Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:24

Бийлик быйыл балдарга көңүл бурмай болду


Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдардын бири.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялады.

Башкача айтканда азыркы президенттин буга чейинки иш тартибинде өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү негизги багыт иретинде айтылып келсе, эми алардын катарына балдарды колдоо да кошулду.

Серепчилер учурда өлкөдө балдардын бир катар көйгөйлүү маселелери бар экенин айтышууда. Алардын негизгилери - балдарды үй-бүлө чөйрөсүндө сактап калуу, аларга болгон зордук-зомбулукту токтотуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жеткинчектердин билим алуу укугун камсыз кылуу. Бул маселелер Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде да көтөрүлүп келатканы маалым.

Адистер өлкөдө балдар темасына быйыл көңүл бурулуп жатканынын себептерин ар кандай чечмелешет. Алардын айрымдары бул боюнча тутумдашкан иреттүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгы чын эле көптөн бери бышып жетилгенин айтып жатышат.

Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев балдарга кам көрүүнүн кээ бир багыттарын белгиледи:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Башкы маселе - медициналык жактан көзөмөл кылуу. Динге жана башка себептерге байланыштуу балдарды эмдөө маселелери көтөрүлүп жатат. Азыр мына, Интернеттен күн сайын «жугуштуу ооруулар бөлүмүндө күнү-түнү, жайы-кышы киши батпай, кезек күткөндөр толтура болуп келет» деп окуп атабыз. Ушунун баары көйгөй. Балдардын ден соолугу - эң чоң көйгөй. Дени сак мамлекет болуш үчүн балдардын саламаттыгы жакшы болуп, сергек өсүшү керек. Экинчи маселе - үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулукка бөгөт коюу. Андан кийинки эле маселе - балдардын билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүнө шарт түзүү.

Каптагаев коомдун өнүгүшүнүн башаты бала экенин айтып, келечек муун үчүн кам көрүү бир жылда эле чампалап бүтөрө турган жумуш эмес экен эске салды. Ал бул үчүн иретке салынып жүргүзүлө турган узак мөөнөттүү иш-чаралар тутуму болушу кажет экенин кошумчалады.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун айтымында, эгемендик жылдары балдарды тарбиялоо, келечекке даярдоо, алар үчүн шарт түзүү дээрлик максаттуу жүргөн жок. Айрыкча миграциянын залакасы алгач балдарга тийип жатат.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Тарбиянын деңгээли өтө төмөн болуп атат, - деди ал. - Маселе балдарда эмес, бизде. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды билбей калган балдардан биз эмнени күтөбүз? Биз кандай муун тарбиялап өстүргүбүз келет? Өлкөнү кимге таштайбыз? Кайыптан бүткөн тулпар болсо да аларды таптабасак, тарбиялабасак озуп чыкпайт да. Айтор, маселе толтура. Кыргыз «уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» деп туура айткан. Азыр биз балдарга кайсы баалуулуктарды сиңирип атабыз?

Кулматовдун пикиринде, эгер акыл, көсөмдүк болсо балдардын жогорудагы толгон-токой көйгөйлөрүн чечүүгө өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү толук жетет.

2019-жылы Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук эки эсе көбөйгөн.

Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова маселе көтөрүп келет. Ал жарандык коом өкүлдөрү бул маселелер боюнча өкмөткө кайрылып, кайра-кайра коңгуроо кагып келгенин эске салды:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

- Эң башкы маселе - балдарды үй-бүлө чөйрөсүндө сактап калуу. Эгер аларды үй-бүлө чөйрөсүндө сактап калбасак алар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болот. Балдарды жетим балдар үйлөрүнө өткөрө берүү алардын укугун бузууга кирет. Калкты социалдык тейлөө мыйзамынын чегинде ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө, муктаж болгон балага ар бир жергиликтүү бийлик жардам бергенге милдеттүү. Бул иш айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлүп, ошол жакта түзүлгөн социалдык кызматтар жеринен жардам бериши керек. Ошол мыйзам жакшы иштеп, жетим балдар үйлөрү реформаланышы зарыл. Экинчиден, майып балдарга билим алууга шарт түзүп бербесек, анда абал мындан да начарлай берет.

Турдубекованын пикиринде, жергиликтүү бийлик кыйын абалга кептелген энелерге, үй-бүлөлөргө тыңып, баласын таштабагандай өз алдынча оокат кылып кетишине жеринен жардам берсе, ар бир баланын үй-бүлөдө тарбияланышы көптөгөн маселелерди чечет.

Коомчулукта акыркы жылдары балдардын көйгөйү көбөйгөнү, аларга карата зордук-зомбулук күчөгөнү, келечек муундун укуктары сакталбай жатканы көп айтылууда. Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына ылайык, ушу тапта Кыргызстанда 12 миңден ашык бала жетим балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде тарбияланат; мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң баланын көпчүлүгүнүн билим алуу укугу сакталган эмес; өлкө боюнча 2 миллиондон ашык деп эсептелген жеткинчектердин 30% жакыны бармактайынан көртириликке көмүлүп, өсүшүнө, ден соолугуна зыян келтире турган жумуштарда иштейт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 47% балдар түзөт.

Ал эми Жаңы жылга караган түнү Кыргызстанда 261 ымыркай төрөлгөн. Анын ичинен 133ү эркек бала, 128и кыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG