Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:57

«ВИЧ тун баламды алып тынды...»


Иллюстрациялык сүрөт.

Тагдырдын оор сыноосуна моюн сунуп, эки баласынын илдеттен оолак экенине ишенип, топук кылган келин жыл айланбай күтүүсүздөн бир перзентинен айрылды. Анысы аз келгенсип тагдыр ага дагы бир оор сыноо жиберип, жакында экинчи баласына да ВИЧ-инфекциясы жукканы аныкталган.

«Азаттык» өткөн жылы Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал айылынан келген Айгүл аттуу келиндин тагдыры тууралуу жазган. ВИЧ-инфекциясы жуккан келин коомчулуктун эле эмес, кайын журту жана туугандарынын кодулоосуна дуушар болгону баяндалган.

Айгүлдүн энеси ал алты жашында каза таап, атасы Казакстанга иштегени кеткен боюнча кайра кайтып келбептир. Ата-эне мээриминен өксүгөн каармандын балалыгы күтүү, сагыныч, кусалык жана жек көрүү менен өткөнүн айтып берген.

Күйөөгө жаш тийип, 13 жыл чогуу жашаган жолдошу оорудан каза болуп, кийин анын себеби ВИЧ илдетинен улам болгонун билген. Кийин инфекция өзүнөн да табылып, тагдыр аны Бишкекке алып келди.

Коомчулуктун кодулоосу, үй-жайсыз, жетишпеген турмуш аны жакшы эле ары-бери чайкаганын айтканы бар. Кайрымдуу жарандар табылып, жашаганга жер берип, анда-санда муктаждыгын жаап турушканы менен тагдыр ага экинчи, үчүнчү сыноону да берди...

Өзү оорулуу болсо да эки баласынын дени сак, таза экенине топук кылган эне бир жыл мурда минтип айткан:

«Эки балам дарыгер болуп, сизди айыктырабыз дешет. Буларга оорум тууралуу айтпайм. «Эмнеге мынча көп дары ичесиз?» деп сурашат. Дарылар күчтүү болгондуктан кара чай, нан менен отуруп калганда кадимкидей мас болуп, башың айланат. Күчтүү тамак жешиң керек экен. Алар чоңойгон сайын дарыны көргөзбөй иче баштадым. Балдардын көзүнчө ыйлабайм, алар деле өйдө-ылдый жашоого бышып калышты. Кээде жашып кетсем «апам телевизордогу сериалга эле ыйлай берет» деп калышат. Менин кыялым, үмүтүм балдарыма жакшы тарбия берип, жакшы окуу жайларга окутуу...».

Жыл айланбай Айгүл көз жашын көлдөтүп ыйлап келди. Тун уулунан ВИЧ-инфекциясы чыгып, кызамыкты көтөрө албай каза болуп калыптыр. Экинчи уулуна да кайдан жукканы белгисиз болуп турат.

«Бир жылда жашоомдо чоң жоготуу болду. Баламды жоготуп алдым. Балдарымды кайра-кайра текшертип жаткам, СПИД борборуна гана эмес, менчик клиникаларга дагы анализ тапшырып жатканбыз. Жок дегенде балдарым таза деп сүйүнүп жүргөм. Бир күнү балдар ооруканасынан чалып, чакырып калды. Ага чейин денесине кызамык чыгып бир апта жатканбыз. «Балаңыз дагы ушундай экен» дешти... «СПИД» борборуна барсам анализдин жыйынтыгын көрсөтүштү...

Алгач балам дарыга көнбөй атып, кийин көнүп калган. Беш айдай ичти. Денесине кайталап кызыл нерсе чыкты. Ооруканага алып барсам «бул кызамык, анар, кызыл вино берип, караңгы жерге кармап караңыз» дешти. Ошентип эле карап жаткам. Зеленка сыйпап койгом. Эки күн катары менен «апа коркуп атам» дей берди... Эки-үч күн катар түшүн айтты. «Тоонун арасында жүрүптүрмүн, мени таштап сууга кирип кеттиңиз». Үчүнчү күн дегенде түнү аябай дене табы көтөрүлүп чыгыптыр, денеси от менен жалын болуп күйүп жатыптыр. Турсам «апа мен сизди жакшы көрөм» деди... Мен деле жакшы көрөм, коркутпачы мени деп кошунаныкына чуркап барып, машинасы менен ооруканага алып бардым. «Тез жардам» келбей койду. Машинада барар-барганча колумду бекем кармап барды, ооруканага кире бериште эле узун болуп узарып кетти. Дарыгерлер колумдан жулуп алышты. Ошондо билдим, балам кетип калганын...».

«Эне баарын көтөрөт, барына чыдайт. Бирок баланы жоготууга чыдай албайт экен...» - деди Айгүл каргылданган үнү менен. Ал перзентине илдет кайдан, кантип жукканын билбейт. Жугуу жолдорун билгени менен «Жугузуп албайын» деген кооптонуу дайыма жүрөгүндө жашап келгенин айтып отурду. Ал мындай коркуу сезимдери менен баласын өпкөнгө да даап бара албачу экен.

Балама ВИЧ кайдан, эмнеден жугуп калды деп издейм, бирок түшүнбөйм. Ошол жагы табышмак. Балдарымды ооруканадан калтырбай эле каратып, улам текшертип аткам. Колумду кесип алып, баламды кармаган учурларым болду беле деп ойлойм.


«Стресс болдум, жинди болуп кетейин дедим, укканда аябай жаман болдум... Баарын таштап бир жакка качып кетсемби деп, өлгүм келди. Бирок өзүмдү колго алып, бул деле болсо Кудайдын сыноосу деп кабыл алууга, көнбөскө, көтөрбөскө аргасыз болдум. Бул балам болсо, дагы бир балам бар ошон үчүн жашашым керек... Бир чети кыйналбай кеткени деле жакшы болдубу дейм... Бирок бары бир энесиң, ал нерсеге кыялбайсың, кантип муздак жерде жатат деп ойлоном...

Балама ВИЧ кайдан, эмнеден жугуп калды деп издейм, бирок түшүнбөйм. Ошол жагы табышмак. Балдарымды ооруканадан калтырбай эле каратып, улам текшертип аткам. Колумду кесип алып, баламды кармаган учурларым болду беле деп ойлойм. Эстеп көрсөм андай деле болгон эмес. Экинчи балам дагы оорусу тууралуу биле элек. Мен ага витамин, каның көтөрүлөт, грипп болбойсуң деп эле берип жатам. Дары аябай күчтүү болгондуктан аябай кускусу келет. Ошондуктан ичкиси келбейт, токтотуп коёюнчу дей берет. Кыстап берем. Күчтүү тамак-аш менен ичпесе кадимкидей эле кыйналат. Эки балам тең «эмнеге кечке дары ичесиз» деп сураганда, «башым ооруйт» деп койчумун. Балдарымдын пландары, тилектери аябай жакшы болчу. Каза болуп калган балам «врач болом, сизди такыр дары ичпегендей кылып дарылайм» деп көп айтчу... Эки балам тең мектепте жакшы окуйт эле. Улуу балам окуу сектору эле, азыркы балам казыначы. Мектептеги иштерге абдан активдүү катышат. Бир эле нерсени ойлонуп жатам. Ар бирибизди тиш щеткаларыбыз бар. Балдар адашып, жаңылып меникин пайдаланып алганбы деп ойлойм. Кээде тишим канап калчу эле...".

ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат. Бирок Айгүл экинчи илешкен илдеттен улам дарыларды бир жарым айдан ашуун убактан бери иче албай калды.

«Ичип аткан дарыданбы билбейм, мага дагы боордун циррозу деген диагноз коюшту. ВИЧ-статусун алып жүргөн адам иммунитети алсыз болуп, ар кандай оорулар жармаша берет экен. Боорума ал дарылар күчтүү болуп жатат окшойт. Бир ай 18 күндөн бери ВИЧтин дарысын иче элекмин. Боорум катып калгандай болуп гемодиализ алайын дегем. Ал кымбат экен.

Айгүл ден соолугу жакшы убакта ар түрдүү иштерге чыгып, тыйын-тыпыр тапканга аракет кылат. Бир күн оору, бир күн соо болгон бул абалында тапканы деле жашоосуна тыгынчык болуп бере албайт экен. Учурда арабдар кайрымдуулук үчүн куруп берген үйдүн чакан бөлмөсүндө жашап жатыптыр. Абалын ачык айтып, жардам сурап чыгуу деле кооптуу болуп калды дейт Айгүл. Бир-эки жолу аялдардан тил угуп, телефондон коркутууларга дуушар болгонун айтып берди.

«Кээде иштеп калам. Тааныш эжелер актап, сырдаганга чакырып калышат. 400-500 сом таап келем. Бирок кайра эле үч-төрт күн жатып калам. Кээде булочка, таттуу-паттуу жасап магазиндерге өткөрчүмүн. СПИД борбору ага тыюу салып койду.

Айгүлдүн видеосу

«ВИЧ баламды алып тынды»
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:47 0:00

Алты жүздөн ашуун бала ВИЧ илдеттүү

2019-жылдын август айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 9 миң 288ге жетти. Көбү эркектер. Анын арасында 600дөн ашуун бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Илдет катталган жылдан тартып 2000 киши каза болду.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморованын айтымында, Кыргызстанда жылына 800дөн ашуун жаңы учур катталып, ай сайын бир-эки киши ВИЧтен каза болууда.

Үмүткан Чокморова.
Үмүткан Чокморова.

«Баладан эч качан чоң кишилерге жукпайт. ВИЧ макамын алып жүргөн кишилер өзүнүн оорусун билсе, ал ооруканага келип, дарыланса ал экинчи кишиге жуктурбайт. Вирусту жуктуруп алгандан кийин ал ошол кишинин организмине, иммунитетке жараша болот. Эгер эч кандай оору менен оорубай жүргөн, ден соолугу таза кишилер болсо толук иммунитетти талкалап бүткөндөн кийин анан ВИЧтин белгилери 5-10 жылдан кийин деле билиниши мүмкүн. Ал эми иммунитети начар болгондордун үч айдан кийин эле белгилери билине баштайт. Мисалы, дене табы көтөрүлөт, колтук, моюн, такымдагы бездер чоңоё баштайт. Ичи өтөт. Бир айлап дене табы түшпөй жүрө бериши мүмкүн. Догдурга кайрылганда алар сөзсүз ВИЧке текшерилет. Үй шартында жугуп калат деген деле коркунуч жок. Ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, гигиенаны сактап, ар биринин жеке щеткасы болсо башка кишилерге жукпайт".

Чокморова илдеттин алдын алуу үчүн ар бир адам оору жугуп калуу ыктымалдуулугу бар оорукана, чач тарач жана башка жерлерде талап койгонду үйрөнүшү керек деп эсептейт.

«Бир жолу колдончу ийнелерди менин көзүмчө ачкыла деп, чачтарачка барганда кайчыны тазалоону талап кылыш керек. Сакал алуучу каражаттар деле бир жолу колдонулуш керек, кээ бири аны бир нече жолу колдонуп жатпайбы. Ар бир киши талапты коюп, өзү сабаттуу болбосо жугуп калуу коркунучу бар».

Өлкөдө ВИЧ тууралуу маалыматтар кеңири эле айтылып, маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүлүп келгени менен коомчулукта аны кабыл алуу, түшүнүү бир кылка эмес. Айрымдары бул илдетти алып жүргөндөрдөн ого эле оолак болууну туура көрүшөт. Мындай мамилеге учурда жардамга муктаж болуп жаткан биздин каарман Айгүл да туш болуп жүргөнүн айтты.

«Жардам сурап чыккан учурда коркутуулар да болду. Эмнеге жашап жүрөсүң, бизге да жугузасың деп чалышат. Жашоо-шартым, акыбалым начар. Жүзүмдү көрсөтүп деле чыккым келет, эгер жардам берчү адамдар болсо. Бирок жүзүмдү көрсөтүүдөн корком».

Биз Кыргызстанда ВИЧ оорулууларга болгон коомдун мамилеси, алардын жашоо-турмушун каарманыбыз Айгүлдүн мисалында айтып берүүгө аракет кылдык.

(Айгүлгө жардам берүүнү каалгандар болсо, анын Элсом номери: 0700593671)

"Азаттыктын" архиви: ВИЧ жуккан балдардын кыялы жана өксүгү. 1-март, 2019-жыл.

ВИЧ жуккан балдардын өкүтү жана кыялы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:01 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG