Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кан донорлорунун күнү белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-июнда Бишкекте кан донору болууга үндөгөн акция өтөт. Аны Саламаттык сактоо министрлиги Кызыл ай коому менен бирге уюштурууда.

Донорлордон чогултулган кан оор илдетке жана кырсыкка кабылган, кан көп жоготкон адамдарга чукул жардам берүүдө колдонулат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда бул көрсөткүч өтө төмөн. Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар.

14-июнда дүйнө жүзүндө кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул күнү австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнер туулган. Ал адамдын канын топторго бөлүштүргөндүгү үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG