Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Инсульттан кийинки кордук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жылына дүйнө жүзүндө 7 миллиондон ашуун киши инсульт оорусунан каза табат. Ал эми Кыргызстанда мээсине кан куюлуп кеткендердин 47 пайызы эмгекке жарамдуу жарандар.

67 жаштагы Бишкектин тургуну Нуриля Эсенбаева 6-октябрда инсультка чалдыгып, Улуттук госпиталдын 2-неврологиялык бөлүмүнө түшкөн. Медициналык жардам алгандан кийин 22-октябрда үйүнө чыгарылган. Бирок абалы начарлап, 26-октябрда баш калаадагы №1 клиникалык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ошол жерден өзүнө келбей каза болду.

Маркум Нуриля Эсенбаева.
Маркум Нуриля Эсенбаева.

Маркумдун кызы Гүлжамал Шерипканова апасынын акыркы күндөрдөгү азап чегиши Кыргызстандагы инсульт менен ооруган бейтаптарга болгон жалпы абалды көрсөтөрүн айтып, "Азаттык" радиосуна акыйкаттык издеп келди.

Ал азыр Башкы прокуратура жана Саламаттык сактоо министрлигине да арызданууда:

- Күн сайын эки миң сомдон ашуун акчага дары алып келип жаттык. Догдурлар сураган нерсенин баарын бердик. Мен оорукананын шартын көрүп иренжидим. Мен өзүм дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап келгем. Ал тургай Африканын да ооруканасына жатып чыккам. Казакстан, Шотландия, Британия, Сауд Арабиясындагы медициналык кызматты жакшы билем.

Догдурлар берген тизме
Догдурлар берген тизме

Аларга салыштырмалуу биздин саламаттык тармагындагы бейтапка жана анын жакындарына жасалган мамиле аябай начар экен. Биринчиден, инсульт болгон адамдын туугандарына маалымат керек. Кандай болду, эмне дары сайылып жатат, кайсы дозада? Бул ирет инсульттан бутуна туруп кете алабы, же канча өмүрү калды деген сыяктуу маалыматтар такыр берилбейт. Мен алып барган бир баштык дарыны алар бердиби же жокпу такыр биле албай койдум. Бир ирет туура эмес антибиотик алып алган экем, кайра алмаштырганы дарыканага барсам ак халатчан бирөө келип, бир баштык дарыны дарыканага өткөрдү. Ошол дарыны балким биз сыяктуу кыйналып жаткан бейтаптын жакындары сатып берген болсочу деген ой кетти.

"Таксиге айланган "Тез жардам" автоунаасы"

Гүлжамал Шерипканова эл аралык донор уюмдар тарабынан берилген транспорт каражаттары инсульт болгон бейтаптарды ташууда алардын жакындарынан акы алганын да кошумчалады. Ошондой эле дарыгерлер энесинин аз эле өмүрү калганын айтып, маалымат беришпегенине өкүнөт.

JICA уюму берген "Тез жардам" машинеси, инсульт бейтаптарын ташуу учуру
JICA уюму берген "Тез жардам" машинеси, инсульт бейтаптарын ташуу учуру

- Жапония берген "Тез жардам" автоунаасын ошол неврологиянын адистери таксинин ордуна колдонушат экен. Маселен, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө же үйгө бейтапты ташуу керек болсо ошол автоунаага 1800 сом акча төлөйсүз. Эмнеге мамлекеттик автоунаа мындай тартипте иштейт? Анан биз реанимацияга улам-улам кирип жаттык. Ал жактагы жабдуулар дагы начар экен. Кислороддун ордуна суунун эки бөтөлкөсүн коюшкан. Дааратканаларына соо киши кирсе кулап калчудай акыбалда. Эшигинин алдында догдурлар айдап келген "Лексус" автоунаалары кычырап турат. Апам 40 жыл бою мугалим болуп иштеп, ушул өлкөгө салык төккөн. Эмнеге акыркы сапарына татыктуу узатышпайт? Биз бөлүмгө кирген сайын инсульттан кийин бейтапты кантип караш керек экенин сурадык. Бир орчундуу кеңеш бере алышкан жок. Зонд менен тамакты тыга беришкен экен, апамдын ичи катып калды. Анан үйгө чыгарып коюшту. Үйдө аны караганга керектүү керебет, колясканын баарын сатып алдык. Догдурлар адамдын ичер суусу, жашай турган күнү аз калганын билип турса да, эмнеге жакындарына айтып коюшпайт? Ар бир инсульт болгон, өмүрү аз калган кишиден ушинтип акча табышабы?

"Татыктуу өлүмгө шарт жок"

Шерипканованын жолдошу, шотландиялык журналист Мердо Маклуд Кыргызстандагы ооруканаларда болуп жаткан башаламан кырдаалга жаны ачыганын билдирди.

Мердо Маклуд.
Мердо Маклуд.

Ал кайненесинин өлүмү күтүүсүз болгонун, эки жыл мурда Шотландияда, Эдинбург шаарында өзүнүн атасы да инсульт болуп, бирок дарыгерлер он күн бою ар тараптуу акысыз көмөк көрсөткөнүн эскерди.

- Атам каза болгондо абдан кайгырганбыз. Биз үчүн ошол күндөр оор болду. Бирок медициналык кызматкерлер бизге жакшы мамиле кылышкан экен. Маселен, биз дарыканага барып, бир баштык толтура дары сатып алып, аны догдурларга берип, кантип сайганы, канча дозада колдонгону тууралуу маалымат сураган эмеспиз. Атамды өзүнчө бөлмөгө чыгарышып, медайымдар күнүгө келип жуунтуп, сакал-мурутун кырып, ал тургай денесине крем сүйкөп, бизге да психологиялык жардам берип жатышты. Көзү өткүчө жанында турдук. Бул жактагы инсульт болгон бейтаптын өзүнө, анын жакындарына жасаган дарыгерлердин, саламаттык сактоо системасынын мамилеси өтө эле начар, адамгерчиликсиз экенине күбө болуп, абдан кайгырып жатам, - деп белгиледи Мердо Маклуд.

Инсульттан кийин бейтапка кам көрчү реабилитациялык жай жок

Адистердин айтымында, инсульт жылдан жылга жашарууда. Кыргызстан мээсине кан куюлуп, майып болгон же каза тапкан адамдардын саны боюнча алдыңкы катарда турат.

Дарыгерлер инсульттун көбөйүшүн туруксуз кан басымдан, туура эмес тамактануудан, кыймылсыз жашоодон, ашыкча салмактан, жашоо-турмуштагы оор депрессия жана стресстен көрүшөт.

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмү.
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмү.

Жогорудагы каармандарыбыз айткандай, Кыргызстанда инсульттан кийин ден соолукту калыбына келтирчү реабилитациялык борборлор жок.

Өлкөнүн башкы неврологу Жамалбек Турганбаев инсульттан кийинки калыбына келтирчү борборлорду ачуу демилгеси эми көтөрүлүп жатканын айтты: ​

- Инсульт болгон кишини Бишкекте, Кыргызстанда ооруканада орун жок деп чыгарып же кабыл албай койгон учурлар болбойт. Бул оорунун кайсы гана түрү болбосун, жаш курагына карабай бейтаптарды кабыл алып, дарылаганга мүмкүнчүлүк бар. Ушундай оперативдүү иштерден улам Кыргызстанда өлүмдүн саны азайды. Эми инсульт алган адам баары бир майып болуп калат да. Аны биз ооруканада дарылайбыз.

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн дааратканасы
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн дааратканасы

Тилекке каршы, эмгекке жарамсыз болот. Айла жок реабилитация кылыш керек. Кыргызстанда азыр мындай экинчи баскычтагы реабилитациялык жайлар жок. Ушундан улам биз Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, инсульт алган адамдар ооруканадан чыккандан кийин аны карай турган борборлорду ачууну сунуштап жатабыз.

Кыргызстандагы өлүмдүн жарымы инсульт, инфаркт сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан улам болууда. Инсульт - мээдеги кан айлануунун кескин түрдө бузулушу. Ал мээдеги кан тамырлардын бири жарылганда же кан тамырдын бир жерине кан уюп, тамыр бүтөлүп калгандан улам пайда болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG