Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

"Ара жолдо калып айлабыз куруп турат..."


Мигранттар жөнөткөн сүрөт.
Мигранттар жөнөткөн сүрөт.

Орусияда Кыргызстанга кайта албай ара жолдо калгандар өкмөттөн алып кетүүнү суранышууда.

Учурда Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда 120дай кыргызстандык Ошко учуп кете албай турат.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам иш сааттары кыскарып, тапканы азайып, жалпы абал кандай өзгөрүп кетерин билбей тынчсызданган мекендештер туулган жерине кайтууну чечишкен.

19-мартта түнү паспорттук көзөмөлдөн өтүп, мына учабыз деп турган кезде орусиялык «Урал аба каттамдары» компаниясы кыргыз өкмөтү эл аралык аба каттамдарын чектегенин айтып, рейс токтотулганын кабарлаган.

"Кечки 10-11де эле аэропортко келип алганбыз. Саат 2-3тө "Кыргызстан киргизбей жатыптыр" дешти. Ошондон бери ушунча адам турабыз. Иш жок, кайтканга жер да жок. Кыргызстанга кетишибиз керек эле. Жумуш берүүчүлөр кишинин санын кыскартып, иши жок калганбыз", - деди Абдышүкүр аттуу жүргүнчү.

14-15 сааттан бери аэропортто отурган жарандар Питерде убактылуу жашап, иштеп жүргөн жайларына кайтуудан баш тартууда.

"Кыргызстан кыргыз жарандарын да киргизбейт экен. Бул эмне деген шумдук?! Балдар жумушсуз. Мындай абал үч-төрт айга созулуп кетсе, эмне кылабыз?! Акыры акчасын жыйнап, авиабилеттерди 26 миңден алышкан", - деп кайрылды Сайра Эшимкулова.

20-мартка караган түнү Москванын Жуковский аэропортунда 187 кыргызстандык да ушундай кырдаалга кабылган.

Жума күнү түшкө маал Новосибирскиде 120дай жаран Бишкекке учуп кете албай жатканын кабарлашты.

"Учарга 10 мүнөт калганда токтотуп коюшту. Отуруп калдык. Чоң энелер, кош бойлуу келиндер турат. Эл жык-жыйма. Биз эмне болобуз?", - деди Айсулуу аттуу мекендеш.

Москвадагы кыргыз элчилиги менен кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү бул жарандардын маселеси каралып жатканын билдиришти.

Аэропортто калган мекендештер
Аэропортто калган мекендештер

COVID-19 деген аталышка ээ болгон коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Орусия менен Кыргызстандын ортосунда темир жол каттамы токтотулган. 14-мартта Казакстан чек арасын жапкандыктан, Орусиядан Кыргызстанга автоунаа менен кетүүгө да болбойт.

Мындай чектөөгө карабай жеңил автоунаалар менен казак чек арасынан өтүп кетүүгө аракет кылып, 17-мартта 200дөй кыргызстандык Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунда турганы кабарланган.

Оренбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулу Таалайбек Жандарбек уулу мекендештерге жалпы коопсуздук жана саламаттык үчүн кабыл алынган чараларды түшүндүрүп, элди таркатуу аракетине карабай бул кезде чек арадан өтүп кетүүгө ашыккандар көбөйүп жатканын айтты:

"Биринчи күнү кетиргендерин кетирип, кээ бирин поездге отургузганбыз. Бүгүнкү күндө 187 адам бар. "Кетпейбиз" деп жатышат. Жергиликтүү бийлик ОМОН чакырабыз дегенге чейин барышты. Адамдардын Москвага кетүүгө да, Кыргызстанга кетүүгө да шарты жок. Ошон үчүн жакынкы шаарларга алып келип, болушунча жайгаштырганга аракет кылабыз. Өткөндө жарымынан көбү таркап кетип, аз эле адам калган. Чек ара ачылат экен деп бири-бирин чакырып, туура эмес маалымат таркатып жатып, кайра көбөйүштү".

Орусияда расмий маалымат боюнча 750 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Буга кошумча орус жарандыгын алган жарым миллиондон ашуун мекендеш бар.

Эл аралык каттамдарды убактылуу чектөө тууралуу чечим 19-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында кабыл алынган. 20-марттан тарта Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтоду. Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан гана учуп-конууга уруксат берилген.

Ушу тапта Орусиядан тышкары Египет менен Араб Эмираттарынан 150дөй кыргызстандык Кыргызстанга келе албай жатат. Алардын көбү саякатоо үчүн кеткен.

Азыркы кезде республикалык штабдын маалыматы боюнча кыргыз өкмөтү Казакстандын Алматы шаарынан 160 кыргыз жаранын алып келүү менен алек.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 246 миңден ашып, анын ичинен 10 миңден ашуун киши каза болду. 88 миңден ашык киши айыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG