштуруп, четтен келгендер ошол жерлерге жайгаштырылды. Жакшы шарт түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатат. Биринчи келгендер текшерилип, анализи таза болгондуктан бүгүн үйлөрүнө чыгарылат».

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз-өзбек чек арасы жабылганын маалымдады.

«Өзбек кошуналар менен да чек ара жабылды. Бирок жүк ташуучу машинелерге жол ачык. Ал эми жарандардын өтүүсүнө катуу тыюу салынды. Азыр кыргыз-өзбек чек арасында өтө албай тургандар бар. Алар тууралуу Өзбекстанга маалымат берилди. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, чечилсе өзбек тарап жарандарын алып кетишет».

Чек арада күткөн өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
Чек арада күткөн өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Оштогу «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрүү жайы жабылгандан кийин Кыргызстандагы өзбекстандыктар өз аймагына өтө албай калышты. 23-мартта чек арага Өзбекстандын 200дөй жараны чогулду. Алар кыргыз-өзбек чек арасы жабылганы тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин айтып жатышат.

«Мен Бишкектен келдим. Бизге чек ара жабылары тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес. Эгерде эки күн мурда маалымат берилсе жетишип келет элек. Кечинде “чек ара жабылат” деп айтып дароо жаап салышты. Акчасы барлар жетип келишти. Каражаты жоктор Бишкекте кала беришти. Бул жерде балдар, аялдар, оорулуулар, кары-картаңдар да бар. Бизди Өзбекстанга киргизбей жатат».

Ош облустук администрациясы чек арага чогулган жарандар тууралуу өзбек бийлигине кабар берилгенин, Өзбекстанга өтө албай кыргыз тарапта чек арада кармалып калгандардын маселеси кечиктирилбей чечилерин билдирди.

23-мартта кыргыз өкмөтү айрым товарлардын түрлөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди.

Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын маалыматына ылайык, 23-марттан тарта Ош шаарына да башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Бул блокпосттордо санитардык кызматкерлер дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Коронавирус: өзгөчө кырдаалдын тартиби
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00


Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова 23-мартта кечке жуук уюштурулган басма сөз жыйынында Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдан чыкканын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, COVID-19 вирусу жуккан аял жана эркек Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары.

«Ноокат районунун тургундары - аял жана эркек, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Бардык керектүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүдө», - деди Акматова.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 16 кишиге жетти. Алардын сегизи Сузак районунда, бешөө Ноокатта, бирөө Баткен районунун тургуну жана Бишкектеги обсервациялык борбордо эки адам жатат. Алардын 15и Сауд Арабиясына умрага барып келгендер жана бирөө Франциядан келген. Дүйшөмбү күнгө карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга жаткырылгандардын саны 2009 адам болду. 1710 адам үй карантининде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG