Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирус жугузгандар чыкты


Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирус жугузгандар чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. «Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», - деди министр.

XS
SM
MD
LG