Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Бук болгондорду психологдор уга баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде ачылган ишеним телефону ушул тапта күнү-түнү иштеп жатат. Мындан тышкары балдар укуктары жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ар бир аймактын кризистик борборлору телефон аркылуу онлайн кеңеш бере башташты.

Карантин убагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин карамагында ачылган 111 ишеним телефонуна чалып, окуясын айтып берип же жардам сураган жарандар көбөйгөн. Кызматтын жетекчиси Марина Жапаркулова кайрылгандарга күнү-түнү психологиялык кеңештер берилип жатканын айтууда:

Марина Жапаркулова.
Марина Жапаркулова.

«Алты психолог 24 саат бою эки-экиден бөлүнүп, чалгандарга жооп берет. Кризистик жагдай учурунда чалгандар көбөйдү. Бир күндө 400-500гө жакын адамга жооп берип жатабыз. Алар башында материалдык жардам боюнча көп чалышкан. Азыр эми үй-бүлөлүк маселелер, балдарга тарбия берүү туралуу суроолор көп берилип жатат. Балдар укугу жана үй-бүлө зомбулугу тууралуу да кайрылгандар бар».

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ачкан, балдардын укуктарын коргоого багытталган 111 номуруна бир жылда орто эсеп менен 12 миңдей адам чалат. Бардык телефон чалгандар жазылып, айрымдарынын жашаган дареги такталып, тийиштүү көзөмөл органдарына кабар берилет. Балдарды зомбулуктан коргоого багытталган ишеним телефону 2015-жылы ачылган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова калкка моралдык колдоо көрсөтүш үчүн онлайн кеңеш берген психологдорду көбөйтүү аракети жүрүп жатканын айтты:

Ализа Солтонбекова.
Ализа Солтонбекова.

«Азык-түлүк боюнча түзүлгөн 1227 номуруна чалып жарым сааттан сүйлөшүп, окуясын айтып берген адамдар көп болуп жатты. Көрсө аларга материалдык эле эмес, моралдык жардам да керек экен. Азыр алты психолог тынымсыз иштеп жатат. Бирок биз аларды көбөйтүү маселесин карап жатабыз. Демөөрчүлөр менен бирге айлык акы төлөп, дагы ушундай ишеним телефондорун ишке киргизүү планы бар».

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда апрель айынын алгачкы 15 күнүндө өлкө боюнча психологиялык жардам сурап 225 адам кайрылды. Алардын ичинен аялдар -169, эркектер - 43, өспүрүмдөр - 10, карыялар - 3 киши. Мындай сандар психологиялык борборлорго түшкөн маалыматтардын негизинде чыгарылды.

Карантин башталгандан бери өлкөдөгү кризистик борборлор жардам берүүнү онлайн режимине өткөрүштү. Ушу тапта ар бир аймактагы борборлордун ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат. Коронавирус илдети биринчи аныкталган Жалал-Абад облусунда кайрылгандардын көбү вирус тууралуу маалыматтарга байланыштуу.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордогу, шаарлардагы башкармалыктарында балдарга жана ата-энелерге аралыктан (дистанттык) психологиялык жардам берүүчү борборлору уюштурулуп иштеп жатканын кабарлап, анда иштеп жаткан адистердин төмөнкүдөй тизмесин телефон номерлери менен жарыялады:

- Бишкек шаарында: Адинай Жапаралиева (0709 710 320);
- Нарын облусунда : Света Саякбаева (0700 257890), Асыл Султанбекова (0708 747 274);
- Талас облусунда: Зарина Турукманова (0707 484 713);
- Ысык-Көл облусунда : Дарика Асанбаева (0553 835 717), Майрам Эмил кызы (0706 383 637), Мария Личаню (0551 733 390);

- Жалал-Абад облусунда: – Мимоза Нуракова (0776 089 181), Любовь Максименко (0559 803636);
- Ош шаарында, Ош облусунда: Дарика Асилбекова (0550231329); Гүлнара Онкошова (0557 175 780), Наргиза Ештаева (0776 380 777), Өктөмкан Абдылдаева (0555 281 423);
- Баткен облусунда: Токтокан Мамбетова (0777 393 077), Бүшар Кадыралиева (0772 369 473).

Облустагы «Каниет» кризистик борборунун психологу Мимоза Нуракова ага кайрылгандардын дээрлик баары аялдар экенин айтты:

«Көбүнчө эле аялдар чалат. Биздин коомдо эркектер жардам сурап же окуясын ачык айтууну каалашпайт экен. Чалгандардын темалары ар кандай: жардам сурагандан баштап, үй-бүлөлүк темалар, балдарга болгон мамиле тууралуу суроолор көп. Ал тургай коронавирус башында чыкканы белгилүү болгондо симптомдорун айтып чалгандар да болду. Кээ бири «Чын эле оорулуулар барбы?» деп сурашат. Чалып жатышканынан улам элдин психологиялык абалы анча эмес экенин түшүнөсүң. Мисалы, бүгүн бирөө «жардам сурап жатканымды кошунам элге жайып жиберди» деп ыйлап чалды. Аны да угуп, сүйлөшүш керек. Түнкү саат 11-12де чалгандар да болот».

Маалыматтарга караганда, ар бир аймактык борбордун ыкчам байланыш номуруна күнүгө орто эсеп менен 50гө жакын кайрылуу түшөт. Ага жооп берип жаткан психологдор акысыз жардам көрсөтүшөт.

Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилекова ыкчам байланыш - зомбулук курмандыктары үчүн биринчи жардам экенин билдирди:

Толкун Тилекова.
Толкун Тилекова.

«Ушул учурда кризистик борборлор убактылуу ишибизди токтотууга аргасыз болдук. Биз мамлекеттик эмес болгондуктан өкмөттүн талабына баш ийишибиз керек. Бирок карантин убагында үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, жабырлануучулар кайда барарын билбей жатышат. Телефон чалып байланышка чыккандарга биринчи жардам же андан аркы кадамдары тууралуу кеңеш берилет. Эгер зомбулук тууралуу чалган болсо милицияга кайрылуу керек экендиги айтылат. Бирок азыркы жагдай жабырлануучуларга коопсуз жай жок экенин көрсөттү. Алар кайда барат жана кимден жардам сурайт деген суроо ачык бойдон калып жатат».

Ал ортодо карантинде өзгөчө абалдын эрежелерин бузуп, милиция кызматкерлерине кармалган эки учур кыргыз Интернетинде кызуу талкууга түштү. Бири - беткабы жок, чуркаганы чыккан кыздын тасмасы, экинчиси - Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз. 14-апрелде ал кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганы белгилүү болду.

Психолог Айгүл Ысыкеева жогорудагы учурларды мисал келтирип, изоляция адамдардын психологиясына терс таасирин тийгизип, агрессияны пайда кыларын түшүндүрдү:

Айгүл Ысыкеева.
Айгүл Ысыкеева.

«Адамдардын кабыл алуусу бир канча типке бөлүнөт. Кээ бирине үйдө, эч жакка чыкпай тынч отуруу жагат. Бирок айрымдар бул чектөөлөрдү кабыл ала албайт. Андай учурда ал адамда агрессия, айлананы жаман көрүү сезимдери пайда болот. Ал ошол чектөөлөр үчүн башкаларды күнөөлөйт. Интернетте талкууга алынган учурларда да менимче ошондой сезимдер болгон. Ошол эле кезде бул учурлар коомдун жарасын, көйгөйлөрүн чукуп чыкты. Мисалы, балага үй-бүлөдөн тарбия берүү маселесин да эске алыш керек».

Ысыкеева ошол эле убакта кеңеш берип иштеп жаткан психологдордун өзүлөрүнүн психологиялык абалы да маанилүү экенин эске салды:

«Ар бир психологдун эмоционалдык абалы ар кандай. Бири бир күндө эки адамдын кайрылуусун уга алса, дагы бири 5-6 адамга чейин кабыл ала алат. Бирок психолог өзү биринчи ички маселелерин чечиши керек. Анын туура кеңеш бериши анын туруктуу абалынан көз каранды болот. Ал эмоционалдык жактан күйүп кетиши да мүмкүн. Ошон үчүн бир күндө ондоп чалгандар менен кайрылгандарга жооп берип, кеңеш берүү да абдан оор иш».

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги учурда кризистик борборлордо зомбулукка кабылган 22 аял, 25 бала баш калкалап турганын билдирди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 18-марттан 28-мартка чейин Кыргызстанда жети бала жанын кыйган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG