Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Каатчылыктан сактануунун элдик жолу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1994-жылдын август айы. Тажикстанда жарандык согуш улам күчөп жатканына карабай, окууга кирем деп белсенип, бизден 70 чакырым алыс турган райондун борборуна жөө-жалаңдап, арып-ачып араң жеттим.

Техника дегениң бир совхоздо бирди-жарым эле болбосо, такыр жүрбөй калган. Ыраматылык агайым, устатым, Жерге-Талдан чыккан белгилүү акын Айдаралы Зикировдун уулу Аскар экөөбүз ошол кездеги райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, улуту тажик болгону менен Чыңгыз Айтматовду, «Манасты» жогору баалаган, дегеле кыргыздын маданиятын кыргыздан кем билбеген чыныгы интеллигент, нукура инсан маркум Рустам Асоевдин үйүндө туруп калдык.

Негизи жакшы адамдар көчөдө эле эмес, үйүндө да бала-чакасына үлгү, өрнөк болорун ушул кишиден байкабадым. Бир эле Каратегинди эмес, бүт Тажикстанды ачарчылык каптап, калайык-калктын көпчүлүгү бир үзүм нанга зар болуп тукулжурап турган ошол каат күндөрү Рустам агайдын үйүндө Аскар экөөбүз 12 күн жашадык. Ошол 12 күн ичинде анын бир да жолу балдарына же зайыбына катуу айтканын укпадым, аларды какыс-кукус кылганын көрбөдүм. Тескерисинче, кичинесинен чоңуна чейин кылдат мамиле кылып, накта педагог, даанышман ата катары тарбиялайт экен. Өзү Дүйшөмбүдөгү улуттук университеттин физика-математика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктап, мыкты окутуучу, зор илимпоз болор келечеги бар агай шартка байланыштуу айылга келе берген тура.

Адегенде эле мени дагы бир кызыктырган нерсе - Рустам агай күндө үйүнө түштөнүүгө келгенде бир-эки кишини ээрчитип келип жүрдү. Эгер анын үйүндө 12 күн жүрсөм, 12 күн бою анын жалгыз түштөнгөнүн көзүм чалбады. Көрсө, райОНОдо иштеген кесиптештерин же башка мугалимдерди, тааныш-билиштерин чакырып, чогуу чай ичүү маркум агайдын илгертен бери эле келе жаткан салты экен. Жакшы санаалаштарынын бирөө-жарымы менен бирге отуруп чайлашпаса жегени аш болбочудай, минтип тамак-аш эсеби менен болуп калган кыйын кезеңде да ошол адатынан жазбаптыр.

Бир күнү дасторкон үстүндө ошондой конокторунун биринин айтканы ансыз да маанайы пас жүргөн баарыбыздын жан дүйнөбүздү аңтар-теңтер кылып жиберди:

- Адамды эмне үчүн бөрүгө окшош кылып жаратып койгон эмес? Мен азыр бөрү сыяктуу болгонумда, ушу сенин үйүңдө жегендеримдин баарын балдарыма барып кусуп бермекмин. Байкуштарым эки күндөн бери кезерип ачка отурат. Бүгүн үйгө кантип барам, билбейм.

Анын каңырыгы түтөп, көзүнө жаш тегеренди. Рустам агайдын да муун-жүүнү бошоп кетти көрүнөт. Дароо сүйлөй албай, бир топтон кийин гана:

- Не деген алаамат заман келди, үч уктасаң түшкө кирбеген окуялар болуп жатат… - деди айласы кеткендей. - Жараткан Аллам күнөөсүз балдарга ракым эткиси бардыр. Бу кыямат күн да бир күн болбосо бир күн өтөр…

Кийин үйүнө кирип кетип (короодо, сөрүдө отурганбыз), байбичесине баштыкка бир нерселерди салдырып чыкты да:

- Сен көп камтама боло бербе, бири-бирибизди ушундайда колдоп турбасак, качан колдойбуз, - деп коногун жооткотуп узатты.

Өзү өп-чап жашап жатса да, ошол киши сыяктуу такыр айласы куруп, жалдырап келгендерге бир тиштем нанын бөлүшкөнүнө өзүм бир канча жолу күбө болдум.

Тажикстандагы жарандык согуш жалпы элдин башына көп азап алып келди. Уруштун өзү эмес, эпкини тийген Жерге-Талдын эли да көп кыйналып-кысталды, не деген эр-азаматтардан ажырады. Ачарчылыкты, жокчулукту башынан кечирди.

Кошуна райондорду жоочулар ээлеп алгандыктан, борбор менен байланыш такыр үзүлүп, жамы журт ачарчылыктан кырылып калуу коркунучуна кабылганда, Ош облусу менен катнаш жолго коюлуп, эл аман калды. Бул үчүн ошол жылдары азган-тозгон каратегиндиктерди канча ирет үйүнө түнөтүп, чайын берген Алайдын элине өмүр бою карыздарбыз. Ачыгын айтышыбыз керек, өздөрү эптеп тиричилигин кылдыратып жатса да, алайлык туугандар канчабызга же күн болсун, же түн болсун башпаанек берип, кычыраган кыштын чилдесинде өзүбүздү эле эмес, жүрөгүбүздү да жылытканы үчүн чексиз ыраазыбыз.

Айрыкча Улуу-Карамыктагы раматылык Кудайберди ажы жезденин үйү биз үчүн кадимки мейманканадай эле болуп калган эле. Кайнилигибиз үчүн эркелеп (байбичеси Тунук эже биздин айылдардан эле), кээде беш-ондон болуп топурап кирип барчубуз. Бирок бир да жолу кабак-кашынан жаман көргөнүн же тарсынганын байкаганым жок. Тескерисинче, дайыма жан-алы калбай сурашып, биздин ал-акывалыбызга чын дилинен күйүнгөнү сезилип турчу.

Пендеси ушул тура, байгерчилик заман келгенден кийин Кудайберди жезденин үйүнө барып, көзүнүн тирүүсүндө алкышыбызды айтып, ыраазылыгыбызды билдире албадык.

«Эртеңки күнүбүз эмне болот, эртең бар болобузбу же жок болобузбу?» деген түпөйүл суроо саат сайын ар бирибиздин шайыбызды оодарып, өлүм коркунучу, ачарчылык коркунучу алка-жакадан алып турганда бизди ынтымак менен сабырдуулук, мындан да оор күндөрдү баштан кечирген кадырман карыялардын акылмандыгы сактап калды. Бизден беш эсе, он эсе көп кыйналган райборбордун же ага канатташ айылдардын эли үйүндө бир чымчым чайы, бир кочуш уну калбай, кудум 1933-жылкы каатчылыкта тозгон казактардай, өйдөкү конуштарды аралап жардам сурап чыкканда, үйүбүздө калган бар ырыскыбызды катып албай, алар менен тең бөлүштүк. Кээ бирлерин айлап баккан күндөрүбүз да болду. Эми ойлоп көрсөм, жалпы элдин башына келген мүшкүл ошондо биздин баарыбызды жакындаштырып, бир боордоштук, бир туугандык сезимибизди ойготкон турбайбы. Албетте, үч-төрт чыпта унду бир букага саткан кызыл кулактар, элдин айласыз абалынан пайдаланып байыган шүмшүктөр да болбой койгон жок.

Бизди эң кыйнаганы жол азабы эле. Биздин айылдан 60-70 чакырым жерде турган Улуу-Карамыкка канча жолу жөө каттадык. Ал түгүл Дароот-Коргондон Жерге-Талга жөө барган күндөрүбүз болду. Айрыкча кыш күрөөдө күрткү жиреп - азыркыдай карды тазалап турмай кайда - көз ачырбаган борошодо жол жүрүү азаптын азабы эле.

Бир жолу, октябрь айынын аяк ченинде, таякем Абдивали экөөбүз Ачык-Алмадагы (Кыргызстан менен чектешкен айылдардын бири) тосотто турган жоочулардан качып, Кара-Тейиттин жайлоосу аркылуу ашып түшөбүз деген ойдо, тоодо адашып эки күн жүргөнбүз. Ошол күндөрү Кара-Тегин өрөөнүн жоочулар бүт ээлеп алган болучу. Алардан жашынып, буйтка-буруу жолдор менен жүрүп, үйүбүзгө төрт күн дегенде араң жеткенбиз. Эгер алардын колуна түшкөнүбүздө акчабызды, жонубузга көтөрүнгөн бар мүлкүбүздү (шаардан иштеп кайткан элек) эле эмес, кийим-кечебизди да чечип алмак. Мүмкүн, өзүбүздү да соо коймок эмес. Багыбыз бар экен, үйгө эсен-соо жетип алдык.

Бүгүн минтип өзгөчө абалдын айынан камыгып үйдө жатканда мындан 15-20 жыл мурда башыбыздан кечирген оор күндөр аргасыздан эсиме түштү.

Учурда андагыдай катаал мезгилге туш болбосок да, канча адам депрессияга, стресске кабылары, сарсанаага алдырып, нервден ооруп калары түшүнүктүү. Айрыкча жарым саат жаны жай албаган жаш балдардын кабат үйлөрдө думугуп жатышы өтө кейиштүү. Ошондуктан биз, чоңдор, эң биринчи кезекте балдарга кам көрүшүбүз керек. Аларга өзгөчө көңүл буруп, ашкере аяр мамиле кылып, ушул күндөрү сөздүн толук маанисинде балдар менен кошо «балага айланышыбыз» керек. Канчалык зарыл ишибиз болсо да, эң оболу балдардын кызыкчылыгын ойлогонубуз оң.

Төрт жарым жашар уулум Дастан экөөбүз күндө бир жарым, эки саат бою чогуу ойнойбуз. Мен ал билген оюндардын баарын жаттап бүттүм. Өз кезегинде мен да ага биз бала кезде ойночу оюндарды үйрөттүм. Мындан тышкары, күндө жаңы оюндарды тапканга аракет кылабыз. Ошентип, дарбазанын сыртына чыкпасак да, жашообуз салыштырмалуу көңүлдүү өтүүдө.

Биздин балдар менен ойногонубуз эң мурда өзүбүз үчүн пайда. Биринчиден, тулку-боюбуз сергийт, экинчиден, баланын аруу, жагымдуу аурасы жан дүйнөбүздү тазартып, оор санаалардан арылтат.

Ал эми баласы жок бүлөлөр мындай учурда өздөрүнөн да кыйын тагдырга туш болгондорду (каргашалуу кеселди жугузуп алгандарды, күнү-түнү өмүрүн тобокелге салып, андай бейтаптардын амандыгы үчүн жан үрөп күрөшүп жаткан каарман дабагерлерди) ойлосо, алардын эсенчилигин тилесе, жакшы нерселер тууралуу кыялданса, караңгынын жарыгы бар дегендей, келечектен үмүт үзбөсө, бир топ жеңил болот. Жакын санаалаш кишилери менен тез-тез телефондо баарлашып турса да маанайы түшүп, убайымга алдырбайт. А мыкты китептерди окуп, пайдалуу тасмаларды көрсө, агартуучу роликтер менен таанышса, тескерисинче, илим-билими артып, өзүн рухий жактан байытат.

Бу жагынан алганда ушул тапта чыгармачыл кишилердин аябай удулу кетип туру. АКШдагы өткөн кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдарындагы Улуу депрессия Скотт Фицжеральд, Эрнст Хемингуэй, Томас Элиот ж.б.у.с. залкар жазуучуларды берген. Учурда бизди абдан ташпишке салып жаткан улуу тумоо да буга чейин катылып жаткан чоң таланттардын ачылышына түрткү болушу ыктымал.

…Балким, бүгүнкүдөй капсалаңдуу күндөргө туш кылып, Жараткан баарыбыздын сабырыбызды, чыдамыбызды, адамгерчилигибизди сынап жаткандыр. Байлык, бийлик, атак-даңк көздөп жаны тыным албай булкунуп-жулкунуп, жашоосу техникага, кадимки машинага айланып бараткан адамзатты эсине келсин, акыл токтотсун, көзүн ачсын, ойгонсун деп апаатты атайын жибергендир. Эгер адамзат өзгөрбөсө, тазаланып арууланбаса, адам деген улуу атын сактабаса, Содом менен Гоморрадай бир күндө жок болуп кетери турган иш экендигин, аны байлык-бийлиги да, дем-дымагы да, күч-кубаты да, ал түгүл илим-билими да сактап кала албай тургандыгын эскертип жаткандыр.

Аким Кожоев

(Эскертүү: Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG