Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Үч миңдей мекендеш үйүнө кайткысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядан кете албай калган кыргызстандыктар өкмөткө кайрылышты.

Алар аба каттамдарынын чукул токтошу менен Стамбул жана Анталия шаарларында кармалып турат.

Жарандык авиация агенттиги четте калган үч миңдей кыргызстандыкты алып келерин маалымдады.

Түркиянын Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган 70тeй кыргызстандык мекенге кайта албай турат. Алар 21-мартта кыргыз өкмөтүнө социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жөнөтүштү.

"Урматтуу өкмөт биз Түркияда эс алып жаткан Кыргызстандын жарандарыбыз. Биздин кайра кайтканга билеттерибиз бар. Бирок каттамдар токтогону үчүн ушул жакта кармалып турабыз. Баарыбызды үйдө балдарыбыз күтүп отурат. Бизди бир айла таап алып кетишиңиздерди өтүнөбүз. Мейманканада жашоо убактыбыз бүтүп баратат, жакында сыртта калышыбыз мүмкүн", - дешти Анталияга эс алганы келип, кайра кайта албай калган кыргызстандыктар.

Ал эми Түркиянын Стамбул шаарында иштеген Марат 21-мартка билет алган бирок Кыргызстанга учак болбогону үчүн ара жолдо калган. Ал Стамбулдагы Башкы консулдукка барып арыз жазганын жана колундагы акчаны үнөмдөп жашоого мажбур болгонун айтты:

"Дүйнөдө коронавирус күчөп кеткени үчүн мен деле Кыргызстанга кете берүүнү чечтим. Чукул арада биздин мекенге кайтаруу маселеси чечилбесе, көчөдө калабыз. Азыр мени менен мейманканада беш кыргыз эже жатат. Алар 21-мартта саат 12де бөлмөсүн бошотуп бериши керек. Кайда калабыз? Консулдукка чалсам, үнөмдөп жашагыла деп коюшту".

Стамбулдагы башкы консулдукка Стамбул шаарынан 66, Анталия шаарынан 69 кыргызстандык жаран уча албай калганын билдирген. Консулдук "Азаттык" радиосуна жазуу түрүндө Түркияда кармалып турган кыргызстандыктардын санын тактап, ошого жараша Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын учак болорун маалымдады. Бирок бул атайын каттам кайсыл күнү учары белгисиз.

Стамбулдагы Кыргызстан маданият жана достук коомунун катчысы Айбек Кочкоров Түркияда жүздөгөн кыргызстандык ара жолдо калганын айтты:

"15-мартта 70тей байбиче Түркияны кыдырабыз деп келишиптир. Алардын эс алуу мөөнөтү бүткөндүктөн мейманкана чыгарып салган. Кыргызстанга учак болбогондуктан Стамбул шаарында башка бир мейманкана менен сүйлөшүп, ошол жакка орноштуруп жатабыз. Мындай жагдайда Түркиянын ар түрдүү шаарларында калган кыргызстандыктардан кабар алып жатабыз".

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 21-марттагы маалымат жыйынында Орусия, Дубай жана Индиядан Кыргызстанга келе албай жаткандарды алып келүү боюнча учак каттамдары уюштуруларын айтты.

"Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын кыргыз жаранын алып чыгып кетебиз. Дагы калып калгандар болсо, кошумча каттамдарды уюштурабыз”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Түркияда короновирус жуктуруп алгандардын саны 670ге чыкты. 21-мартта Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тогуз киши өлгөнүн маалымдады. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлар, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Жергиликтүү калк COVID-19га каршы үйдө отуруп, эл көп жыйналган жерлерге барбоону үндөп жатышат.

Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок Анкарадагы элчиликтe жана Стамбулдагы башкы консулдукта 1840 гана кыргызстандык расмий катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG