Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:24

Сабырдуулук дүйнөнү сактайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Биз эмне үчүн бөлөк улуттардын, элдердин өкүлдөрүн көбүнчө түшүнө бербейбиз, алардан чочуркап, аларга ишенкиребей мамиле кылабыз?

Табияты бирдей болуп жаралган,

Бүт адамзат бир атадан таралган.

Бирин эле мүшкүл басса башкалар,

Туюп аны тынчсыздануу башталар.

Бөлөктөргө боор оорубас, кейибес,

Сага ыйык адам аты берилбес.

Саади.

(Которгон Кубанычбек Басылбеков)

Биз эмне үчүн бөлөк улуттардын, элдердин өкүлдөрүн көбүнчө түшүнө бербейбиз, алардан чочуркап, аларга ишенкиребей мамиле кылабыз. Ал түгүл аларды ачыктан-ачык жериген, жамандаган, жактырбагандарыбыз да жок эмес. Эми мындай мыйзамдуу суроо туулат: алар эмнеси менен бизге жакпайт, алар эмне үчүн бизге өөн учурайт, биз алардан эмне үчүн бөлөксүнөбүз? Мен бул суроолорго өзүмдүн башымдан өткөн мисалга, тажрыйбага таянып жооп берейин.

Мындан 11-12 жыл илгери, жумуш издеп Орусияга алгач барганымда, бөлөм Махамат экөөбүз тажиктер менен бир бригадада иштешип калдык. Курулуш фирмасынын башкы прорабы татар улутунан экен. Ал ушунчалык катаал, мүнөзү кырс, ачууланганда оозуна келген сөздү кайтарбаган балит адам болгондуктан, «Марат келди» деген кабар угулганда курулушчулар (эгер бир жерде чогулуп, эс алып жатышкан болсо) кыргыекти көргөн кекиликтин жөжөлөрүндөй эшиктен качканы эшиктен качып, терезеден секиргени терезеден секирип, көз ачып-жумганча тымтыракай болушчу.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Анын эсиргени, анын көпкөнү ушунчалык эле, ошол кезде 35-40тын кырына барып калган жигиттерди жеберине жеткире сөккөнүнө бир нече жолу күбө болдум. Анын уулу, фирманын башкы устасы (мастери) атасынан өткөн мерез болчу. Ал бизди, өздөрүнүн жаргону менен айтканда, «чёрныйларды» ашкере жек көрүп, дайыма көзүнөн да, сөзүнөн да заары чачырап турчу.

Фирманын айлыкты жакшы төлөп бергенине карабастан, бир жарым ай иштегенден кийин Мараттык зөөкүрлүгүнө чыдабай экөөбүз чатакташа кетип, ал жерден кетип калдым. Мен жөн эле кеткеним жок, татар улутун жек көрүп, татар улутунан биротоло түңүлүп кеттим. Мурда эле угуп жүргөн «татар бар жерде катар бар» деген сөз да буга кошул-ташыл болду окшойт.

Эгер мен ошол бойдон үйгө келе бергенимде, балким, өмүр бою татарларды жаман көрүн жүрүп өтмөкмүн. Бактыга жараша, андан бир жарым жыл өткөндөн кийин Екатеринбург шаарынын бир бурчунда тагдыр мени дагы бир татар кишиге жолуктурду. Мен кара жумушчу болуп иштеген автопаркта ал машине оңдойт экен. Ал мен жашаган бөлмөдө түштөнүп, алысыраак жерде жашагандыктан кээде, катуу чарчап калган күндөрү, түнөп да калчу. Мен анын жөнөкөйлүгүнө, кичи пейилдигине, адамгерчилигине тан бердим. Биз тез эле ага-инидей болуп кеттик. Бул окуя мен үчүн эстен кеткис сабак болду. Мен бүтүндөй бир улут, бир эл жөнүндө жаңылыш бүтүм чыгарганыма катуу уялдым.

Ошол эле жердеги дагы бир имаратта коженттик 19 өзбек жашачу. Мен түндө эле бөлөк жайда жатканым болбосо, күндүз аларга жакын жерде иштеп, кечкисин да бир оокумга чейин алар менен чогуу телевизор көрүп, чайлашып же жөн эле сүйлөшүп отурчубуз. Алар өз жергеси, үй-бүлөсү, турмуш-шарттары тууралуу сагынуу менен кеп салышчу. Мен алардын жашоо жолоюна, үрп-адаттарына, каада-салттарына кызыкчумун. Өз кезегинде мен да өзүм кыргыздар жөнүндө аларга айтып берип жүрдүм. Алардын башчысы Шавкат мени менен теңтуш чыгып, экөөбүз кадимкидей дос болуп калдык.

Бир күнү адаттагыдай эле салам айтып көңүлдүү кирип барсам, баардыгынын сабыры суз, жабыла телевизор тиктеп отурушуптур.

- Ошто кыргыз-өзбек урушу чыгыптыр! – деди алардын бири үнү буулугуп. Мен эмне дээримди билбей, эмне кыларымды билбей, нес болуп катып калдым.

- Кантип? Эмне үчүн? – деп сурадым саамдан кийин өзүмдү колго алып.

- Ошентип… бирин-бири кырып жатыптыр! - деди баягы киши, бу саам үнү катаал угулду.

- Өзбегине дагы, кыргызына дагы Кудайыма акыл-эс, иман-топук, сабырдуулук берсин! – деди Шавкат баарыбызга олуттуу тигилип. - Ушул уруш бизге окшогон карапайым адамдарга зарыл деп деп ойлойсуңарбы? Бул жаңжал бузукуларга эле керек болбосо, башка эч кимге кереги жок! – деп сөзүн бүтүрдү ал капалуу.

- Ооба, - деп мен Шавкаттын сөзүн коштодум, - элде эч кандай айып жок, муну чагымчылар уюштуруп жатат.

Балким, ошол каргашалуу күндөрү алардын ичинен кайсы бири мага кастарын тигип, кекенип жүргөндүр, бирок Шавкатты сыйлагандыктан, Шавкат экөөбүздүн достугубузду сыйлагандыктан эч кимиси мага унчуккан жок. Тескерисинче, Оштогу коогалаң аяктагандан кийин ынтымагыбыз мурдагыдан да бекемделип, мен алардын өз кишисине айландым жана жумуш бүтүп үйгө кайтарда баары менен бир туугандарча жылуу-жумшак коштоштум.

Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Кош-Тегирмен, Мөк, Миң-Булак, Депшаар ж.б. айылдардын тургундарын жаңы пахта талааларын өздөштүрүү максатында түштүк райондорго күчтөп көчүрүшкөн экен. 16-17 жаштардагы раматылык атам энеси экөө Шаартуз районунун айылдарынын биринде тажиктер менен кошуна туруп калышат. Атам алардын колу ачыктыгын, берешендигин, меймандостугун ар дайым абдан ыраазы болуу менен эскерер эле: «Алар Кудай берген кошуналар эле, бир табак ысык тамак жасашса да, энем экөөбүздү куру калтырбай, эрте-кеч үйлөрүнө чакырып турушчу. «Ар бир бышырган тамагыңда оң жактагы кошунанын акысы бар» дешчү. Улутубуз эле бөлөк болбосо, бир жолу кер-мур айтышпай, бир туугандан да ынак жашадык».

Атам оорунун айынан ал-күчтөн тайып, жол жүрө албай калганда гана бизден 70-80 чакырым алыста жайгашкан Тажикабад кыштагындагы тажик досторуна (алар да атам сыяктуу кийин тоо койнуна, туулган жерине кайтып келишкен болчу) каттай албай калды.

Демек, биз башка улуттарды же элдерди жакындан таанып-билсек, алар менен камыр-жумур болуп аралашсак гана алардан жатыркабай калабыз. Канчалык көп катышсак, канчалык көп жуурулушсак, ошончолук тамырлашабыз, ошончолук бири-бирибизге болгон ишеничибиз артат. Ошондо гана бөлөктөрдүн айырмачылыктарын эле эмес, өзүбүзгө окшош жактарын да көрөбүз. Атактуу орус жазуучу Достоевский айтмакчы, эки ортодо данакер катыш бар экендигине сөзсүз ынанабыз.

Анан ар бир улут, эл аны башкалардан айырмалап турган маданияты, каада-салты, үрп-адаты, жөрөлгөлөрү менен кайталангыс болорун унутпашыбыз керек. Эгер жалпы адамзатты бир эбегейсиз чоң дарак деп элестетсек, ар бир улут, ар бир эл – анын бир тамыры, бир бутак-шагы. Эгер бир улут же эл жоголсо, бир тил же каада-салт жоголсо, ошол даракка доо кетет, анын бир тамыры же бутак-шагы куураган менен барабар болот. Демек, бизге да таасир этет, бизге да залакасы тиет. Чыгыштын улуу ойчулу Саади «бардык адамдар бир атадан тараган» деп бекеринен айткан эмес да!

Ар бир элдин акылманы, залкары болгондой эле, анын нааданы да, акмагы да, эл бузар чагымчысы да болот. Ошондой эле башкалардын бизге такыр жакпаган каадасы, ырым-жырымы да болушу мүмкүн. Биздин да көп нерселерибиз бөлөктөргө жакпай калышы толук ыктымал. Мындай нерселерди сабырдуулук менен түшүнүп, сабырдуулук менен кабыл алышыбыз абзел.

Бүгүнкүдөй саясий, диний, аймактык тирешүү күч алып жаткан заманда дүйнөнү сабырдуулук гана сактап калары айныксыз чындык. Бир жакшы адамдын шарапаты менен эки эл табышат, бир бузукунун кесепети менен эки эл чабышат деген кеп бар. Биз сабырдуу эле болбой, элдерди ымалага келтирген арачы-данакерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, чагымчы-бузукулардын кыянат иш-аракеттерин кан буугандай буусак, дүйнөдө сөзсүз ынтымактын шаарын курабыз. Менин тилегим - адамзаттын тагдыры ар бирибиздин колубузда экендигин эсибизден чыгарбасак.

Аким Кожоев, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG