Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Мигранттарга кол сунган мекендештер


Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Москвада жумушсуз калган миңдеген мигранттар диаспоранын күчү жана ыктыярчылардын жардамы менен гана күн көрүп жатышат.  

Ушу тапта Орусияда жүз миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калып, арасат абалда турган кези. Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүк чектөөлөрдөн улам мигранттардын иш сааты марттын орто ченинде эле кыйла кыскарган. Майга чейин эс алуу күндөрү жарыяланып, ири шаарларда обочолонуу режими киргизилип, коомдук жана жеке транспортто жүрүү чектелген. Мындан улам чет өлкөлүк мигранттардын 70-80 пайызы жашаган жеринен чыга албай, ишсиз отуруп калышты.

Бөтөн жерде айрыкча жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр жана күнүмдүк акча тапкан мигранттар оор күндү баштан кечирүүдө.

Адилет Омуров ыктыярчылар менен
Адилет Омуров ыктыярчылар менен

Москвадагы Адилет Омуров социалдык тармактарда убактылуу баш калкалоого жай издеп, жумуш сурагандарды көрүп, мекендештерге жардам уюштурууну чечкен. Мындан улам ишкерлер Чыңгыз Омуров жана Марат Чекенов менен биргеликте «Жардам бер» аттуу фонд түзгөн.

"Акыркы он күн ичинде 680 кишиге азык-түлүк жеткирдик. Фонддо 15 мүчөбүз бар. Ошондой эле таксиде иштеген балдар көмөктөшүп, азык-түлүк ташып жатышат. Оор акыбалда калган мекендештерге кол сунууга шартым бар деген ишкер, демөөрчүлөр бар болсо, катарыбызга кошобуз. Чындыгында аябай оор шартта калган эже-карындаштар, үй-бүлөлөр бар. Күнүнө 20дай кайрылуу түшөт".

Москвадагы кыргыз элчилигинде Мамлекеттик миграция кызматы жана ИИМдин өкүлчүлүктөрү менен биргеликте түзүлгөн ыкчам штаб 17-марттан бери иштеп жатат.

Дипломатиялык мекеменин маалыматы боюнча алгачкы күндөрү 20-30 жаран кайрылган болсо, акыркы күндөрү жардам сурагандардын саны 400-500гө чукулдады.

Элмира Эшанова
Элмира Эшанова

Москвадагы «Баткен биримдиги» коомунун жетекчиси Элмира Эшанова диаспорадагы облустук бирикмелер жана активисттер элчиликтеги ыкчам штаб менен тыгыз байланышта болуп, кыргызстандык мигранттардын маселелери ортодо каралып жатканын айтты:

"Элчилик ИИМ жана Мамлекеттик миграция кызматы менен бирге уюштурган штабга жардамга муктаждар кайрылып жатат. Ошолорго жети облустун коомдору аркылуу көмөк көрсөтүлүп жатат. Облустардын коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү ич ара акча чогултуп, ошонун эсебинде азык-түлүк алынат. Анан штабда бул жардам бөлүштүрүлүп, активисттер күндө төрт-беш автоунаа менен 10-15тен баштык тамак-аш жеткирүүдө".

Чек аралар жабылып, аба каттамдары токтотулганы үчүн Орусиянын аэропортторунда калып кеткен мигранттардын жүгү да жергиликтүү диаспоралар менен коомдук бирикмелердин моюнуна түштү.

Март айынын аягында Москванын «Шереметьево», «Жуковский», «Домодедово» аэропортторунан Кыргызстанга уча албай калган мекендештерди хостелге жайгаштырууну «Эл аралык ишкерлер ассоциациясы» колго алган.

Батирлерин өткөрүп берип, акыркы акчасына учакка билет алып коюп, ара жолдо калган мигранттар үчүн ассоциация бир жатакананы ижарага алган. Дээрлик бир айдан ашуун убакыттан бери 100дөй адамды диаспорадагы облустук жана коомдук уюмдар тамак-аш менен камсыздап келишет.

Акбар Маразыков
Акбар Маразыков

«Эл аралык ишкерлер ассоциациясы» бирикмесинин төрагасы Акбар Маразыков Орусияда эпидемиологиялык абалдын курчуп баратканын белгилеп, кыргыз өкмөтү адегенде ара жолдо калган мигранттарды алып кетиши керек деген пикирде:

"Ал убакта аэропортто калган 40-50дөй мекендешти жайгаштыруу башкы маселе болчу. Эми болсо, жумушсуз калып, батир акысын төлөй албай, тамак-ашы жок калгандар көбөйдү. Элчи Аликбек Жекшенкулов, диаспора активисттери жана облустук коомдор менен бирге аларга да азыр азык-түлүктөн жардам берип жатабыз. Бирок, карантин улана турган болсо, биздин чамабыз жетпей калат. Мисалы, азыр жатаканалардын акысы 30-апрелге чейин төлөнгөн. Андан кийин өкмөттөн жардам күтөбүз. Учурда апрель-майга миңдей киши акыркы акчасына учакка билет алып коюп отурат. Москвадагы кырдаалды жеңилдетүү үчүн ушул адамдарды алып кетүү керек. Буга кошумча батиринин акысын төлөй албай калгандарды жатаканалар менен камсыздоо зарыл. Москвага жок дегенде эки учак жөнөтүп, ара жолдо калгандарды алып кетиш керек. Кыргызстанда аларды акырындык менен обсервацияга жаткырып, карап алууга өкмөттүн кудурети жетет. Орусияда күндөн күнгө вирус менен катталгандар көбөйүп, абал курчуп баратат. Калган жарандарыбызга түшүндүрүп, токтотуп турууга мүмкүн".

Орусияда 750 миңдей кыргызстандык эмгек миграциясында жүргөн болсо, жарымынан көбү Москва шаары менен облусун байырлашкан. Чек аралар жабылып, темир жол жана аба каттамдары токтой баштаган кезде 10 миңдей жаран гана Кыргызстанга учуп кетүүгө жетишкен.

Дээрлик бир айдан бери Новосибирскидеги «Толмачево» аэропортунда калып кеткен 130дай, Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунан Казакстанга кире албай калып, азыр Соль-Илецк шаарында убактылуу баш калкалап жаткан 150дөй кыргызстандыктын маселеси чечилбей келет.

Кубанычбек Осмонбеков
Кубанычбек Осмонбеков

Ал эми Москвада өткөрмө режим киргизилип, күч органдарынын иши күчөтүлгөндөн бери чет өлкөлүк жарандар үчүн көчөгө чыгуу да көйгөйлүү болуп калганын жеке ишкер Кубанычбек Осмонбеков белгиледи.

Ал азыр азык-түлүктү мекендештерге автоунаасы менен өзү ташып жүрөт.

"Бул жумада Aikol FC Лигасы жана «Ысык Көл» коому менен биргеликте 70тен ашуун үй-бүлөгө бир жумалык азык-түлүгүн даярдап бердик. Балалуу энелерге биринче кезекте жардам берип жатабыз. Көбү социалдык тармактардан эле биздин ишибизди көрүп, кайрылып жатат. Эркек кишилер деле оор абалда калышты. Жумуш орундары кыскарып, Москвада өткөрмө режими киргендиктен, эшикке да чыга албай отурушат. Баш калкалоочу жай сурагандар көп. Азырынча азык-түлүк менен эле жардам берип жатабыз. Жеке өзүм күндө ондой адамга жардам жеткирип жатам. Мындай кыйын кезеңде бири-бирибизге каралашпасак болбойт. Мен Орусия бул дүйнөлүк апааттан тез эле чыгат деп ишенем. Бул өлкөнүн резервдери бар. Өндүрүш тез эле жанданып, жумуш орундары кайрадан эле пайда болот деген үмүттөмүн. Башкысы, биз азыр бир муштумга биригип, бири-бирибизге тирек болуп, кырдаалды жеңип кетишибиз шарт".

15-апрелден тарта жеке автоунаада же коомдук транспортто жүргөн москвалыктардан мэриянын сайтынан алына турган өткөрмө кагаз талап кылынып жатат. Азык-түлүк, дары-дармек же итин сейилдетүүгө чыккан шаардыктар үйүнөн 100 метрден алыс кетпеши керек. Буга кошумча миграциялык документтерди текшерүү күчөтүлгөн.​

Учурда Москвадагы диаспорадагы жети облустук коомдон тышкары мигранттардын түйшүгүн көтөргөндөрдүн бири - жаштардын «Жаңылан» эл аралык уюму. Жаңы түптөлүп келаткан уюмдун чет өлкөлөрдө 200дөй мүчөсү бар. Анын негиздөөчүсү Кубанычбек Алибеков жеке демилгелер менен колдон келишинче жардам берилип жатканын айтты:

Кубанычбек Алибеков
Кубанычбек Алибеков

"Жаштардын башын бириктирип, социалдык, спорт жана билим берүү тармактарында долбоорлорду бирге ишке ашыралы деген ниетте бул уюмду түптөгөн элек. Тилекке каршы, жагдай өзгөрүп кетти, ишибизди башкадан баштоого туура келди. «Шереметьево» аэропортунда Кыргызстанга учуп кете албай кармалып турган мекендештерге беткап, колкап, антисептик жана башка коргонуучу каражаттарды алып барып бердик. Москвада окуган студенттерибизге да азык-түлүктөн каралашып жатабыз. Эми 100 үй-бүлөгө бир жумалык азык-түлүгүн жеткирдик. Азыр Кыргызстандан да «мигранттарга жардам көрсөтөт элек» деген ишкерлер, саясатчылар кайрылып жатат. Мында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аманатын жеткирдик. Дагы кол кабыш кылабыз, токтоп калбайбыз деген тилегибиз бар".

16-апрелге карата Орусияда коронавирусту бир күндө 3,5 миңдей адам жугузуп, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 30 миңге жакындады. 2304 адам оорудан айыгып, 232 киши каза тапканы расмий кабарланды.

Мындан улам Орусиядагы кыргызстандыктарга коронавирустун алдын алуу, медициналык камсыздандыруу жана дарылоо маселелери да көйгөйлүү болуп турган кез. Чек аралар жабылып, мамлекеттик мекемелер эс алууга чыкккандыктан, жүз миңдеген мигранттар документтеринин мөөнөтүн узарта албай, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүү коркунучуна кептелген чагы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG