Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Дүйнөдөгү кырдаал журтташтарды кыйнады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавируска байланыштуу көп мамлекеттерде карантин киргизилип, ишканалар өз жумушчуларынын санын кыскартып же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип жатат. Мындан улам чет жактарда иштеген кыргызстандыктар да жабыркашууда.

Бириккен Араб Эмираттарындагы кыргызстандык активист Бекмурат Ымамназаровдун айтымында, бул мамлекетте жүздөгөн мекендештер ишсиз калышты.

«Кыргызстандыктардын көбү тейлөө кызматтарында, чоң соода түйүндөрүндө иштеп келишкен. Мен социалдык тармактарда Эмираттардагы кыргызстандыктардын жашоосун чагылдырган kyrgyzclub.uae деген баракчаны жүргүзөм. Ошол жакка да жумуштан кыскаргандар көп кайрылып жатышат. Алардын арасында ишке жаңы орношуп, сыноо мөөнөтүнөн өтүп жаткандар да, эки-үч жылдан бери иштеп келгендер да бар. Менин эсебимде эле эки миңдей киши ишсиз калды окшойт».

Ымамназаровдун айтымында, журтташтардын абалын Дубай менен Бишкек ортосундагы каттамдардын токтотулушу ого бетер кыйындатты. Анткени алардын айрымдары Кыргызстанга кантип кайтышарын билбей, аргалары түгөнүп турат. Көбүндө мындан ары батир акысын төлөгөнгө, тамак-ашына каражаты жок.


Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев чет жактарда ара жолдо калган үч миңдей кыргызстандык алып келинерин билдирген. Анын сөзүнө караганда Орусиядан, Дубайдан жана Индиядан Кыргызстанга келе албай жаткандарды алып келүү боюнча учак каттамдары уюштурулууда.

Каттамдарды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” авиакомпаниялары ишке ашырат. Анткен менен Эмираттардагы журтташыбыз Бекмурат Ымамназаров бул жетишсиз деп эсептейт. Анын айтымында, Дубайдан эки каттам менен кыргызстандыктарды алып кетүү каралууда. Бирок эки учакка 300-400дөй киши батарын айткан Бекмурат өкмөт колунан келишинче дагы башка чараларды көрүшү керек деген ойдо.

Бекмурат Ымамназаров жана консулдуктун кызматкерлери. Ымаманазаров жиберген сүрөт.
Бекмурат Ымамназаров жана консулдуктун кызматкерлери. Ымаманазаров жиберген сүрөт.

«Бул жакта жашаган кыргызстандыктардан тышкары эс алууга келип, колдорунда билеттери менен кете албай калган мекендештерибиз да көп. Алардын айрымдары Казакстан аркылуу келишкен. Бирок артка кайтканда Алматыдан аларды киргизбей, кайра Дубайга жөнөтүшкөн. Көбүнүн виза мөөнөтү аяктап баратат. Ал үчүн да айып төлөп калышы мүмкүн. Бул жактагы элчилик, консулдуктар колунан келген жардамын көрсөтүп жатышат. Кызматкерлер күнү-түнү тынбай иштешүүдө. Ошентсе да эки каттам жетиштүү эмес. Биринчи кезекте жардамга муктаждарды алып кетип, апрелдин башына чейин дагы калгандардын алып кетишсе туура болот деген ойдомун».

Ал эми Түндүк Кипрде ишсиз калган ондогон кыргызстандыктын тагдыры кандай болору азырынча белгисиз. Темирлан Эргешев эки жылдан бери аралдагы мейманканалардын биринде иштеп келген. Жакында эле ал иштеген отель жабылып, ишсиз калды. Аны менен кошо элүүдөн ашуун кыргызстандык азырынча эмне кыларын билбей турушат. Ал жактагы ондой мейманканада жалаң кыргыздар иштечү.

«Кыргызстанга кетели деп билеттерди алып койгонбуз. Тез эле бардык каттамдар токтоп калды. Учурда биз жашаган жатаканадан үч маал тамак берип жатышат. Ал түгөнгөндө кандай болот? Кайда кайрыларыбызды билбейбиз».

Учурда Кипр аралынын түрк тарабында жайгашкан Гирне жана Никосия шаарларында 1,5 миңге жакын кыргызстандык жаран билим алат жана мейманканаларда эмгектенет.

Ушу тапта Бириккен Араб Эмираттары менен Түндүк Кипрден тышкары Орусиядан, Египеттен жана Түркиянын Анталия шаарынан да мекендештер Кыргызстанга келе албай жатышат. Египеттегилердин көбү саякаттоо үчүн кетишкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG