Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Супербактериялар дүйнөнү коркута баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакынкы жылдары оору-сыркоолордун көбү дары-дармекти тоготпой, жөнөкөй операциялар жана учурда жеңил деп саналган илдеттер чоң коркунучка айланышы ыктымал. Мындай кооптонуудан улам Британия антибиотиктерди тоготпогон инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн беш жылдык планын жарыялады.

Британиянын Саламаттык сактоо министрлиги 24-январда жарыялаган беш жылдык улуттук планда антибиотиктерди тоготпогон инфекцияларды 2025-жылга чейин 10%, ал эми антибиотиктерди ылгабай колдонууну 15% азайтуу каралган.

Саламаттык сактоо министри Мэттью Хенкоктун айтымында дары-дармекти тоготпогон бактериялардын көбөйүшү адамзат үчүн согуш же климаттын өзгөрүшү сыяктуу эле чоң коркунуч жаратары шексиз:

- Адам бир жерин кесип алса же операция жасатса дароо антибиотик колдонуп көнүп калганбыз. Эгер биз мындай дары-дармекти тоготпогон илдеттердин күчөшүн токтото албасак, келечекте мындан 100 жыл мурдагыдай эле адамдардын өмүрү кыйыла баштайт. Андыктан микробдорду жок кыла ала турган дары-дармекти табуу дүйнө жүзүнүн алдыдагы милдети, - деди ал.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй антибиотиктерди тоготпогон микробдордун көбөйүшү адамзатты тооруп турган коркунуч экенин белгиледи.

Соңку беш жыл ичинде Британияда антибиотиктерди тоготпогон инфекцияларды жуктуруп алгандардын саны 35% өскөн.

Мындан улам Британиянын бийлиги 2013-жылдан бери дарыгерлерди бейтаптарга антибиотиктерди туш келди жазып бербөөгө чакырып келет. Медициналык кызматкерлердин айтымында, мындай маселе дарыны ылгабай колдонуудан улам келип чыгууда.

Адамдын организми антибиотикке көп алган сайын анын дарылык касиети азаярын дарыгер Даниэл Дентон баса белгиледи:

- Бул маселе тынчсыздануу жаратат жана бейтапка дары-дармек жазуу алдында ойлонтот. Бул дары чындыгында керекпи? Башка альтернатива сунуштай аламбы? Сөзсүз эле антибиотик жазышым зарылбы деген суроону дарыгер өзүнө бериши керек. Анткени мунун кесепти биз ойлогондон кыйла оор болуп калышы мүмкүн.

Дары-дармектерди тоготпогон бактериялар

Антибиотиктерди чаржайыт колдонуу инфекциянын ага үйүр алышына жол берет. Кайсы бир убакыттан кийин оору дары-дармекке такыр «баш ийбей» калат.

Эгер адам ошондой бактерияларды жуктуруп алса, аны айыктыруу оңойго турбайт. Албетте, башка антибиотиктер менен дарыласа болот, бирок варианттар жылдан-жылга азайып жатат. Анткени соңку жылдары бир эмес, бир нече антибиотикти тоготпогон «супербактериялар» пайда болуп жатканын окумуштуулар белгилешет.

Сурамжылоого караганда, бейтаптардын 38% дарыгерге кайрылганда эле антибиотик жазып беришин күтөт. Догдурлар ошол себептен бир аз сыркоолоп калганда эле антибиотик ичүүгө ашыкпай, организмге дарт менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берип, көбүрөөк эс алууга жана суюктукту арбын ичүүгө кеңеш беришет. Албетте оору өтүшүп кетпеш үчүн сөзсүз ооруканага кайрылып, врачка көрүнүү керек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыларды тоготпогон кургак учук

Антибиотиктерди ылгабай колдонуу учурда дүйнөлүк көйгөйгө айланды. Орто эсеп менен алганда, Европада антибиотиктерди тоготпогон бактериялардан улам жыл сайын 25 миң адам көз жумат.

Өзгөчө кооптонууну антибиотикке оңой менен "баш бербеген" кургак учук жаратууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, кургак учук же туберкулез далай адамдын өмүрүн алган эң кооптуу инфекциялык илдет.

2000-2017-жылдары эрте диагноз жана ийгиликтүү дарылоонун натыйжасында 54 миллион адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

Анткен менен кургак учук дагы эле дүйнөдөгү адам өмүрүн алган илдеттердин биринчи ондугуна кирет. Акыркы жолу антибиотиктердин жаңы классы 30 жыл мурда ойлонуп табылган.

Британиянын Саламаттык сактоо департаменти эгер бул маселе тез арада чечилбесе, 2050-жылы супербактериялар жыл сайын 10 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алышы мүмкүн экенин былтыртан бери эскертип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG