Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:48

Кандан жуккан сарык, аксаган медицина


Иллюстрациялык сүрөт.

Бейөкмөт уюмдардын айтымында, Кыргызстанда залалдуу шишик менен ооруган балдардын көбү гепатиттин С түрүн жуктурган. Буга Республикалык кан борборунда ПЦР жана инактиватор сыяктуу кандын курамын зыянсыздандыруучу жабдуулардын жоктугу себеп болгону айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги канды тазалай турган жабдууларды сатып берүүнү сунуштаган кайрымдуулук уюмдарынын суроосуна азырынча жооп кайтара элек.

Өлкөдө жылына 200дөй балага залалдуу шишик диагнозу коюлат. Бирок алар дарыланган Улуттук онкологиялык борборунда канды тазалай турган жабдуулар жок. Мындан улам ансыз да жаман оору менен алышкан наристелерге сарыктын оор түрү жугуп жатканы айтылды.

Гепатит С алсырап турган организм үчүн чоң сокку. Мына ушул дарттын айынан дүйнө менен эрте кош айтышкан учурлар катталууда.

"Аделина эки дартты көтөрө албады..."

Аделина жети жашка чыкканда ак кан менен ооруп калган. 2016-жылы күз айынан тарта ал Улуттук онкологиялык борборунда дарылана баштаган.

Бир нече айдан кийин Аделинага гепатит С жукканы аныкталган. 2018-жылдын ноябрь айында аны Индияга дарылатуу үчүн алып барышканда чарчап калган.

Гүлзада Малдыбаева кызына сарыктын оор түрү ооруканадан жукканын айтты:

- Кызым химия терапияны эки жылдай алды, ага 2017-жылдын декабрь айында кан куя башташты. Анан эле гепатит С вирусу бар экени аныкталды. Бул оору жуккандан кийин алсырап, аябай кыйналды. Сарык менен ооруган адам боорго күч келтирбеш үчүн дайыма диета кармашы керек экен. Бир жагынан онкологиялык дарты кыйнап, айлабыз кетти. Анан бизди Жугуштуу оорулардын клиникасына жиберишти. Ал жактан "кыз азыр кичинекей, дарылай албайбыз, жөн гана каттоого тургузабыз" деп коюшту. Ошол ооруканадагы бөлүм башчыдан кызыма гепатит С кайдан жукканын сурадым. Ал мага онкологиялык ооруга чалдыккан, химия терапия алган балдардын көбүнө бул оору жугарын айтты. Булардын организми алсыз болгондуктан дартка туруштук бере албайт экен. Биз анан боорун дарылатуу үчүн Индияга кайрымдуулук фонддордун жардамы менен бардык. Ошол жерден вирус өпкөсүн да талкалаганын билдик. Кызым көп өтпөй чарчап калды. Кийин иликтесем, деги эле Кыргызстанда бейтапка куйчу канды зыянсыздандырган жабдуулар жок экен. Онкологиялык дартка чалдыккан балдарга кан куйганда гепатит С жугуп жатыптыр.

Гүлзада кесиби боюнча медик болгондуктан, кызынын оорусу менен өлүмүнө себепкер болгон жагдайларды тыкыр иликтөөгө аракет кылган.

Акыры Республикалык кан борборунда кандын курамындагы патогендүү заттарды зыянсыздандырып, текшерген ПЦР, инактиватор сыяктуу жабдуулардын жоктугун билген.

Гүлзада кызына оор даражадагы ак кан диагнозун коюшуп, баланын организми көтөрө албаган дарыларды сайганын да айтууда. Аделина жеңил даражадагы ак кан оорусуна чалдыкканы, аны туура дарылап, айыктырса болору Индияга барганда билинген.

Эркин Жээнмуратовдун жети жаштагы кызына да 2017-жылы ак кан диагнозу коюлган. Ага да дарылануу маалында гепатит С жуккан. Айласы кеткен ата кызынын азыр оор даражадагы онкологиялык дарты менен бирге гепатиттин С формасына каршы Индиядан даба издеп убара:

- Менин кызыма нейробласттык лейкоз деген диагноз коюлган. Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүндө бир жыл жаткандан кийин гепатит С жукканын билдик. Быйыл август айында Индияга барып, гепатитке каршы дарылатып келдик. Ал жактан жакшы болуп келгенбиз. 3-ноябрда анализ тапшырсак, лейкозу козголо баштаптыр. Азыр лейкоз менен гепатитке каршы дарыланып жатат. Гепатиттин вирустук өлчөмү көбөйүп кетүүдө. Эми бул ооруну ким жуктурганын аныктоо кыйын. Бирок биз ооруканага жаңы кайрылып, анализ тапшырганда гепатит чыккан жок эле. Тактайын деп артынан түшүп, күнөөлүүнү таппай койдум. Азыр дарыгерлер кызым башынан эле гепатит менен ооругандай мамиле кылып жатышат.

Вирусту аныктаган жабдуу жок

Ата-энелердин айтымында, ооруканадан кан куйган маалда гепатит вирусун жуктуруп алгандар өтө эле көп. Бирок Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери бул маалыматты четке кагууда.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Уланбек Тургунбаев 2018-жылы түшкөн 700дөн ашуун бейтаптынын ичинен алты киши гана ооруканадан гепатиттин С түрүн жуктурганын айтты.

Анткен менен ал кан борборунда ПЦР жана вирусту аныктоочу инактиватор жабдууларынын жоктугун танган жок.

- Менимче, онкологиялык бейтаптардын көбүнө гепатиттин С формасы кан куйганда жугат. Донорду сөзсүз түрдө ПЦР деген анализден өткөрүш керек. Азыркы биздин кан борбору жасап жаткан анализдер вирустарды толук көрсөтпөйт. ПЦР анализин жасаган жабдуу аябай кымбат. Республикалык кан борборунун директору "биздеги кан таза, вирусу жок" деп айтып жатпайбы. Бирок, жабдуу жок болсо, ПЦР жана вирустарды өлтүргөн инактиватор деген аппарат болбосо "канды таза" деп айтканга болбойт. Биринчи себеби, ушул кан куюудан жугушу мүмкүн. Биздеги ооруган балдар тиш догдурга, дагы башка медициналык процедураларга киришет. Ал жактан да жугушу ыктымал. 2018-жылы бизде 781 бала дарыланып чыкса, алардын алтоо гепатиттин С түрүн алып жүргөнү аныкталды. Биздин өзүбүздүн ПЦР жабдуубуз жок. Балдарга куюлган канды текшерип турсак жакшы болбойт беле.

Жардамды кабыл албаган министрлик

Донорлук боюнча мыйзамдарда кан алганда жана тапшырганда мамлекет коопсуздукту камсыз кылышы керек экени жазылган.​

Бирок ВИЧ, герпес, сифилис, хламидиоз, гепатиттин бардык түрүнөн кене чакканга чейинки анализдер алынган жабдуу азыр Кыргызстанда жок.

Айзада Деркенбаева
Айзада Деркенбаева

Кыргызстанда онкологиялык оорудан жабыркаган балдарга "Жашоо булагы" кайрымдуулук уюму жардам берип келет.

Алар балдар сарыкка чалдыкпашы үчүн кандагы патогендүү заттарды зыянсыздандырган иноктиватор жабдуусун сатып берүүнү Республикалык кан борборуна сунуштаган.

Бирок фонддун өкүлү Айзада Деркенбаева бир нече жумадан бери мекеме жооп бербей жатканын билдирди:

- Республикалык кан борборунда ПЦР жабдуусу жок. Технология мүнөт сайын өнүккөн 21-кылымда жашап жатабыз. Анысы аз келгенсип, канды вирустардан арылткан инактиватор жабдуусу да жок. Биз муну билгенде аябай таң калдык. ПЦР жабдуусу кымбат экен, аны сатып берүүгө фонддун күчү жетпей калабы деп инокативатор менен камсыздайлы деген чечимге келгенбиз. Саламаттык сактоо министрлигине мындан үч жума мурда кайрылганбыз. Өзүм телефон чалсам, улам бир бөлүмгө жолдоп жатышат. Бири-бирине түртүп жатып, жети-сегиз киши менен сүйлөшүп, жооп таба албадым. Аргасыз, кан борборунун жетекчилигине түз чыктык. Алар деле бизди "Кыргызстандын элинин саламаттыгына кам көрүп жатасыңар" деп колдогон жок. Азыр эми министрликтин Дары жана медициналык техникалар департаментинен жооп күтүп жатабыз. Расмий кат менен аларга да кайрылганбыз.

"Мындай жабдуу тарыхта болгон эмес"

"Жашоо булагы" кайрымдуулук уюмунун мамлекетке алып бергиси келген инактиватор 8 млн. 723 528 сом турат. Бирок ар бир кишиге колдоно турган каражаты 250 евронун айланасында.


Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев дал ушул 250 евролук керектөөчү каражаттын айынан бул жабдуудан баш тартып жатышканын айтып берди:

- Кыргызстан боюнча мындай аппарат жок. Мамлекет алып бербесе, жок болот да. ПЦР кандын сапатын жогорулатат, коопсуздандырат. Өлкөдө дегеле ПЦР болгон эмес. Кандын курамын биз ИХЛА менен (иммунохемилюминесценция анализи) текшеребиз. Инактиватор кандагы вирустарды жок кылат. Бир эле кишиге жумшалган керектөөчү каражатка 250-300 евро керек. Бизде, Кыргызстанда жылына 42 миң киши кан тапшырат. Вирустук инактиватор да Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. Медицина өнүккөндө гана пайда болду. Коңшу Казакстан, Орусияда мындай жабдуулар бар.

Бирок "Жашоо булагы" Кан борбору "Миросол" аттуу жабдууну алып берүүнү сурап жатканын билдирип, документтерди көргөздү. Уюмдун өкүлдөрү бул жабдууну медицинасы өнүккөн мамлекеттер, жада калса постсоветтик аймактагы өлкөлөр да колдонбой калганын айтууда.

"Ошол эле баага келе турган заманбап жабдуудан Кан борбору эмнеге баш тартып жатканы азырынча түшүнүксүз", - деди Айзада Деркенбаева.

Кыргызстанда жылына 4 миңге чукул кишиден залалдуу шишик оорусу аныкталып, алардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза табат. Ал эми кан тапшыргандар 40 миңден ашуун болсо да өлкөдө кан тартыштыгы дайыма айтылып келет.

Гепатиттин В, С түрүн жуктуруп, боору цирроз болуп калган адамдардын так саны белгисиз. Айрым булактар мындай бейтаптар 500 миңден ашканын билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG