Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Баласын аёосуз урган ата – коомдун жүзү


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Атасы баласын аёосуз сабап жаткан видео Интернетте тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдары баласын сабаган жаранды жоопкерчиликке тартуу керек десе, башкалары кечиримдүү болууга үндөп жатышат. Балдарга карата зомбулук карантинге байланыштуу көбөйгөнүн айткан адистер да бар. 

17-апрелде социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган баланын аёосуз токмок жеп жатканы тартылган видео тарады. ИИМдин маалыматына ылайык, балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгон, баласын сабаган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткен.

Бул үй-бүлө үч баланы тарбиялап жатканы жана учурда жубайы кош бойлуу экени маалым болду. ИИМдин басма сөз кызматы учурда Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүндө бул факт катталып, ага юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүп жатканын да кабарлады.

Бул окуя коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратып, кызуу талкууга алынды. “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова “баласын сабаган жаран жазасыз калса, мындай окуялар токтобойт” деген пикирде.

“Ата-энеси жанаша отуруп, баласын ойнотуп кайра видео таратканы бизге таңкалычтуу болуп жатат. Бул эмнени билдирет? Демек, көнүп калышкан: баланы сабашып, кайрадан ушинтип турмуш куруп кете беришет. Бул абдан туура эмес. Атасын камакка алышса туура болмок. Себеби, чынында баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе тургандай уруп-сабап жатпайбы? Качан гана ата-энелерди толук кандуу жоопкерчиликке тартканда, башка ата-энелер да коркуп калышат. \Кармайт, кайра коё берет, демек, эч нерсе кылбайт” деп билишкени үчүн ушундай окуялар болуп жатат. Мындай окуялардын кесепетинен колу-буту сынып, өмүрү кыйылган балдар канча?”.

Укук коргоочунун “атасын жазалаш керек” деген пикирине каршы чыккандар да жок эмес. Алардын бири - психолог Айгүл Аликанова. Анын пикиринде балалуу ата-энелер психологдор менен иштешиши керек. Мындай ыкма “көп убакытты алганы менен натыйжалуу”, - деди ал.

“Эгер ал киши ооруп же өзүнүн кылганын билбей калганда, анда экинчи видео чыкмак эмес. Күнөөсүн мойнуна алып, ошол видеонун тартканы макул болуп жатса, демек, ал өзүнүн кылган нерсесин билет. Азыр аны жазаласын деп жатышат. Бирок жазалоонун алдында ата-энеси менен иштешип, психотерапиядан өткөрүш керек. Аны түрмөгө отургузуп койгондо деле мамлекет багып жатпайбы? Анын үстүнө үйдө төрт баласы болсо, аларды ким багат? Ошондуктан оңолууга жол көрсөткөн иш-чараларды кылыш керек”.

Адистер бул сыяктуу окуялар дүйнөлүк пандемияга байланыштуу көбөйүп жатканын айтышууда. Балдарга карата зомбулук Кыргызстанда да көбөйдү деген пикирин билдиргендердин катарында клиникалык психолог Перизат Асылбаева да бар.

Перизат Асылбаева
Перизат Асылбаева

“Бул изоляция, карантин бардык адамдарга стресс болуп жатат. Дүйнө жүзүндө көп жылдан бери мындай чоң пандемияга боло элек эле. Баарыбыз үчүн бул биринчи тажрыйба болуп жатат. Жумушсуздук, эртеңки күнгө кантип кам көрөбүз деген тынчсыздануу бар. Ошондуктан үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйдү. Үй-бүлөдө зомбулук болсо, балдар да жабыркайт”.

Ошол эле учурда психолог ата-энелер өз көйгөйүн баласына агрессивдүү мамиле жасап, зомбулук аркылуу чыгаруу туура эмес экенин баса белгиледи.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова балдарга карата зомбулук боюнча статистикалык көрсөткүчтөр өзгөрбөгөнүн билдирди.

Марина Жапаркулова
Марина Жапаркулова

“Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук-зомбулук көрсөтүү тууралуу бизге келип түшкөн чалууларга карасак, өтө көп телефон чалуу болгон жок, мурункудай эле. Жыл башынан бери 8-9 кайрылуу болуп жаткан, ал эми акыркы эки жуманын арасында 10 чалуу болду. Анын төртөө балдардан, алтоо чоң адамдардан түштү.

Педагог Асылбек Жооданбеков бүгүнкүдөй оор кырдаалда ата-энелер балдарга көбүрөөк мээрим төгүшү керектигин, үй-бүлөдөгү абал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алыш керектигин айтты:

“Балдар карантин эмне экенин билбейт да. Оор шартты, дүйнөдөгү кырдаалды түшүнүшпөйт. Алар карантинде бук болушу мүмкүн, эшикке чыгып, ойногусу келет. Үйдө жок нерсени талап кылышы мүмкүн. Мындай шартта биз аларды баса калып, чоңдугубузду көрсөтпөй, өзүбүздү сабырдуу кармоо менен жагдайды түшүндүрүүгө милдеттүүбүз. Ата-эне балдарга эмес, өзүнө карата талапчыл болушу керек”.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 184и оор, 36сы өзгөчө оор кылмыштар.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 47% балдар түзөт. 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган.

Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 12 миңден ашык бала жетим балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде тарбияланат; мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң баланын көпчүлүгүнүн билим алуу укугу сакталган эмес; өлкө боюнча 2 миллиондон ашык деп эсептелген жеткинчектердин 30% жакыны бармактайынан көртириликке көмүлүп, өсүшүнө, ден соолугуна зыян келтире турган жумуштарда иштейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG