Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Москвада мигранттар оорукана салууда


Курулуштагы жумушчулар.
Курулуштагы жумушчулар.

Москванын коронавирустан дарылоочу ооруканасын мигранттар куруп жатышат.

Москвадан 30 чакырым аралыкта жайгашкан Голохвастово кыштагында коронавирус жуккандар үчүн оорукана 12-мартта салына баштаган. 43 гектар аймакта жалпы аянты 70 миң чарчы метрден ашкан 500 орундук бейтапкана курулуп жатат. Дарылоо, жандандыруу, кызматтык жана тейлөөчү корпустардан тышкары төрөткананы жана балдардын бөлүмүн, дарыгерлер үчүн өзүнчө жатакана салуу каралган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетин пандемия деп жарыялаган күндүн эртеси башталган курулушту Москванын мэри Сергей Собянин бир айда бүтүрүүгө убада берген.

Москванын эң башкы зарыл курулушуна ири компаниялар менен жүздөгөн техника каражаттары тартылган. Ушу тапта жаңы инфекциялык оорукананы КМШ өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигранттар куруп жатышат. Расмий ишке 6-8 миң жумушчу тартылганы кабарланса, мекендештердин айтымында, алардын эки миңдейи кыргызстандыктар.

Электрик Нурбек Абдрахманов мигранттар ортомчу компаниялар аркылуу иштеп жатышканын айтты. Жумушчуларга үч маал тамак, чатырда же вагондордо жата турган жери каралган. Эмгек акысы ишке жараша күнүнө 1,5-3 миң рублдин тегерегинде.

Оорукананын курулушу.
Оорукананын курулушу.

«Өтө көп адам иштейт, - деди ал. - Кыргыз, тажик, өзбек, украин, орус - баары бар. Биз фирма аркылуу келгенбиз. Беш миңден ашык техника каражаты бар. Күнү-түнү бир нече нөөмөттө иштеп жатабыз. Күндүзгү ишке 20 электрик, түнкүсүн 20 электрик чыгып жатабыз. Күн суук, шамал. Чатырда жашагандары бар. Ичинде мештер менен жылынып жатышат».

Коронавирус коркунучунан улам Москвада кабыл алынган өкмөттүк чараларга байланыштуу мигранттардын көбү бул кезде иш сааттары кыскарып же убактылуу жумушсуз калды. Дүйнөдө мунайдын баасы менен рублдин куну да түшүп кеткен. Ушундан улам иш издеген мигранттар бул курулушка агылып келип жаткан чагы.

«Жумушу жоктор келип жатышат. Кээ бирлери бул ишке чыдабай, кетип калышты. Иштегендери баш көтөрбөй иштеп жатат. Иш катуу ыргакта, кыйын эле, - дейт Нурбек. - Вагондордо турабыз. Матрас, шейшеп, төшөк беришкен. Эч ким деле ал жерди дезинфекция кылган жок. Маска тагындыңбы же жокпу, аны эч ким текшербейт. Ар ким өзү менен алек».

Москвада кар жааган 30-марттын түнү жумушчулар жашаган бир чатырда өрт чыгып, катарлаш турган жети чатырга ашып кеткен. Жумушчулардын кийим-кечеги, документтери өрттөнүп, үч адам жабыркаганы кабарланган. Москвадагы кыргыз элчилиги өрттөн кыргыз жарандары жабыркабаганын, ал эми документсиз калган жети жаранга укуктук жардам көрсөтүлө баштаганын билдирди.

Атын атабоону өтүнгөн кийинки мекендешибиз ушул окуядан кийин гана жумушчулардын коопсуздугуна көңүл бурула баштаганын айтты:

«Кийинки күнү эле өрт өчүргүчтөр менен «Тез жардам» тизилип калыптыр. Ага чейин көргөн эмесмин».

Марттын башында Москванын мэри Сергей Собянин коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн жумуш берүүчүлөрдү кызматкерлеринин саламаттыгын, температурасын күндө текшерүүгө, өзүн начар сезген жумушчуларды оолактатууга жана жумуш орундарында тазалыкты камсыз кылууга милдеттендирген.

«Тамак бериле турган чатыр жакта чоң тепловизор турат. Жумушчулар ошондон өтүшөт. Кимдир-бирөөдө температурасы көтөрүлүп, ооруп калса ошол жактан аныктаса керек. Азырынча эч ким андай болгон жок. Биз тамактанганы келгенде 500-600 киши бир кезекте турабыз. Мээлей, беткап тагынгандар деле жок. Тамагы армиядагыдай. Кургак шам-шум этмей»,​ - деп түшүндүрдү Нурбек миңдеген мигрант иштеген өкмөттүк курулуштагы коопсуздук чаралары тууралуу.

Курулуштун жүрүшү.
Курулуштун жүрүшү.

Ал эми кыргызстандыктардын бир тобунун бригадири Замир Кулукеев бул кезде мигранттар бардык шартка макул болуп иштеп жатышканын билдирди:

««Коронавирус, коронавирус» деп айтылып жатат. Биз өзүбүз ошого оорукана салып жатабыз. Бирок бирөөндө да маска жок. Анан кайдагы дезинфекция?! Өзүм вагондо көпчүлүк менен жашаганым жок. Москвага автобус менен барып-келип иштем жатам. Жумушчулар эртең менен автобуста «консерваланган шпроттой» эле. Эч ким коркуп үйдө отуруп калган жок. Баары эле тынбай иштеп жатышат».

Орусияда соңку бир күн ичинде коронавирус 771 адамдан табылды. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. 235 адам айыгып чыкты.

Жагдайга байланыштуу Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

Орусияда расмий 750 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенсе, алардын жарымынан көбү Москва шаарында. Кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча 17-24-мартта Орусиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 5117 жаран жөнөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG