Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

ЭВФ жакыр өлкөлөрдүн карызын жеңилдетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 25 жакыр өлкөнүн карыз маселесине көмөктөшөт. Мындай чечим аталган мамлекеттердин коронавируска каршы күрөштөгү түйшүгүн жеңилдетүү максатында кабыл алынды.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын маалыматы боюнча, мындай өлкөлөрдүн алгачкы тобу соңку алты айдын ичинде ЭВФке бересесин тейлегенге грант алат. Алардын катарында Тажикстан, Ооганстан, Йемен жана Африка менен Азиядагы бир катар өлкөлөр бар.

Георгиева билдиргендей, аталган фонддун Апааттардын кесепетин жоюу программасынын алкагында 500 миллион доллар каралган жана фонд бул багыттагы каражатты 1,4 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат.

Буга чейин ЭВФ Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген.

Соңку маалыматка ылайык дүйнө жүзү боюнча коронавирус 1,9 миллиондон ашык адамдан аныкталды. Оору 119 миңден көп кишинин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG