Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

COVID-19: чек арада калгандардын үнү


Иллюстрациялык сүрөт. «Манас» эл аралык аэропорту.
Иллюстрациялык сүрөт. «Манас» эл аралык аэропорту.

Коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр аба каттамдарын жана чек араларын жапкандыктан чет өлкөгө саякаттоо үчүн барган кыргызстандыктар келе албай жатат.

Учурда орус-казак чек арасында калган кыргыз жарандарынын да маселеси бир жаңсыл болбой турат. Өкмөт чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келүүнүн жолдору каралып жатканын, зарыл болсо чартердик каттамдар уюштуруларын билдирди.

Шергазы Калдарбеков 8-мартта туристтик виза менен Дубайга барган. Ал кайра Кыргызстанга кетиш үчүн 7-июнга учакка билет алып, бирок коронавируска байланыштуу Кыргызстанга эртерээк кайтууну чечкен. Ал барган авиакомпания каттамдарын токтоткондуктан өлкөгө келе албай жатат.

«Дубайда кырдаал курчуп бараткандыктан Кыргызстанга тезирээк кетели деп жатабыз. Себеби? Дубайда коронавирусту жуктургандар көбөйдү. Консулдук менен байланышканыбызда биз учуп келген «Флай Дубай» авиакомпаниясы менен сүйлөшүп жатышканын айтышты. Рейс уюштуруу боюнча сөздөр болуп жатыптыр. Консулдук «маселе чечилсе, кабарлайбыз» деген. Азырынча жооп боло элек. Биз билетибизди жылдырып, биринчи каттам менен кетсек деп сурандык».


Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Таиланд, Египет, Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөргө саякаттоо үчүн барган 200гө чамалуу кыргызстандык бар.

Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу алардын 139у Египетте экенин, кыргызстандык туристтерди алып келүүнүн эки жолу каралып жатканын билдирди.

«Биринчиси - жарандар кандай жол менен кетсе, ошондой жол менен алып келүүнү карап жатабыз. Алар негизи Алматы аркылуу түз каттамдар менен учушкан. Кайра эле Алматыга учуп келишсе, ал жактан учак менен же атайын автобустар менен алып келүү планы бар. Экинчиси - бул такыр эле ишке ашпаса, чартердик каттам менен алып келиш керек».

Чет өлкөгө эс алууга кеткен адамдардын көбү коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизиле электе Казакстан аркылуу учкан. Казак тарап 16-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыялап, өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салып, аба каттамдарын токтоткондон кийин Кыргызстанга өтө албай калышты. Кыргыз тарап Казакстандын өкмөтү менен сүйлөшүп, 18-мартта Индиянын борбору Делиден Казакстанга 19 кыргызстандыкты алып келди.


Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жетекчисинин орун басары Муса Көчөрбаев чет жакта жүргөн кыргызстандык туристтерди алып келүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга толуктоо киргизди.

«Бул боюнча Транспорт жана жол министрлиги менен Маалымат, маданият жана туризм министрлиги иш алып барууда. Андан тышкары туристтик компаниялар да чет өлкөгө жиберген кардарларын кантип алып келиши керектиги боюнча иштеп жатат».

ТИМ чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандары кайтууну кааласа элчиликке, консулдукка кайрылышы керектегин эскертти. Министрлик Ирандан чыга албай калган кыргызстандык айдоочулардын 22 машинеси учурда Орусиянын аймагында экенин да маалымдады. Маалыматка караганда, алар Азербайжан-Орусия-Казакстан маршруту менен мекенине кайтып келатат. 22 машиненин 14ү орус-казак чек арасына Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда келе жатат. Сегизи Казакстан менен чек арада текшерүүдөн өтүүдө.


Ушу тапта Орусия менен Казакстандын чек арасында калган кыргызстандыктардын да маселеси толук чечилбей турат. Казакстан чек арасын жапкандыктан Орусиядан бараткан кыргыз жарандары эки өлкөнүн чек арасында калган. Алардын бири Адилет Келдибек уулу:

«Бул жакта адамдар кыйналып кетишти. Балдар, аялдар бар. Биз Орусияга артка кайталы десек да болбой калды. Көбү Кыргызстанга транзиттик автоунааларды алып бараткандар. Кишилерди алып кетүүгө атайын автобустарды жөнөтсө да биз машинелерибизди талаага таштап кете албайбыз да».

Ара жолдо калгандардын дагы бири Тынчтык Акматов Орусиянын чек арачылары чек ара аймагында турууга болбой турганын айтышкандыктан, алар чек арадан 20 чакырым алыс жердеги кафеге жайгашканын айтты. Анын сөзү боюнча, орус-казак чек арасында 120дай машине менен 200гө жакын кыргыз жараны бар.

«Чек арада Өзбекстандын да жарандары, машинелери бар болчу. Өзбекстан аларды алып чыгып кетти. Кыргызстандын гана жарандары калдык. Биз айдап бараткан машинелердин 30% номуру Кыргызстандыкы, калганы транзит. Орусиядан Кыргызстанга алып бараткан машинелер», - деди Акматов.

Чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөө коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00


Ал эми Кыргызстандын Оренбург облусундагы консулу Таалайбек Жандарбек уулунун сөзү боюнча, чек арада 80ге жакын адам бар. 17-мартта чек арада тургандардын 21и акыркы поезд каттамы менен Кыргызстанга кетип, айрымдары Москвага кайткан.

«Кыргыз-казак өкмөттөр ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгон жок. Бирок кыргызстандыктар Москвага келип Кыргызстанга учуп кетишсе же 17-мартта поезд менен деле кетип калышса болмок. Чек арада тургандардын жарымы машине ташып иштегендер экен. Алар «машинебиз таштай албайбыз» деп турушат.

Түркияда иштеген кыргыздар кыйналды

Анталия аймагындагы Серик мамлекеттик ооруканасы мейманканаларга келген чет өлкөлүктөрдү коронавируска текшергендиктен оорукана карантинге жабылганын маалымдаган. Бул ооруканада кары киши карап иштеген кыргызстандык мигранттардын сыртка чыгуусуна чектөө келген. Айнагүл Абдраимова ооруканада иштеген мигранттар тышка чыга албай татаал абалга калгандарына токтолду:

«Oоруканада иштеген кыргыз кыздар сыртка чыгалы десе чыгарбай коюшуптур. Бүгүндөн баштап оорукана тыкыр текшерүүгө өтүптүр. Кыргыздар иштеген бөлүм оор абалдагы бейтаптарды карагандыктан «силер сырттан вирус алып келишиңер мүмкүн» деп эч жакка чыгарбай жатышат. Биз өзүбүздүн ден соолугузду ойлоп же сыртка чыга албай оорулуу адам менен бир бөлмөдө калдык».

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 98ге чыкты. 18-мартта Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги бир киши көз жумганын маалымдады. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылган.

Коронавирус Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын да үшүн алып, айрымдары Кыргызстанга кайтуунун амалын издеп жатат. Түркиянын Анталия шаарында эки жылдан бери иштеп жаткан Зулайка Деркембаева 24-мартка билет алганын, бирок ага чейин абал боюнча кыжаалат болуп жатканын айтты.

«Анталиядагы ишибиз жакшы эле болчу. Визабызды толугу менен жасатканбыз, бирок коронавируска байланыштуу үйгө кетели деп чечтик. Эмнеси болсо да үй-бүлөбүздүн жанына баралы. Бирок 24-мартка чейин Түркияда абал кандай болуп кетет экен деп күмөн санап турабыз».

Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок Анкарадагы элчиликтe жана Стамбулдагы башкы консулдукта 1840 гана кыргызстандык расмий катталган.

Түркияда расмий эмес туристтик виза менен иштеген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктар мындан бир топ көбөйөт.

Коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү жана коңшу мамлекеттердеги кырдаалдан улам «Манас» эл аралык аэропорту 16-мартта бир катар рейстерди токтоткон. Алардын катарында «Түштүк Корея авиалиниялары», «Флай Дубай», «Эйр Астана», «Өзбекстан аба жолдору», «Авиа Траффик Компани», «Вареш Эйрлайнс» сыяктуу тогуз компания бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG