Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Пандемия мигранттарга түйшүк кошту


Орусиянын аэропортундагы кыргыз мигранттары.
Орусиянын аэропортундагы кыргыз мигранттары.

Учурда Кыргызстандын чет өлкөдө жашап, окуп же иштеп жүргөн 4371 жараны келе албай турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Дүйнөдө COVID-19 илдети тараганынан улам жумушсуз калган мигранттардын айрымдары Кыргызстанга келүүнү самап, бирок аба каттамдары токтогонуна байланыштуу жете албай жатышат. Өкмөт алардын баарын алып келүүгө чамасы жетпей турганын билдирүүдө.

56 жаштагы Гүлүмкан эки жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында кары кишини карап иштечү. Коронавируска байланыштуу жумуштан чыгып калган кыргызстандык мигрант аялдын учурда туруктуу жашай турган жери жок. Оор стресс абалдагы аял бутунун сөөктөрү сыздап оорутуп жатканын, бирок ооруканага барганга каражаты жетпей турганын айтып кейиди:

«Азыр түнү менен бутумдун сөөктөрү сыздап уктатпайт. Стресстенби, билбейм, жүрөгүм да ооруп кармап жатат. Ооруканага барайын десем көчөгө чыкканга болбойт. Акчам да жок кыйналып отурам».

Түркиядан Кыргызстанга аба каттамдары 20-марттан бери токтогон. Анкарадагы элчиликтин түзгөн тизмесине ылайык, 24-мартта Анталия-Бишкек атайын чартердик рейси аркылуу 197 жаран Кыргызстанга кайткан. Элчиликтин 4-апрелдеги маалыматында дагы 335 кыргызстандык Түркиядан Кыргызстанга кайтыш үчүн тизмеде турганы айтылган.

Түркияда учурда оор абалда калган мигранттар күн сайын көбөйүүдө. Кыргызстанга кайтууну каалаган мигранттар гана эмес, Түркияга дарыланууга келген бейтаптар да ара жолдо калышкан. Алардын бири, 27 жаштагы Мээрим ооруканага келип, кайра кайта албай калган. Беш айлык боюнда бар келин учурда жашаганга каражаты азайып, абалы оордоп баратканын моюнга алды:

«Мен ооруганга чыдабай УДИге бардым. Барсам «бөйрөгүң балаң чоңойгон сайын кыйналат» деп айтышты. Мен барган ооруканада мага окшоп дарыланганы келген бир канча кыргызстандык бар. Мен калган акчамды үнөмдөп дары эмес, нан алып жегенге коротуп жатам. Айла жок, Кыргызстанга кетүүнүн амалын издеп, кайрылбаган жерим калбады. Үйдө бир жарым жаштагы уулумду күйөөм багып, алар да кыйналып куса болуп отурушат».​

Ал эми Орусиянын Новосибирск шаарында калган ондогон жарандар өкмөткө кайра-кайра кайрылып, бир жолун таап, мекенге алып кетүүнү суранып жатышат. Дээрлик эки жумадан бере келе албай жаткан мигранттар 13-апрелде бийликке дагы бир жолу кайрылышкан:

«Биздин улуу урматтуу президент Сооронбай Шарипович! Мына, бүгүнкү учак да токтотулду. Аны менен кошо биз жашап жаткан хостелдин мөөнөтү, финансылык колдоо да токтоду. Учак күткөн 200 адам талаада эмне кылышты билбей туруп калдык. Биздин дагы эле үмүтүбүз чоң. Дагы кайрыла беребиз. Ушунча адам талаада калды. Кайра кайтып бара турган жерибиз жок».

Ушундай эле абалда калганынын айтып Москвада иштеген кош бойлуу аял да кайрылган:

«Беш айлык кош бойлуумун. Күйөөм карантинге чейин Кыргызстанга кеткен. Мен жумуштан чыга албай калып, анын артынан барам деп, 8-апрелге билет алгам. Азыр жалгызмын. Туугандарым жок, абдан кыйналып турам. Мындан ары бул жерде кантип жашаарымды билбейм. Көчөдө калып селсаяк болгум келбейт. Күндө ойлоно берип, абдан кыйналып кеттим. Менин үнүмдү да Кыргызстанга жеткирип койгулачы».

Ал эми Москвада иштеген Малик Мадалиев бийликке мындайча өтүнүч айткан:

«Мен Кыргызстандын 120 депутатына кайрылат элем. Кыргызстандын чыгаан байларына, экс-президенттерге чейин силердин жардамыңар карапайым элге абадай керек болуп турат деп айтар элем. Келгиле, ойгонгулачы кичине! Орусиянын беш облусунда аэропорттордо, чек арада калган кыргыздар жүздөп саналат».

Өкмөттүн маалыматына караганда, азыркы күндө да Кыргызстанга 4371 жаран келе албай турат. Орусия, Украина, Беларус жана башка шериктеш өлкөлөрдө бүгүнкү күнү 2880 адам мекенине кайткысы келерин билдирген.

Мындан тышкары Түркияда 487, Бириккен Араб Эмираттарында 350, Пакистанда 135 кыргыз жараны бар. Индиядан 121 кыргызстандык, Мальдив, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Белгия, Франция сыяктуу мамлекеттерде да мекенине кайтууну көздөп турган кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-апрелде парламентте билдирди:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Колдон келгенин кылып жатабыз. Новосибирскиден жарандарыбызды алып келиш үчүн сүйлөшүлгөн учак акыркы сааттарда экипажы макулдук бербей, учпай калды. Усть-Каменогорскиге атайын автобус жибердик. Илецкиге жыйылган мекендештерди өткөрүүгө Казакстандын бийлиги уруксат бербей койду. «Ал жерге чогулбагыла» деп айтылган, аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок».

Боронов аларды кайтарып келиш үчүн ошол өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү, аба компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, мүмкүнчүлүк болору менен бул аракет ишке ашарын айтты. Ошондой эле биринчи вице-премьер чет мамлекеттерден келген кыргызстандык жарандарды жайгаштырууга обсервацияда орун жетиштүү экенин билдирди.

Чет өлкөдөгү жарандарды кайтаруу 2020-жылдын февраль айында Кытайдын Ухань шаарынан студенттерди алып келүү менен башталган. Ошондон бери Египет, Малайзия, Сауд Арабиясы, Түркия, Таиланд, Иран, Индия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 6 миңден ашуун кыргызстандыктар мекенине кайтарылып келген. Мындан тышкары Иранда калып калган айдоочулар өз машинелери менен Кыргызстанга жеткирилген.

Кыргызстан коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында бардык каттамдарды, анын ичинде аба каттамдарын убактылуу токтоткон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG