Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Адам өмүрү менен ойногон ак халатчандар


Тиш протездөөчү жеке жайлардын бириндеги көрүнүш
Тиш протездөөчү жеке жайлардын бириндеги көрүнүш

Бишкектеги Ош базарынын аймагында жайгашкан айрым жеке медициналык борборлордун лицензиясы жок жана эч кандай санитардык талаптарга жооп бербейт.

Бул жагдай 23-августта саламаттык сактоо министри аталган базардагы медициналык борборлорду кыдырган учурда белгилүү болду.

Бишкектеги Ош базарынын аймагында “Стоматология”, “УЗИ”, “медборбор” деген жеке менчик медициналык жайлардын жарнактары жайнайт.

Министрдин кыдыруусунан кийинби айтор биз барган учурда көпчүлүгү жабык экен. Иштеп жаткандары “алдын ала жазылган кардарлар гана кирет” деп эшигин ачпай койду.

Бир гана кийме тиш жасаган жайлардын биринде иштеген киши сүйлөп берүүгө макул болду. Ал иштеген чакан бөлмөдө үч киши катар отуруп алып, кийме тиш жасап жаткан экен. Бөлмөнүн ичин таза деп айтууга болбойт. Тиш протездөөчү калыптар эле болбосо, өтүк тиккен жай көзгө элестейт.

- Биз техникпиз, ишибиз ушундай. Кечинде жууп кетебиз, кечке чейин булганат. Таза болуп иштөө кыйын, себеби жумуштун өзү кир. Мына бул жерде стоматологиялык клиника бар. Ар бирибиздин өзүбүздүн тиш доктурубуз бар. Алар иш берет, биз аткарабыз. Азыр алар текшерип жатат дегенинен жаап кетип калды окшойт, - деди атын атагысы келбеген каарманыбыз.

Медициналык борборлордун бири
Медициналык борборлордун бири

Шаар тургуну Кайыргүл Ош базардагы стоматологиялардын бирине тишине пломба салдырганы келген экен. Ал мамлекеттик жана шаардагы белгилүү медборборлордо кезек көптүгүн, бул жерден тишин тез жана арзан дарылатарын айтты:

- Шарты бардык жердики бирдей эле. Суусу жок, айрымдары кир. Бул жер үйүмө жакын, ыңгайлуу. Баалары бирдей, бирок бул жактан арзандатып сүйлөшсөң болот. Анан тез бүтүрүп берет.

Базардын айланасындагы медборборлорду кыдырып жүрүп жаагын жоолук менен таңып алган Максат аттуу тургунду кезиктирдик. Айтымында, ал эки-үч күн мурда ушул жактан азуу тишин жулдурган экен.

- Ооруган тишимди толук тазалабай коюптур. Анан шишип кетти. Азыр мындай балдар толуп кетти. Ош базарда жер төлөөдө эле шарты жок иштешет. Буларды текшергендер барбы? Мыйзам менен буларга тыюу салуу керек.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

23-августта Ош базарынын аймагындагы медборборлорду кыдырган саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев алардын айрымдарынын эч кандай лицензиясы жок, санитардык талаптарга жооп бербеген шартта иштеп жатканын айтып чыкты. Батыралиев "ал жердеги көпчүлүк медициналык жайлар башка адамга берилген лицензия менен иштеп жатышат", - деди.

- Саламаттык сактоо мекемеси жеке менчик болгону күндө да мамлекеттик ооруканадан айырмаланбашы керек. Шарты да, эрежеси да, кадрдык курамы, иши боюнча да. Менден текшерүүгө укугуң барбы деп сурап жатышты, анткени ишкерликти колдоо боюнча текшерүүгө укугум жок экен. Бирок бизге элдин саламаттыгы маанилүү. Сөзсүз бир инцидент болгондон кийин эмес, аны алдын алууга аракет кылуу керек. Адамдарды дарылайм деп жоопкерчилик менен лицензия алган соң ошого түздөн-түз кам көрүү керек да. Бул базарда семичке саткандай иш эмес. Биздин жүргөнүбүздү угуп, көпчүлүгү качып кетишти же ичинен бекитип алышты. Эмне үчүн экени белгилүү да.

Иллюстрация
Иллюстрация

Министрлик башаламан иштеген жеке медициналык борборлорду аныктаганы менен алардын ишин токтотууга укугу жок экенин айтты.

Батыралиевдин белгилешинче, жеке менчик медборборлорду ачууга уруксат кагазды министрлик бергени менен, лицензияны кайра чакыртып ала албайт. Бул маселе сот аркылуу гана чечилет.

"Тиш дарылатам деп сарык жуктурдум"

Дарыгерлер буга чейин соңку кезде Кыргызстанда боордун жугуштуу оорулары, анын өтө кооптуу формалары көбөйө баштаганын, жугуштуу ооруга чалдыккандардын 30% вирустук гепатит түзүп жатканын маалымдашкан. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 2,5 миңдей жаран сарыкка чалдыгат.

Буга чейин Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын дарыгери Чолпон Идирисова "Азаттык" радиосуна сарык оорусунун көбөйүшүнө тиш догдурлардын да "салымы" барын белгилеген.

- Сарыктын А формасы аябай кеңири кездешип, бакча, мектеп, жогорку окуу жайда балдарга көп жугат. Негизи эл арасында бул түрүн "кир колдун оорусу" деп коёт. Кир кол, кир тамак-аш жана жуулбаган жемиштерден жугат. Гепатиттин эң жеңил формасы. Ал эми В формасы оор келип, кан куюу учурунда, хирургиялык операциялардан, же тиш догдурга барып, тишин жулдурса, ошол догдурдун аспаптары керектүү дезинфекцияланбай калса жугат. Калган оор формалары көбүнчө маңзат колдонгон, аракечтердин арасында болот.

Ал эми медицина илимдеринин доктору, экс-депутат Ташболот Балтабаев бул тармактагы көйгөйдү жөнгө салуу үчүн тийиштүү мыйзамдар барын жана алар иштебей жатканын белгиледи:

- Аткарам деген киши бир аптада кылса болот. Ал жакта коррупция бар. Алардан пайда көргөн министрликтин ичинде, тышында адамдар бар. Көрсө дагы көрмөксөн болушат. Саламаттык сактоо министрлиги мындай жайларды прокуратурага берип, тез арада жабыш керек.

Министрликтин маалыматында, Санитардык көзөмөл кызматы райондук акимчиликтердин, базар жетекчилеринин жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринин катышуусунда жеке медициналык борборлорго текшерүү жүргүзүп турат.

Өткөн жылы мындай текшерүүлөрдүн натыйжасында 42 жеке медициналык борборду жабуу, ал эми жыл башынан бери лицензиясы жок, талаптарга жооп бербеген 25 борборду жабуу сунушталган. Айрымдарына айыппул салынган.

Учурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы жугуштуу оорулардын күч алып кетүүсүн алдын алуу үчүн Бишкектеги бардык базарларга эскертүү берип, талапка жооп бербеген жайларды медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге ижарага бербөөнү талап кылат. Жакынкы күндөрү да текшерүүлөр уланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG