Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:50

Көчө тамагы ден соолукка бычак


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан менен Тажикстанда көчөдө жана базарда даярдалган тамак-ашта туз менен трансгендүү май нормадан ашык экенин аныктаган.

Кыргызстанда көчөдө жасалган самсыны, мантууну же ашлямфуну күндө болбосо да, кээде даамын татып, ыракаттана жесеңиз керек. Жайында максым менен чалапты моокумубуз кангынча ичебиз.

Бирок дал ушул азыктарда зыяндуу майлар менен туздун өлчөмү бир күндүк нормадан көп экенин эл аралык уюмдар аныкташты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зыяндуу, химиялык иштетүүдөн өткөн трансгендүү майлар менен туздун ашыкча болушу жүрөк - кан тамыр дартына чалдыккандарды көбөйтүп жаткан белгилейт.

Иллюстрация
Иллюстрация

Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси Өскөнбек Молдокулов Бишкектеги он базардагы 600гө чукул тамак саткан түйүндөрдүн индустриялык жана колго жасалган азык-түлүгү текшерилгенин айтты.

Фабрикадан чыккан азыктардын ичинен таттуу вафлиге трансгендүү май менен химиялык заттар арбын кошулары аныкталган.

Мантуу.
Мантуу.

Ал эми ашлямфу, мантуу, лагман, самсыда туз менен кайра иштетилген майлар белгиленген нормадан көп болуп чыккан.

Өскөнбек Молдокулов мунун баары элдин саламаттыгына олуттуу сокку уруп жатканын белгиледи:

- Баарын эсептеп чыккандан кийин лагмандын бир эле порциясында трансгендүү майлар 170 пайызга көп экени аныкталды. Биз изилдөөдөн кийин расмий отчет даярдап, бул көйгөйдү кантип жеңсе болот, шаар тургундарына проблеманы түшүндүрүүнүн жолдорун иштеп чыгуу керектигин белгилегенбиз. Анткени элдин көбү эле көчөдө, базарда жасалган тамакты алып жейт же жол жүрүп баратып азыктанат. Иликтөөгө тез татым жайларын кошконго жетише албай калдык. Бирок азыр жаштардын көбү эле ошол тез татым менен азыктанып калбадыбы. Азыр мунун баарын көзөмөлгө алыш керек болуп жатат.

Курут ордуна жаңгак жеңиз

Изилдөөгө алынган улуттук максым, чалап, компот сыяктуу суусундуктарда трансгендүү майлар болбогону менен туз белгиленген күнүмдүк нормадан 25-30 пайызга көп экени белгилүү болду.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун 2015-2018-жылдардагы Бишкектеги өкүлү Ярно Хабихт буга чейин "Азаттыкка" берген интервьюсунда кыргызстандыктар тузду ашыкча колдонорун белгилеп, анын ордуна жашылча-жемишти көбүрөөк жесе болмок деген оюн айткан.

Ярно Хабихт
Ярно Хабихт

- Маселен, Грузиянын Арстанбаптай чоң жаңгак токою жок. Анткен менен алар бардык тамак-ашка жаңгак кошот. Кыргызстанда жаңгак жайнап турса да жергиликтүү эл күнүмдүк тамагына курут кошот экен. Кичинекей эле куруттун курамында туз белгиленген нормадан ашыкча. Күнүнө беш тоголок курут жесеңиз, туздун организмге керектүү бир күндүк нормасын аласыз. Арстанбапта салатка эт, жашылча-жемиш кошуп, анан курут салып койгонун байкадым. Ошол эле куруттун ордуна бир тоголок жаңгакты чагып кошсо, ден соолукка абдан пайдалуу болмок да.

Ашыкча туз кан басымга кооптуу

Туздун организмге топтолушу кандай ооруларды чакырат? Бул суроону Бишкектеги медициналык кеңеш берүү жана спорттук медицина борборунун терапевт-дарыгери Талант Жакыповго узаттык.

Дарыгердин айтымында, туздуу тамак-аш биринчи кезекте кишини суусатат. Ал эми сууну ашыкча ичүү бөйрөккө күч келтирет.

Ошондой эле кан тамырдын иштөөсүн жайлатып, артериялык кан басымдын жогорулашына алып барат.

- 60 же 80 килограммга чейинки салмактагы адам бир күндө тузду 2-5 граммдан ашырбашы керек. Туздун бир күндүк өлчөмүн азайтууну медицинада диета деп коёбуз. Бул диета адамдын саламаттыгы үчүн абдан пайдалуу. Өзгөчө жүрөк - кан тамыр оорусу менен жабыркагандар, бөйрөгү ооругандар тузду болушунча аз ичкени дурус, - деди Жакыпов.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык департаментинин жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, Кыргызстанда ооругандардын 52 пайыздан ашууну жүрөк-кан тамыр илдетинен, кант диабетинен жабыркайт.

Айнура Акматова
Айнура Акматова

- Трансгендүү майлар бир порция тамакта 70 пайыздан 170 пайызга чейин, ал эми туз 82-99 пайызга чейин көп экен. Ушинтип нормадан ашык жеп жатыптырбыз. Мунун баары адамдын организминде ашыкча салмакка, кан тамырлардын бүтөлүп калышына алып барат. Булар адамдын кан басымын көтөрөт. Инсульт, кант диабетинин экинчи түрү сыяктуу оор дарттарга жол ачат жана айрым онкологиялык оорулардын пайда болушуна себеп болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстан менен Тажикстандын көчөлөрүндө алкоголсуз суусундуктар жакшы өтөрү аныкталган. Бирок бул суусундуктардагы туз, шекердин көлөмү улут саламаттыгы үчүн опурталдуу экени белгиленген.

Бишкекте эң көп өткөн тамак-аш колдо жасалган май токоч, самса, мантуу сыяктуу тамактар болуп чыкты.

Дал ушул азыктарда бир күндүк туз менен майдын өлчөмү нормадан 50 же 80 пайыз ашык экени билинди. Айрыкча ачуу сабиз салат менен куруттагы туз бир күндүк нормадан көп болуп чыккан.

ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул изилдөөгө таянуу менен өлкөнүн туура азыктанышы үчүн мамлекеттик деңгээлде чара көрүп, трансгендүү майлар, туз жана шекердин өлчөмүн мыйзам менен чектөө керектигин эскерткен.

Трансгендүү майлар - табигый эт, сүт азыктарында аз өлчөмдө кезигет. Өсүмдүк майлары химиялык иштетүүдөн өтүп, жыттан арылгандан кийин транс-майларга айланат. 1890-жылы химиялык гидрогенизациянын жардамы менен Поль Сабатье аттуу окумуштуу биринчи трансгендүү майды же азыркы маргаринди даярдаган. Ошол маалда майды химиялык жол менен тоңдуруу аркылуу узакка сактоону көздөшкөн.

1990-жылдан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму трансгендүү майлардын адамдын саламаттыгына зыяндуу экенин белгилеп, жүрөк - кан тамыр ооруларына себеп деген тыянак чыгарган.

Трансгендүү май кондитердик таттууларга көп өлчөмдө кошулат.
Трансгендүү май кондитердик таттууларга көп өлчөмдө кошулат.

Ошондой эле майдын бул түрү рак, диабет, боор оорулары, депрессия, Альцгеймер сыяктуу дарттарга жол ачары айтылат.

Бир күндө бир киши эки-үч граммдан ашпаган трансгендүү май жесе болот. АКШ жана Батыш өлкөлөрүндө анын тамак-аштагы нормасы көзөмөлгө алынып жатат. Орусия жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө бул майдын азык-түлүктөгү өлчөмү тууралуу атайын нормалар жок.

Тандап жеген тамак - дары
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG