Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 12:45

Улуттун убалына калган туура эмес тамактануу


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын калкы кандай азыктанууда? Эмнеге экологиялык таза тамак-аш турса, кыргызстандыктар туура эмес азыктангандардын сап башына чыкты? Бул акыбалдан чыгыш үчүн кандай радикалдуу кадамдар зарыл?

«Global Burden of Disease Study» же "Ооруларды изилдөө боюнча глобалдык милдет" деп аталган эл аралык изилдөөгө ылайык, Өзбекстанда туура эмес диетадан көз жумгандар 100 миң кишиге 394 адам болсо, Түркмөнстанда 376, Кыргызстанда 350 адамга жеткен.

Алардан кийин күнүмдүк тамактанууда жашылча-жемишти азыраак жеген, адамдын өмүрүн кыскартчу зыяндуу азыктарга басым жасаган өлкөлөр катары Украина, Молдова, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Орусия көргөзүлгөн.

«Эмнеге кыргызстандыктар саламаттыгына пайдалуу азыктарды жешпейт? Мунун кесепетинен кандай оорулар келип чыгат? Кантип алардын алдын алыш керек?» деген суроолорго жооп алыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы, «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» ассоциациясынын аткаруучу директору Венера Токтогонованы жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча башкы адиси Жыпар Эргешбаеваны студияга чакырганбыз.

«Оорулардын алдын албай эле дарылап жатабыз»

«Азаттык»: Айнура айым, эл аралык изилдөөнүн тыянагы менен Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчтөрү дал келеби?

Айнура Акматова: Негизи мындай изилдөөлөрдү эл аралык уюмдар бизде көп уюштуруп турушат. Сиз айтып жаткан жыйынтык - 2016-жылдагы германиялык институттун өткөргөн илимий талдоосу.

Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жайылган жугуштуу эмес оорулар, алардын себептери, жол кырсыктарынан жабыркагандар, залалдуу шишиктер, туура эмес азыктануунун кесепеттери сыяктуу бир топ тармактарды эл аралык уюмдар иликтеп келет.

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

Ал эми сиз айткан изилдөөгө Европа, Азия өлкөлөрүнөн 51 мамлекет катышкан. Ошолордун ичинен жугуштуу эмес оорулардан адамдары көп өлгөн өлкөлөр Түркия, Өзбекстан, Казакстан 40 пайыздан ашык көрсөткүч менен кирген.

Бизде да жугуштуу эмес оорулар азыр абдан эле көбөйдү. Тилекке каршы, биз оорунун алдын алууга эмес, аны дарылоого эле көңүл буруп калгандыктан, профилактикалык иштер аксап жатканын моюнга алабыз. Мындай оорулар улам көбөйүүдө. Жалпы ооругандардын 52 пайыздан ашууну жүрөк-кан тамыр илдеттери, кант диабети менен жабыркайт. Жол кырсыктарынан саламаттыгы бузулгандар 10,1 пайыз, ал эми залалдуу шишикке 9 пайыз атуулдарыбыз кабылууда. Өпкө жана дем алуу органдарынын дарттарына 7 пайыз эл чалдыгып жатат.

Улутту туура эмес тамактануу азайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:29 0:00
Түз линк

Айылда абал жакшы эмес

«Азаттык»: Венера айым, изилдөөдө кыргызстандыктар ак нан, малдын майын, таттууну ашыкча жегендиктен ар түрдүү ооруларга, ал тургай өлүмгө учурап жатканы айтылууда. Айылдарда шарт кандай?

Венера Токтогонова: Айылда эми эл колунда барын ичип-жейт да. Шаарга караганда мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Биз өзүбүз да элди сурамжылап, мониторинг кылсак, элдин көпчүлүгү «картөшкө, макарон кууруп жейбиз» деди. Кечки тамак деле ушундай. Эртең мененкисин сүттөгөн чайга шекер салып, нан менен ичип алышат.

Венера Токторова.
Венера Токторова.

Айылда деле толук жарамдуу, витаминдүү азыктанганга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы уйдун сүтүн саап, аны өткөрүп акча кылышат да, шекер алышат. Шекерди чайга кошуп ичишет. Мунун зыян экени баарына маалым. Негизи жугуштуу эмес ооруларга себеп болгон төрт фактор бар. Алар - тамеки тартуу, кыймылсыз жашоо, алкоголь жана туура эмес азыктануу. Ошонун ичинен туура эмес тамактануу өзгөчө болуп жатат. Себеби майды, кантты жана трансгендүү майларды элибиз көп колдонууда. Ушуларды азайтуу зарыл же нормадан ашырбаш керек.

Маселен, шекерди бир күндө 10 чай кашыктан ашык колдонбошубуз керек. Тузду күнүнө беш грамм эле жесе болот. Ушул сыяктуу нормалардын баары аткарылбай, элдин саламаттыгы жабыркап жатат. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча айылдык ден соолук комитеттери колунан келишинче элге маалымат жеткирүүгө аракет кылып жатат.

«Азаттык»: Трансгендүү майлар деген эмне, аларды кантип аныктаса болот?

Айнура Акматова: Эл аралык уюмдардын жардамы менен биз да мониторинг жүргүзүп жатабыз. Маселен, үй шартында даярдалган тамак-аш менен коомдук тамактануучу жайларындагы жеген нерселерде канча өлчөмдө зыяндуу майлар, туздар бар экенин аныктадык.

Трансгендүү майлар бир порция тамакта 70 пайыздан 170 пайызга чейин, ал эми туз 82ден 99 пайызга чейин көп экен. Дал ушундай нормадан ашык жеп жатыптырбыз. Мунун баары адам организминде ашыкча салмакка, кан тамырлардын бүтөлүп калышына алып барат. Булар адамдын кан басымын көтөрөт. Инсульт, кант диабетинин экинчи түрү сыяктуу оор дарттарга жол ачат жана айрым онкологиялык оорулардын пайда болушуна себеп болот.

Туура азыктануу маданиятын кантип калыптандырабыз?

«Азаттык»: Туура азыктануу маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Бул түшүнүктү качан башташыбыз керек? Балким бала бакчадан эле киргизүү зарылбы, Жыпар айым?

Жыпар Эргешбаева: Туура азыктануу маданиятын бала бакча эмес, андан да эрте башташ керек деп ойлойм. Бала төрөлөрү менен эле анын жеген-ичкенине көңүл бурган жакшы. Кыргызстанда азыр туура азыктануу боюнча бир топ программалар иштеп жатат. Биздин мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча программабыз өз ичине жети жаштан 11 жашка чейинки эле балдарды камтыйт.

Жыпар Эргешбаева.
Жыпар Эргешбаева.

Алардын мектепте толук жарамдуу, витаминдүү азыктануусун аз суммага ишке ашырууну көздөйбүз. Анткени бала мектепте бир күнүнүн 4-6 саатын өткөрөт. Ошол маалда бир маал ысык тамак ичип алса, кабыл алуу жөндөмү артат. Биздин программанын негизинде азыктанган балдар кийин үйүнө барышканда ата-энесинен мектептегидей даамдуу тамак талап кылат экен. «Ошол эле ашкабак боткосун, борщ же пайдалуу токоч жасап бериңизчи» деп апасына айткан көп учурлар болот.​

Айнура Акматова: Кошумчалай кетчү нерсе – «мурда деле биздин ата-бабаларыбыз май жеп, жүзгө чыккан» деген да түшүнүктөр бар. Бирок ал учурдагылар көп кыймылдап, таза абада кара жумуш кылышкан. Атка минип, кой кайтарып, мал артында жүрүшкөн. Азыркы адамдардын дагы бир мүшкүлү - кыймылсыз жашоо болуп жатат. Кыймыл аз болгондуктан жеген майлуу, шекерлүү тамак-ашы таптакыр сиңбей, организмге тескери таасир этип жатпайбы. Андан сырткары тамак-ашыбыздын курамында бизге керектүү болгон микроэлементтер жок болуп жатат.

Эркектер коркунучта

«Азаттык»: Адистер айрыкча азыр кыргызстандык эркектердин да саламаттыгы өтө чоң коркунучта экенин айтышууда. Өзгөчө 30 жаштан кийин ашыкча салмак кошкондор абдан көп. Бул өлкө келечеги үчүн опурталдуубу? Тукумсуздук да күчөп жатыптыр...

Венера Токтогонова: Негизи үйдө аял киши эмне тамак жасаса, эркек ошону жейт деп ойлойм. Бул кайра эле барып баягы түшүндүрүү иштерине такалат. Элге туура азыктануу боюнча жеткиликтүү маалымат берилиши керек. Азыр биз маалыматка суусап турабыз. Дагы бир айта турган нерсе - азыр туура тамактануу аркылуу өмүрдү узартса болорун көп адамдар түшүнө баштады. Эркектер эми аялдардай болуп «баланча жерим ооруп жатат» деп алсыздыгын айта бербейт да. Буга кошумча бизде «эркектер күчтүү, оорубашы керек» деген түшүнүк орун алган. Алардын эмне жеп-ичкенине аялдар көбүрөк маани бериши керек го.

Айнура Акматова: Азыркы айтылган ойлорго кошумча, эркектердин ден соолугуна кайрылсам, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана биздин министрлик кыргызстандык эркектердин 48 пайызы чылым чегерин аныктады. Алкоголду да аялдарга салыштырмалуу 44 пайызга эркектер көп ичет. Статистикалык маалыматтарга караганда биздин эркектер аялдарга салыштырмалуу аз жашап жатышат. Эркектердин орточо өмүрү 69 жаш, ал эми аялдардыкы 72 жашка жетүүдө. Албетте, буга бирден-бир себеп болгон көрүнүштөрдүн бири - биздин туура тамактанбай жатканыбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG