Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Анын сөөгүн жакындары 29-майда республикалык өлүкканадан алып кетип, жерге беришти. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Бишкектеги №48 мектептин 9-классынын окуучусу 28-май күнү таңкы саат 7де балдар ооруканасында каза тапкан.

29-майда анын сөөгүн жакындары республикалык өлүкканадан алып кетишти. Мында баланын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн медициналык экспертиза өткөрүлгөн. Маркумдун туугандары окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты:

«Апасы оор абалда, эч нерсе деп айта албайбыз. Жалгыз уулунан ажырап калды, туура түшүнгүлө».

2003-жылы туулган 9-класстын окуучу №3 тез жардам балдар ооруканасына 27-май күнү кечинде келген. Оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында, бала бирөөдөн токмок жегенин айткан:

Талант Өмүрбеков.
Талант Өмүрбеков.

«Бала кечинде өзү келген. Түнү менен дарыгерлер текшергенбиз, таңкы саат алтыда туруп, анализин тапшыргандан кийин комага түшүп калды. Мээсине кан куюлуп кетиптир. Биз адатта балдарга «баш сөөгү чайкалган» деген диагноз коюлганда кетирбей, дароо ооруканага жаткырабыз. Анткени байкалбаган симптомдор болушу мүмкүн. Бул жолу ошондой болду. Бала өзү басып жүрүп эле ооруканада каза болгондой болуп жатат. Анын мээсине кан куюлуп кетиптир. Башынан оор сокку алган. Менимче, аны спортчу же күчтүү адам урган. Биз шектенгендерге оорунун тарыхы жазылган баракты көргөзүп, кылган ишибиз так болгонун далилдеп берүүгө даярбыз».

Мектеп окуучусунун өлүмү боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча ушул эле мектептин окуучулары сурак берип жатышат. Милициянын маалыматына караганда балдар арасындагы талаш адеп мектепте күндүз чыгып, кечинде сабак бүткөндөн кийин уланган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова буларды айтты:

«​28-майда түнкү саат 12ден кийин Бишкектеги балдар ооруканасынан бизди чакырышты. Дарыгерлер 9-класстагы мектеп окуучусу ур-токмоктон кийин түшкөнүн, анын өмүрүн сактоого мүмкүн болбогонун билдиришти. Баштапкы версия катары балдар арасындагы уруш жөнүндө сөз болуп жатат. Окуя боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки өндүрүш баштады».

Окуя Бишкектеги №48 мектепте болгонун шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктады. Мекеме бул боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталганын билдирди. Ошол эле маалда мекеменин маалыматында кырсык 27-май күнү саат кечки сегизде сабак бүткөндөн кийин болгону, мектептин жоопкерчилиги текшерүүдөн кийин гана аныкталары айтылат.

Бишкектеги республикалык өлүкканадан баланын сөөгүн алып кетип жаткан учур. 29-май 2019-жыл.
Бишкектеги республикалык өлүкканадан баланын сөөгүн алып кетип жаткан учур. 29-май 2019-жыл.

Ал ортодо 28-май күнү Интернетте белгисиз өспүрүмдү катар тизилген окуучулар четинен уруп жатканы тартылган тасма тарады. Тасмадагы окуучулар Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы мектептердин биринде билим алаары белгилүү болду. Окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо органдарынын маалыматында, тасмадагы 9-класстын окуучуларын уруп жаткан 11-класстын окуучусу жактырган кызын кызганып, балдарды урганын айтып берген. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Жогорудагы эки окуя мектеп курагындагы өспүрүмдөр арасында чоң муштумдук, өкүмзордук күчүндө экенин дагы бир жолу далилдеди. Алар орто мектептерде «кылмыш маданияты» жайылып баратканын, ата-энелердин, мугалимдердин балдарга болгон жоопкерчилигин эске салып, өзгөчө мектептен тышкаркы маалда балдар көзөмөлсүз, бош калып жатышканын белгилешет.

Былтыр «Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык кеңеши мектептеги маселелер боюнча баяндамасын жарыялап, мектеп чөйрөсүндөгү зомбулук жана кыйноо дагы эле олуттуу маселе болуп жатканын билдирген.

Кеңештин жетекчиси Урмат Казакбаев окуучулардын мындай абалына социалдык кыйынчылыктар себеп болгонун айтат. Ал балдар менен иштеген инспекторлор, мугалимдер ишин күчөтүп, ал эми ата-энелерге балада ишенич жаралгыдай тарбия берүүнү сунуш кылууда:​

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Миграция ушундай мүшкүлдөрдүн башкы себеби болуп жатат. Анткени ата-эненин көзөмөлүнөн тыш балдардын мууну чоңойду. Мен да мигрант ата-эненин баласымын. Ушундай учурда бала өзү менен өзү калат. Албетте, мындай учурларда ата-эненин тарбиясы, ролу жана жоопкерчилиги чоң. Бирок мектеп ичинде болуп жаткан окуя, балдар арасындагы мамиле же башкаларга үстөмдүк кылып жаткан окуучуну убагында аңдап билүү - мугалимдин иши. Ошол эле учурда балдар менен иштеген инспекторлор да ишин күчөтүшү керек. Алар аймагындагы мектептер менен узак мөөнөт иштеп, балдардын ар бири тууралуу кабардар болуп турууга тийиш. Инспекторлор бала кандай шартта жашай турганын, балдар арасында лидерлер ким экенин да билиши зарыл. Бизде инспекторлор үч же алты ай сайын иш ордун алмаштырып жатканын көрүүгө болот».

Кыргызстанда балдар арасындагы калайман мушташ өлүмгө же ооруканага жеткирген окуялар буга чейин да болуп келген. Ушул жылдын башында Жалал-Абад шаарында мушташта бычакталып каза болгон өспүрүмдүн атасы калыс чечим күтүп, президентке жардам сурап кайрылган.

Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун иликтөөсү Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 83 пайызы теңтуштарынын зомбулугуна кабылганын көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG