Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Карантин шартындагы дүйнөлүк экономика


Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономиканын абалын талдаган баяндамасын 14-апрелде жарыялады.
Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономиканын абалын талдаган баяндамасын 14-апрелде жарыялады.

Эл аралык Валюта Фонду 2020-жыл глобалдык экономика үчүн дээрлик 90 жыл мурдагы Улуу депрессиядан берки эң оор жыл болоорун эскертти. Уюмдун 14-апрелде жарыяланган божомолуна ылайык, COVID-19 илдетинен улам быйыл дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) ​жаңы баяндамасы дүйнөлүк экономика 2008-жылдагы Глобалдык финансы кризисинен алда канча оор күндөргө туш болгонун ырастады. Ага ылайык, эгер коронавирус пандемиясы 2020-жылдын экинчи жарымында ооздукталса, быйыл глобалдык экономика 3 пайызга төмөндөйт. Бул үч ай мурдагы божомолдон 6,3 пайызга аз. Себеби январь айында эле ЭВФ быйыл глобалдык экономика 3,3 пайызга өсөт деп күтүп жаткан.

Эгер COVID-19 илдети 2021-жылга чейин улана турган болсо, кийинки жылы дүйнө өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык көрсөткүчү дагы 8 пайызга төмөндөшү ыктымал. Уюмдун эсеби боюнча, 2020-2021-жылдары коронавирустан улам дүйнө 9 триллион доллардай кирешеден айрылат. Бул Германия менен Жапониянын бир жылдык ички дүң жыйымынын жалпы суммасынан да көптүк кылат.

ЭВФ коронавирус пандемиясы себеп болгон экономикалык кырдаалды "Улуу карантин" деп атап, аны 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан бери дүйнө туш болгон эң терең рецессия деп атады.

Фонддун башкы экономисти жана Изилдөөлөр боюнча департаментинин жетекчиси Гита Гопинат карантинден улам дүйнө жүзүндө керектөө азайганын, улуттук валюталар кунун жоготконун, кризиске чейин эле экономикасы алсырап турган жана карызы көп мамлекеттер кыйын кырдаалга кептелгенин айтты.

"Бул чындап глобалдык кризис. Бир дагы өлкө андан качып кутула алган жок. Туризмге, саякатка жана көңүл ачуу тармагына таянган өлкөлөр өзгөчө жабыркады. Ансыз да алсыз медицина тармагына колдоо көрсөтүүгө каражаты жетишпеген өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошумча кыйынчылыктарга туш болду", - деди Гита Гопинат.

Батыш өлкөлөрүн рецессия күтөт

Италиянын Турин шаары, 5-март 2020-жыл.
Италиянын Турин шаары, 5-март 2020-жыл.

Натыйжада Улуу депрессиядан бери биринчи жолу өнүккөн өлкөлөр да, өнүгүп жаткан мамлекеттер да рецессияга туш болууда. Маселен быйыл АКШ (–5.9%), Германия (-7%), Франция (-7,2%), Италия (-9,1%), Испания (-8%), Британия (-6,5%), Жапония (-5,2%), Канада (-6,2%) сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы экономикаларында жалпысынан 6,1 пайыздык төмөндөө болот. Алардын ичинен коронавирустан катуу жабыркаган Италия менен Испанияны эң терең рецессия коркунучу тооруп турат. Жалпысынан Еврозонада 7,5% төмөндөө күтүлүүдө.

Ал эми өнүгүп жаткан мамлекеттердин экономикасы жалпысынан 1%, Кытайды кошпогондо 2,2% солгундайт. Алардын ичинен Кытай (1,2%) менен Индиянын (1,9%) экономикасында азыраак өсүш болот.

Ошентсе да мындай өсүш Кытайдын жылдагыдай көрсөткүчтөрүнөн кыйла аз. Маселен 2019-жылы бул өлкөнүн ички дүң жыйымы 6,1 пайызга көбөйсө, быйыл бул сан 1 пайыздын гана тегерегинде болмокчу.

"Кытайда кырдаал жөнгө салынып, экономика акырындап мурдагы калыпка түшүп бараткандай көрүнүп жатат. Экономиканы жөнгө салуу үчүн тиешелүү саясат да бар. Бирок пандемиянын дүйнөнүн башка аймактарына, өзгөчө Бээжиндин негизги соода өнөктөштөрүнө жайылышы Кытайдын экономикасынын калыбына келишине кедергисин тийгизет", - деп билдирди ЭВФтин Кытай жана Тынч океан аймагы боюнча эксперти Малхар Набар.

Кыргыз экономикасынын кыйың кезеңи

Ош шаарындагы карантин.
Ош шаарындагы карантин.

ЭВФтин божомолу боюнча, 2020-жылы Орусиянын экономикасы 5,5 пайызга төмөндөйт. Ал эми Борбор Азия аймагында эң чоң төмөндөө Кыргызстанда катталганы турат. Маселен, быйыл Казакстандын ички дүң жыйымы 2,5 пайызга азайса, Кыргызстандыкы 4 пайызга азаяры күтүлүүдө. Алардан айырмаланып Өзбекстан (1,8%), Түркмөнстан (1,8%), Тажикстанда (1%) быйыл экономикасы аз да болсо өсө турган саналуу мамлекеттердин катарына кошулушу мүмкүн.

ЭВФтин Изилдөөлөр боюнча департаментинин жетекчиси Гита Гопинат экономикасы коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттерге жана жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүлө турганын айтты.

"Эл аралык Валюта Фонду аярлуу өлкөлөрдү колдоо үчүн 1 триллон доллардык карыз берүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп жатат. Жардам ыкчам финансылоо жана жакыр өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүү жолдору аркылуу берилет. Биз башка кредиторлорду да ушундай кадамга барууга чакырабыз", - деди Гита Гопинат.

ЭВФ Кыргызстанга 120,9 миллион доллардык жардам берүүнү убада кылып, анын бир бөлүгү Бишкектин колуна тийгени белгилүү болгон. 13-апрелде фонд Африка менен Азиядагы Тажикстан, Ооганстан, Йемен сыяктуу 25 жакыр мамлекеттин карызын жеңилдетүүчү чараларды кабыл алды.

Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономиканын абалы коронавирус пандемиясы качан токторуна, илдетин дабасы качан табыларына көз каранды экенин белгилеп жатат. Мындан улам уюм дүйнө өлкөлөрүн биринчи кезекте пандемияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө, саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого, карантинден жапа чеккен жарандарды жана ишкерлерди колдоого чакырууда.

Эгер COVID-19 илдетинин жайылышы 2020-жылдын экинчи жарымында басаңдап калса жана дүйнөнүн булуң-бурчунда көрүлгөн чаралардан майнап чыкса, көп мамлекеттердин экономикасы илгерилеп, 2021-жылы глобалдык экономика 5,8 пайызга өсүшү мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG