Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Вирус дүйнөлүк базарларды солкулдатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу соңку жагдай дүйнөлүк базарга таасир этти.

Украина Италиянын Милан шаарындагы консулдугун убактылуу жапты. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өпкөнү сезгенткен жаңы вируска каршы күрөштү күчөтүү максатында 2,5 миллиард доллар сурап Конгресске кайрылды.

Вашингтон бир миллиард долларды өпкөнү сезгенткен жаңы вируска каршы эмдөөгө жумшаганы жатат. Ак үйдүн бюджет боюнча башкармалыгынын өкүлү Рэйчел Семмел калган каражат илдеттин алдын алууга, даярдык жана сактык иштерин күчөтүүгө, ошондой керектүү буюм-тайым камдап коюуга жумшаларын кабарлады.

Дүйнөлүк базар бааларына удаа эле АКШнын биржасы - Уолл-Cтритте да акциялар кескин арзандады. Кара майдын куну кетти.

Ал арада Украина Миландагы консулдугун убактылуу жабарын, 25-февралдан тартып жарандарды жана алардын документтерин кабыл албай турганын билдирди.

Италиянын Спорт министрлигинин маалыматы боюнча, футбол боюнча Европа лигасына таймаштар күйөрмандары жок өтөт.

Соңку маалыматка ылайык, Италияда вирустан жети адам өлүп, дагы 200дөн ашык киши бул илдетти жугузуп алды. Италиялык акциялар да баасын жоготту. Мындай кабарлардан улам азык-түлүк, күнүмдүк жашоо-тиричиликке керектүү буюм-тайым сатылган дүкөндөрдөгү товарларды эл талап кетип, аңгырап бош калды.

Түштүк Кореяда вирустан жети адам өлүп, дагы 830дан ашык адамга жукту. Алардын көбү Тэгу шаарындагы диний сектанын мүчөлөрү. Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Ким Каң Лип бул сектанын жетекчилерин кызматташууга көндүрүшкөнүн билдирди.

«"Шинь-Чонжи" сектасы кечээ кечинде Табыгый кырсыктардын алдын алуу боюнча борбордук штаб менен кызматташууга макул болду. Эми алар өз сектасындагы жолдоочулардын баарынын аты-жөнү жана дареги жазылган тизмени беришет. Штаб аларды мындай кызматташуу өздөрүнүн өмүрү жана коопсуздугу үчүн эле өтө зарыл экенине ынандырды».

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус жагдайды «пандемия» деп атагандан сак болууга чакырды. Ал 24-февралда Женевада вирус көзөмөлсүз жайылып кетет, көп адамдын өмүрүн алат деген коркунуч жок деп журналисттерди ишендиргенге аракет кылды:

Тедрос Адханом Гебрейсус.
Тедрос Адханом Гебрейсус.

«Биз Кытайда мындай учурлар азайып баратканына кубанычтабыз. Биздин топ вирустун тарап кетиши, илдеттин кесепети жана кабыл алынган чаралардын таасири тууралуу бир топ тыянактарды чыгарды. Ага ылайык, Кытайдагы чаралар мындай учурлардын көбөйүшүнүн алдын алууга өбөлгө түздү. Эң башкысы - бул вирустун жайылып кетиши чектелет деген үмүт жаратты».

Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кытайда оору өтө тез жайылган, апааттуу мезгил 23-январдан 2-февралга чейин уланды. Андан бери оору жугузуп алгандар да, өлгөндөр да азайып баратат.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөн адамдардын саны 2600дөн ашты. Бул оору жалпысынан 77,5 миңдей адамга жукту.

Ооганстан, Ирак, Бахрейн, Кувейт жана Оман өлкөлөрүндө вирус жуккан алгачкы учурлар катталды.

Ирандагы айрым маалымат каражаттары Кум шаарында 50 адам өлгөнүн жазып чыгышты. Ага ылайык, бул Кытайдан кийин эле вирустан адам өмүрү көп кыйылган экинчи өлкө болуп калды. Бирок өлкө бийлиги мындай маалыматты четке кагып, оору 61 адамга жукканын, андан 12 киши өлгөнүн билдирип жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG