Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Сузакта түмөн адам түшкөн карантин


Сузак районундагы карантинге алынган айыл.
Сузак районундагы карантинге алынган айыл.

Сузакта карантинге алынган үч айылда он миңден ашык адам жашайт. Бийлик бул аймакта дезинфекциялоо ишин жүргүзүп жатат. 

Сузак акимчилигинин маалыматына караганда, курчоого алынган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 2200гө чукул кожолукта 10 436 адам жашайт. 19-марттан тартып айылга каттам токтотулуп, эч ким киргизилбей жатат. Благовещенка айылынын борборуна коюлган блок-постто Орто-Азия айылына кире албай жаткан бир нече тургундун бири буларды айтты:

«Экөөбүз тең ооруканадан түнкү күзөттөн келатабыз. Айылга өткөрбөй жатышат. Себебин сурасак «катуу карантин» дешти. «Иштеген жерден жетекчиңер иштей турганыңарды тастыктаган тизме берсин» деп жатат. Азыр эмне кылаарыбызды билбей турабыз».

«Мен 18-мартта эртең менен ишке чыгып кеткем, - деди дагы бирөө. - Анда мындай чектөө жок болчу. Азыр келсем айылга киргизбей жатат. «Качан киребиз?» десек: «Текшерүүдөн өткөндөн кийин» деп коюшту. Блок-постто бир да дарыгер жок, бизди ким текшерип өткөрөт? Мындай абал киргизген соң шарт түзүп бербейби? Беш баламды үйдө жолдошум карап жатат. Аны да бүгүн айылдан чыгарбай коюшуптур».

Жергиликтүү бийлик сүйлөшүүлөрдүн негизинде блок-постто кармалган тургундарды үйүнө коё берди жана кайра сыртка чыкпаш керек экенин эскертти. Сузак районунун акими Эрмек Омошев 19-марттан кабыл алынган жаңы тартип боюнча буларды айтты:

Эрмек Омошев.
Эрмек Омошев.

«Блок-посттор менен курчалган айылга эч ким кирип-чыкпай жатат. Оорулууларды жана кош бойлуу келиндерди машинелер менен постко чейин алып келип, ушул жерде дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат. Ал эми азык-түлүк жагынан зарыл болгон учурда айылдардагы дүкөндөргө жеткирип беребиз. Кырдаал көзөмөлдө жана тургундар түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Бүгүндөн тартып айылдар толугу менен дезинфекцияланып жатат».

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталып, буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Райондо ички иштер кызматкерлери менен катар элдик кошуундар да тартипке көзөмөл кылууда.

Благовещенка айылында уюштурулган элдик кошуундун башчысы Эсенгелди Эрмекбаев эл арасында тынчсыздануу жок экенин билдирди:

Эсенгелди Эрмекбаев.
Эсенгелди Эрмекбаев.

«Блок-постто турган орган кызматкерлерине жардам берели деп айылдан 10 адам биригип элдик кошуун уюштурдук. Элдин коопсуздугун чогуу карап жатабыз. Азык-түлүк жетиштүү деңгээлде, эл арасында тынчсыздануу жок десек болот. Бир айга чейин керектүү азык-түлүк камдалган».

Карантинге алынган Орто-Азия, Бостон айылдары Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Мирлан Калмаматов кичи ажылыкка барган жаран буга чейин туугандары үчүн чакан той өткөргөнүн айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иши жүрүп жатканын белгиледи:

Мирлан Калмаматов.
Мирлан Калмаматов.

«Бостон айылында кичи ажылыктан келген адамда коронавирус табылды. Бизде жети адам ошол рейс менен умрадан келгени аныкталды. Айрымдары менен бир топ адамдар жолугушуп, байланышта болушкан. Кээ бирлери эч ким менен жолугушкан эмес. Биз тынымсыз элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз. Тойго баргандарды аныктадык, алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Айылдагылар да карантинге алынган. Элди кооптонбоого чакырам».

Камчыбек Ташиев Сузакта карантинге алынган айылда.
Камчыбек Ташиев Сузакта карантинге алынган айылда.

Сузак районунда карантинге алынган айылдарга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев нан азыктарын, азык-түлүк жана беткап таратты. Ал блок-пост коюлган Благовещенка айылынын борборуна барып, райондук штабга жардамын өткөрүп берди.

«Жалал-Абаддагы чукул кырдаалды жана беткап тартыштыгын эске алып жардам берүүнү чечтим. Ар бир адамдын ден соолугу биз үчүн кымбат. Мындан кийин да жагдайга жараша аракеттер болот».

Бишкек шаарынан жеткирилген 20 миң беткап Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында да көчөдөгү тургундарга таратылды.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө үч адам карантинде дарыланып жатса, дагы үч киши дене табы жогору болгондуктан кармалып турат. Алардын ичинден эки кишинин коронавируска алынган анализдери таза чыкты, бирөөнүн анализи чыга элек. Ал эми коронавируска чалдыккан адамдын өзү менен умрага чогуу барып келген жубайынын анализи таза чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG