Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

COVID-19: Кыргызстандагы кырдаал


Ноокат районунда карантин убагында тартылган сүрөт.
Ноокат районунда карантин убагында тартылган сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус дагы эки кишиден аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Бул күндөрү чет өлкөдө COVID-19 вирусун жугузган биринчи кыргызстандык да катталды. Ал Пакистанда даават кылып жүргөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова 23-мартта кечке жуук уюштурулган басма сөз жыйынында Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдан чыкканын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, COVID-19 вирусу жуккан аял жана эркек Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары.

«Ноокат районунун тургундары - аял жана эркек, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Бардык керектүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүдө», - деди Акматова.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 16 кишиге жетти. Алардын сегизи Сузак районунда, бешөө Ноокатта, бирөө Баткен районунун тургуну жана Бишкектеги обсервациялык борбордо эки адам жатат. Алардын 15и Сауд Арабиясына умрага барып келгендер жана бирөө Франциядан келген. Дүйшөмбү күнгө карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга жаткырылгандардын саны 2009 адам болду. 1710 адам үй карантининде.

Бир адам реанимацияга которулду

Кыргызстанда коронавирус жуккан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип реанимацияга которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова 23-мартта басма сөз жыйынында билдирди:

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

«Жалал-Абад облусунун ооруканасында жаткан 1949-жылы туулган эркек киши реанимация бөлүмүнө которулду. Анын оң жак өпкөсү сезгенип, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Дагы бир аял ошол эле ооруканада инфекция бөлүмүндө дарыланып жатат. Калган 12 адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык».

Ал арада чет өлкөдө коронавирус илдетин жугузган биринчи кыргызстандык аныкталды. Тышкы иштер министрлиги 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөнүн тактады.

Бешөө тең аталган өлкөдө консулдукта каттоого турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган жок. Оору табылган кыргызстандык Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандагы кырдаалга кайтып келсек, Ысык-Көлдө жакында Кипрден келген 29 жаштагы тургундун дене табы көтөрүлүп, обсервацияга жаткырылды.

«Ал адам Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылды. Үй-бүлөсү үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Температурасын ченегенде 37,5 болуптур. Азыркы учурда абалы жакшы. Ал Кипрде ашпозчу болуп иштеп жүрүптүр. Андан коронавируска да, сасык тумоого да анализ алынды. Дарыгерлер «сасык тумоо» деп жатышат. Азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Бейтаптар кантип дарыланууда?

Коомчулукта «COVID-19 вирусунун дабасы табыла элек болсо бейтаптар кантип дарыланып жатат?» деген суроолор байма-бай берилүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова буга мындайча жооп берди:

«Бизде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары бар. Бейтаптын ден соолугуна жараша антибиотик менен дарылоо каралган. Албетте, оорунун күчөп кетпеши үчүн препараттар колдонулууда. Ар биринин абалына карап өзүнчө дарылайбыз. Биринчи кезекте вируска каршы дары-дармектер колдонулат».

Кыргызстанда Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетерин маалымдады.

«Даярдалган вакцина менен миллиарддаган адамдар эмделет, ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбеши керек. Дүйнөдө коронавируска каршы 20дан ашык вакцина даярдалып жатат», деп жазды штаб.

Коронавирус жана каражат

Республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн. сом, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 225 млн. сом, азык-түлүк буудай сатып алууга 631 млн. сом, ун өндүргөн ишканаларга насыя берүүгө 400 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле «Айыл банк» жана РСК банк 800 млн. сом бөлдү.

Андан тышкары коронавируска каршы иштерди колдош үчүн акча топтолчу атайын эсептер ачылган. Ага чогулган каражат тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев комментарий берди:

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Финансы министрлигинде жана мамлекеттик эки банкта - «Айыл банк» жана РСК банктарында эсеп ачылган. Бул эсептерге 8 млн. 702 миң сом чогулду. Ал акчадан бир сом да коротула элек. Аны сарптоо Жогорку Кеңеш менен сөзсүз макулдашылат. Акча кайсы жумуштарга жумшалып жатканы жөнүндө биз жума сайын коомчулукка маалымат берип турабыз».

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага ылайык, негизги жолдордо санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулуп, жарандарга үйдөн чыкпай туруу сунушталды.

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жүрүшүнө чектөө киргизилип, жеке менчик маршруттук таксилердин жүргүнчү ташуусу убактылуу токтотулду. Ири соода-оюн зоок борборлору карантинге жабылды. Бирок ошол эле учурда өзгөчө абал маалында азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштей беришет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG