Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Коронавирус Кыргызстанга да жетти


Бишкек, 18-март, 2020-жыл.
Бишкек, 18-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Президент Сооронбай Жээнбеков калкка кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган адамдар аныкталганын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартта эртең менен өкмөттөгү чукул басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абаддын Сузак районунда үч адамдан жугуштуу илдет өткөн түнү аныкталган. Вирусту жуктурган 70, 62, 43 жаштагы үч киши Сауд Арабиясында умра сапарынан 12-мартта Кыргызстанга учуп келишкен.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», - деди министр.

Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирус жугузгандар чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00


Министрдин маалыматы боюнча, умрадан келгендер үй карантинде кармалып турган. Алардын абалына жергиликтүү дарыгер көз салып жаткан.

16-мартта алар менен байланышта болгон адамдын дене табы көтөрүлгөнү белгилүү болуп, тиешелүү тест алынып, үч адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын абалы жакшы, Жалал-Абад шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Сузакта өзгөчө кырдаал киргизилди

Бул маалымат белгилүү болору менен Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди. Райондун акими Эрмек Омошевдин айтымында, жарандык коргонуу комиссиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.

Вирус жуктуруп алган адамдар 12-мартта Сауд Арабиясынан «Air Arabia» авиакомпаниясынын учагы менен «Манас» аэропортуна учуп келген. Алар менен бирге учакта 135 адам болгон. Алардын баары обсервацияга жаткырылды.


Акыркы маалыматтар боюнча умрага баргандардын арасында өлкөнүн көпчүлүк аймактарынын тургундары болгон. Азыр ооруган адамдар менен байланышта болгондор аныкталып жатат.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаковдун маалыматында, алардын жалпы саны 2000ге чамалап калды. Алардын ичинен 300гө жакын адам ооруканага жаткырылды.

Жалал-Абад облусунан алынган расмий маалыматка караганда, облус боюнча умрага барып келгендер менен жолуккан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Президент калкка кайрылды

Түштөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылды. Анда президент өлкөдө медициналык абал көзөмөлдө экенин айтып, жарандарды тартипти бекем сактоого чакырды:

«Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылаш керек экенин билишет. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу азайтуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу дарыгерге кайрылыш керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуу зарыл. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду», - деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент өлкөдө азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын камылгасы жетиштүү экенин кошумчалап, кооптонууга себеп жок экенин айтты.

«Айрымдары той беришкен»...

Анткен менен оору аныкталган адамдар эмне себептен дароо көзөмөлгө алынган эмес деген суроо жаралды.

Бул боюнча парламентте депутат Алиярбек Абжалиев жалпы жыйында коронавирустун алдын-алууда тоготпогон мамиле болуп жатканын билдирип, мындай мамиле жугуштуу илдеттин жайылып кетишине шарт түзөрүн белгиледи:

«Менин жакын таанышым умрага барып, 12-мартта келген. Азыр телефондон сүйлөшсөм «12-мартта келип, үйүмө барып, бүт баары келип, сүйлөшүп, учурашканбыз» деди. Кечинде «Ак-Кемеге» барып жаткырышыптыр. Ошентип, баары аралашып кетти. Европада да тоготпогон мамиле кылып, бүгүн эң кооптуу аймак ошол жакта болуп жатат. Бизде дагы тоготпогондой мамиле болуп жатат. Бул боюнча жакшылап карабасак болбойт».

"Манас" аэропортундагы текшерүү
"Манас" аэропортундагы текшерүү

Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында бир нече депутат коронавируска байланышкан чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын 19-мартта угууну чечишти.

Саламаттык сактоо министрлиги Сауд Арабиясы коронавирус көп тараган өлкөлөрдүн катарына кирбеген үчүн ал жактан келгенден өз үйлөрүндө гана карантинге алынганын билдирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус табылган адамдар барган умра сапарын жергиликтүү «Ай Йылдыз», «Адал Туризм» жана «I Travel» компаниялары уюштурган.

Абалды жакындан билген адамдардын айтымында, аталган сапардан келгендердин үй карантинди сактабай, атүгүл киши чакырып, кичи ажылыкка барып келгенинин урматына той бергендер болгон.

Жакынкы күндөрү Сауд Арабиясынан дагы 300дөй кыргызстандык кайтып келери маалымдалды. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков муну кооптондуруучу нерсе катары кабалдабаш керек экенин белгиледи:

«Эртең 100 адам, бүрсүгүнү 200 адам кайтып келет. Бул кооптуу сан эмес. Эгер ошончо оорулуу адам келет десек, корксок болот. Алар оорулуулар эмес, баары биздин жарандар. Биз сөзсүз түрдө баарынан лабораториялык анализ алабыз. Албетте баарын карантинге алабыз».

Эми жугуштуу вирус өлкөдө табылган соң аны кантип жайылтпай, ооругандарды дарылоо керек деген маселе турат. Саламаттык сактоо министрлиги учурда абал көзөмөлдө экенин, бардык керектүү шарт бар экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда абалды татаалдаштырган бир нече жагдай болууда. Биринчиси - коронавирус жуктуруп алган адамдардын сапарлаштары өлкөнүн бардык аймактарына тарашкан. Экинчиден, алар өлкөгө келгенден бери бир жумага жакын убакыт өткөн. Мындай учурда жарандар өз саламаттыгына көңүл буруп, жөнөкөй эрежелер сакташы керектигин адистер айтып жатышат.

Учурда парламентте, социалдык тармактарда «Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланабы?» деген суроо талкуу жаратып жатат. Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эгер коронавирус өлкөнүн бир нече аймагында аныкталса, чукул кырдаал киргизилерин билдирген эле. Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабда бул маселе каралары кабарланган.

Кечке маал штабдын атынан маалымат берген санитардык дарыгер Төлө Исаков Кыргызстандын жалпы аймагында коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок экенин билдирди.

Чет элдиктердин Кыргызстанга киришине тыюу салынды

Ал ортодо кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

Чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөө коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

«Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан чет өлкөлүк жарандарга бардык категориядагы виза берүүнү токтотту», - деди Абдрахманов.

Буга чейин республикалык штабдын чечими менен өлкөдө бардык массалык иш-чаралар, той-топурларды өткөрүүгө толугу менен тыюу салынган. Мындан сырткары 7-апрелге чейин мектеп жана университеттер кезексиз каникул таратылган.

17-мартта Кыргызстандын дин иштер башкармалыгы өлкөдө жума намаздарды мечитте окууну токтоткон.

Азыркы маалда жер жүзүндө башкы маселеге айланган COVID-19 вирусу 190 миңге жакын адамга жукту. Бул дарттан жети миңден ашык адам каза болду. Учурда илдет бир катар мамлекеттерге тездик менен жайылып жаткандыктан чек аралар жабылып, өзгөчө кырдаал киргизилет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 33, ал эми Өзбекстанда 11 адам жуктуруп алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG