Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Дилдора: балдарым үчүн жашагым келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мигрант күйөөсүндө ВИЧ инфекциясы бар экенин, өзүнө да жукканын Дилдора кош бойлуу болгондон кийин билген.

Күйөөсү менен экинчи баласы төрөлгөн кезде ажырашып, ошондон бери балдары менен чогуу ата-энесинин үйүндө жашайт. ВИЧ илдети балдарына жуккан эмес, бирок өзү алты жылдан бери дары-дармектин күчү менен жашап келатат. 30 жаштагы Дилдора (ысымы өзгөртүлдү - ред.) баянын башынан айтып берди.

«Оорулуу экенин билген эмесмин»

Мен 2008-жылы ооруканага медайым болуп жумушка орношком. Иштеп жүргөн мезгилде ооруканада бир аял дарыланып жаткан. Ал мага «мен сени уулума алып берип келин кылып алам» деп жүрдү. Бирок мен макул болбой, ал аялга жолочу эмесмин. Көптөн кийин акыры ал аялдын уулуна турмушка чыктым.

Күйөөм мага «жумуштан чык, иштебейсиң» деди. Тоюбуздун эртеси күнү эле Орусияга учуп кеттик. Анан ал жакта кош бойлуу болуп калдым. Төрт айга чейин өтө кыйналдым. «Аба ырайы жакпай жатат окшойт» деп жүрдүм. Көрсө, ошол учурда мага ВИЧ илдети жуккан экен. Күйөөмдүн ошол мезгилде ВИЧ статусу бар экен. Ал мага айтпай үйлөнүп алганын кийин билдим.

Орусиянын жараны болуп, ВИЧ илдеттүү катары ал жакта каттоодо турган экен. Ошентип мен кош бойлуу учурумдун төртүнчү айында Кыргызстанга кайра келдим.


Кош бойлуу аялдар ооруканага каттоого турушат го? Мен да ооруканага келип анализ тапшырсам менде ВИЧ бар экени аныкталды. «Мындай болушу мүмкүн эмес» деп ишенбей кайра-кайра анализ тапшырдым. Бардык аныктамаларда ВИЧ чыкты. Көп күн кыйналып, көңүлүм чөгүп жүрдүм. Анан Оштогу СПИД борборуна бардым. Ал жерден дарыгерлер «кош бойлуу экенсиң, дары ичишиң керек, антпесе балаңа жугат» деп айтышты. Ошол күндөн баштап тийиштүү дары-дармектерди алып ичип жүрдүм.

Кийин Ош облустук төрөт үйүндө операция жолу менен төрөдүм. ВИЧке каршы дарыларды ичип жүрүп тажадым. Бир күндө жети түрдүү дары иччүмүн. Кош бойлуу мезгилде ошондой көп дары ичиш керек экен. Төрөгөндөн кийин үч айга жакын ичпей койдум. «Балам аман, таза төрөлдү, эми өлсөм боло берет» деп ойлодум.

Көп өтпөй ооруп калдым. Бул дарттын эч айласын таппадым. Орусияга да барып келдим. Жыйынтык болбоду. ВИЧтин дарысын гана ичиш керек экен. Кийин дарыгерлер дагы башка дары беришти. Алардын таасири такыр башкача болот экен. Дарыны ичкенден кийин адам мастай жүрө берет. Балам жатат, түнү ал ыйласа тура албай калчумун. Ата-энем жардам берчү. Баламды эмизүүгө мүмкүн эмес. Себеби «эненин сүтү аркылуу да вирус жугат» деп дарыгерлер айтышкан. Дарыны калтырбай ичип, кайра оңолдум.

«Балдарым таза чыкты»

Күйөөм мен төрөгөндө да Орусиядан келген жок. Балам бир жашка толгондо араң келди. Экөөбүз кайра чогуу жашай баштадык. Анан экинчи жолу кош бойлуу болуп калдым. «Төрөбөйм» деп баладан баш тарта баштадым. Биринчи төрөттө кандай кыйналганымды билем. Күйөөм «балдар бири-бирине жөлөк болот, төрөйсүң» деп туруп алды. Биринчисинде кандай кыйналсам ошондой эле кыйынчылык башталды. Күйөөм дары иччү эмес. Ошондуктан анда вирустун деңгээли жогору болуп, вирус кайра эле мага өтүп, мен кыйналып жүрдүм.

Курсагымдагы бала алты айлык болгондо күйөөмдүн карындашы мени кодулай баштады. Мен анын азабына чыдабай ата-энемдин үйүнө кетип калдым. Анан ай-күнү жеткенде кайра эле операция аркылуу төрөдүм. Балдарым бир жарым жашка чыкканда дарыгерлер текшерип, анализ алышты. Кудайга шүгүр, эки баламдын тең жыйынтыгы таза чыкты.

Азыр балдарымдын саламаттыгы жакшы. Чоң кызым көп ооруйт. Себеби кош бойлуу мезгилде дарыны кечигип ичкем. Өзүм оорулуу экенимди кеч билгеним үчүн кеч аракет кылдым. Ал эми экинчи кызымдын дени сак.


Күйөөм менен ажырашып кеттик. Экөөбүз эки башка жашайбыз. Үйдөгү ата-энемдин, жакындарымдын мага мамилеси жакшы. Бардык жакшы нерсени мага беришет. Тамак-аштан кем кылышпайт. Дарыгерлер да «жакшы карагыла, кызыңар тамактын жакшысын жеш керек» деп ата-энеме айтышкан экен. Дары-дармегимди да атам дарыгерден алып келип берет. Анализдеримди ар бир алты айда өзүм СПИД борборго барып тапшырып турам. Анализде вирустун деңгээли төмөн болуп жакшы чыгат. Дарыгерлер табыштаган дарыны калтырбай ичем.

«Үмүт менен жашайм»

Уулдуу болгум келет. Бирок «кимге турмушка чыгам» деп ойлонуп турам. Өзүмдөй статусу бар адамга турмушка чыгам да.

Шаар жеринде эл түшүнүү менен карайт. Аяп турушат. Колдон келсе жардам беришет экен. Ал эми айылдагы элде ВИЧ тууралуу түшүнүк аз. Баарын эле бирдей СПИД деп түшүнүшөт.

Кайненемдин мамилеси жакшы эле. «Менин баламдан жукту» деген ою бар болсо керек. Ал да ичинен сызып жүрдү, кыйналып. Бирок кайын сиңдим көп кодулачу. Өтө кыйналып жүргөм, ошол учурда. Милицияга арыз жазайын деп да ойлогом. Бирок анда элге менин статусум ачылып калмак. Ошондон коркуп эч аракет кылбадым.

ВИЧке чалдыккан адамдар менен тез-тез жолугуп турабыз. Дарыгерлер топ-топко бөлүп чакырышат. Стресстен чыгуунун жолдорун сүйлөшөбүз. Өзүбүздүн тагдырыбызды бири-бирибизге айтабыз. Меникинен да татаал тагдырлар бар. Мурда кандай абалда болгонун, азыр кандай ийгиликке жеткенин айтып беришет.

Негизги максатым - балдарды карап чоңойтуу. Аларды жогорку окуу жайларында окутуу. Ата-энелүү башка балдардан кем кылбай чоңойтууга аракет кылып жатам. Дагы бир максатым - өзүмдүн үйүм болсо дейм. Балдарым менен өз үйүмдө жашасам деп тилейм. Бирок бул максатым ишке ашарына көзүм жетпейт. Кыйналсам да дарыны балдарым үчүн ичем. Алар чоңойсо, анан өлсөм да мейли...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG