Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жасалма дем алдыруучу 200 аппарат сатып бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга адамды жасалма дем алдыруучу аппараттан 200гө жакынын сатып бермей болду. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди:

«"Оорулуулар көбөйүп кетсе ошондой аппараттар керек болот" дешкенинен биз Дүйнөлүк банкка кайрылып, алар "8 миллион долларга жардам беребиз" дешти. Бул аз акча эмес. Ошондон биз "өпкөнү жасалма иштетүүчү 200гө жакын аппарат алып бергиле" деп суранып жатабыз. Алар макулдугун берди».

Исаковдун айтымында, «бүгүн-эртең келишимге кол коюлуп», аппараттар ыкчам түрдө алына баштайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өзүндө мындай 624 аппарат бар.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпы республика боюнча «өзгөчө кырдаал киргизүүгө олуттуу негиз жок», деди министрликтин өкүлү. (RK)

XS
SM
MD
LG