Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Сариев: Өкмөт элге абалды түшүндүрүшү керек


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Кыргызстан 22-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат.

Өлкөдө ооруну жайылтпоо жана өзгөчө кырдаал режими натыйжалуу болушу үчүн эмнелерге көңүл буруш керек? Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Темир мырза, 22-марттан тартып өлкөгө коронавирус инфекциясын жайылтпаш үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул режим натыйжалуу болуп, бардык эрежелер аткарылышы үчүн азыркы абалда өкмөт, бийлик эмнеге көңүл бурушу керек?

- Эң алгач өкмөт түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек. Учурда көпчүлүк өзгөчө кырдаал эмне, өзгөчө абал эмне, эмне кылса болот, кандай аракеттерге тыюу салынган деген терең маалыматы жок. Ар бир пунктун жеткирип, түшүндүрүш керек. Экинчиден ушул нерсени камсыз кылып берген мамлекеттик органдар абдан жакшы даярдыктан өтүп, маалымдуулук деңгээли жогору болушу зарыл. Үчүнчүдөн - албетте, бул катуу тартип. «Менин таанышым бар, өзгөчө документим бар, бул категорияга кирбейм» деп эрежеге баш ийбей, өзүн жогору санагандарга жол берилбеши керек. Мыйзам баарына бирдей иштегенде гана натыйжа болот.

Ошол эле кезде өкмөттүн учурдагы бирден-бир милдети - азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Турмуш баары бир токтоп калбайт. Дарыканалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн, банктардын иш тартибин жөнгө салып, көчөгө чыккан адамдар ыкчам өз ишин бүтүргүдөй болуп уюштурулушу зарыл. Калк арасында дүрбөлөң болбошу үчүн өкмөт, мамлекеттик мекемелер сааттын жебесиндей так иштечү учур келди.

- Коронавирус пандемиясы дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүндө катталып, бир катар өлкөлөр чукул кырдаал киргизип, чек араларын жаап жатат. Кыргызстан ушул жагынан башкалардан кандай сабак алышы керек?

- Дүйнөлүк практика бүгүн көп нерсени көрсөтүп жатат. Биз үчүн эң чоң сабак Италиядагы акыркы абал болушу керек. Италия сыяктуу абдан ири, лөк мамлекеттер учурда эпидемияны көзөмөлгө ала албай жатат. Аларда күн сайын 800гө чейин адам каза болуп, 5000-6000 адам жугузуп алууда. Ошондуктан дарыгерлерге өзгөчө мамиле кылышыбыз зарыл болуп турат. Алар ооруган адамдар менен байланышта болуп, жардам көрсөтүп жатат. Дарыгерлерди бардык коргонуучу жабдыктар менен толук камсыз кылып, шарт түзүш керек. Биз эмес өнүккөн өлкөлөрдө да дарыгерлердин бир сыйра кийчү халаттары, беткаптары алмаштыргандай болбосо кесепети кыйын болорун көрүп атабыз. «Силер ант бергенсиңер, аткарасыңар» десе деле алар өз милдетин аткарышат. Бирок алардын да үй-бүлөсү бар. Коопсуздугун карап, кошумча айлык төлөп, тамак-ашы жана башка зарыл шарт түзбөсөк болбойт.

- Азыркыдай оор кырдаалда жоопкерчилик маселеси маанилүү. Азыркы шартта мамлекеттик органдардын, жарандардын жоопкерчилигин арттырууга көңүл буруу зарылбы?

- Азыр кайсы бир адамдын күнөөлөп, айып издештин кереги жок. Анткени эң негизги максат - бул эпидемияны жайылтпоо болуш керек. Кудай буюрса, баарын жеңип алган соң анан кемчиликтерди, жоопкерчиликтүү адамдарды талдаганга келебиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG