Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Москвада абал курчуду


Москва, 2020-жыл.
Москва, 2020-жыл.

Москвада дарыгерлер менен «Тез жардам» кызматы мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде иштеп жатышат.

Шейшембиден тартып Москвада өткөрмө режим киргизилет. Жеке автоунаада же коомдук транспортто жүргөн москвалыктардан өткөрмө кагаз талап кылынат. Зарыл иштери менен көчөгө чыккандар мэриянын сайтында өздөрү жана жумуш берүүчү тууралуу маалыматты толтуруп, шаарда жүрүүгө уруксат берчү санариптик коду бар документ алышы керек болот.

Өткөн жума күнү Москванын мэри Сергей Собянин шаарда эпидемиологиялык абал курчуп бараткандыктан, ушундай чара көрүүгө аргасыз болуп турганын айтты:

Сергей Собянин.
Сергей Собянин.

«Биз 25 оорукананы коронавирус жуккандарды кабыл алууга өткөрдүк. Дагы 25 оорукананы даярдап жатабыз. Биз ооруканаларды дагы көбөйтүшүбүз керек. Экинчиден, амбулатордук борборлорду түзүш керек. Азыр томографиясы бар 40 клиника күнү-түнү иштөөгө өтүп, диагноздорду аныктап берип жатат. Үчүнчүдөн, биз күнүнө 17 миң адамды коронавируска текшерип жатабыз. Мындай тесттерди да көбөйтүшүбүз керек. Бул башталышы эле, биз чокунун этегинде эле турабыз».

Буга чейин шаарда обочолонуу режими жарыяланып, москвалыктарга азык-түлүк сатып алууга, итин сейилдетүүгө жана аптекага барыш үчүн гана үйдөн чыгууга уруксат берилген.

Өкмөт атайын же чукул кырдаал режимин бузгандардын жазасын күчөтүп, 40 миңден 300 миң рублга чейин айып пул киргизген. Айып пул чегерүү укугу бир гана укук коргоо органдарына ыйгарылбастан, Росгвардия, Чукул кырдаал министрлиги, Росатом, Роскосмос сыяктуу өкмөттүк мекемелердин кызматкерлерине чейин кеңейтилди.

13-апрелге карата Орусияда коронавирусту бир күндө 2 558 адам жугузуп, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 18 миң адамдан ашты. 1 470 адам оорудан айыгып, 148 киши каза тапканы расмий кабарланды.

Коронавирус Москвада 11,5 миң адамдан табылды. Мэрия мурдатан шаардык ооруканаларда 20 миң орундук дайындалганын, эми дагы төрт ооруканада стационарлар жайгаштырыла баштаганын маалымдады. Мэрдин орун басары Анастасия Ракова оор абалда ооруканага түшкөндөр эки эсе көбөйгөнүн, дарыгерлер менен «Тез жардам» болгон мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатышканын белгилеген.

Анастасия Ракова.
Анастасия Ракова.

«Москвадагы ооруканалар резинадан эмес. Дем алышта пневмония аныкталгандарды Москва облусунун ооруканаларына чыгара баштадык. Коронавирус жугузгандарды 70 чакырым аралыктагы ооруканаларга чейин алып барып жатабыз. Облус деле ооруп жатат. Мен өзүм ошол жакта иштейм», - дейт «Тез жардам» кызматында иштеген Евгения Комарова «Настоящее время» телеканалындагы маегинде.

Ал эми Вешняки районундагы №15 ооруканадагы дарыгер Ирина Шейк 1300 орундук бейтапканада 1,5 миңден ашуун адам жатканын айтып берген.

Жекшембиде Интернетке Москванын четиндеги Химки шаарындагы Федералдык клиникага бейтаптарды ташыган 70тей «Тез жардам» машинелеринин тыгыны тартылган видеолор таркаган. Мындай тыгын №3 оорукананын жанында да байкалган. Социалдык тармактардагы кээ бир видеолордо москвалыктар «Тез жардам» 4-5 сааттын ичинде келгенине арызданышса, кээ биринде дарыгерлер бейтаптарды ооруканаларга өткөрүп бериш үчүн тогуз сааттай кезекте турушканын баяндап жатышат.

Он күндөн бери Домодедово шаарында эки жарым жашар кызы менен ооруканада жаткан кыргызстандык Мээрим төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Ишембиде ар бир 7-8 мүнөттүн ичинде эле бир «Тез жардам» машинеси келип жатты. Азыр оорукана толуп калды. Дарыгерлер коронавирус менен 90 бейтап бар экенин айтып жатышат».

Орусияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар тууралуу кабарлар расмий тастыктала элек. Бул тууралуу кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

«Кыргызстандын жаранынан коронавирус аныкталганы тууралуу маалымат расмий келе элек. Эл ичинде ар кандай кептер айтылып жатат. Бирок Орусиянын мекемелеринен мындай тастыкталган маалымат жок. Ал маалыматты бизге беришеби же жокпу, бул да анык эмес. Ал эми элчиликте саламаттык тармагын караган кызматкер Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине кабарлашып, жарандарыбыздын дарыланышы тууралуу сүйлөшкөн. Анда жарандыгына, миграциялык макамына карабай бардык адамдарга бирдей шартта кам көрүлөрүн айтышкан. Бирок азыр ооруканаларга адамдын дене табы 38 градустан ашып кеткен учурда гана алып кетип жатышканын белгилеп коюш керек».

Ушу тапта Орусияда 750 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Алардын жарымынан көбү Москвада жана анын чет-жакасында.

Өткөн бейшембиде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев 42 өлкөдө кыргыз жарандары бар экенин, өкмөт чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албай тургандыгын айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG