Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 02:01

ВИЧ жуккан балдардын ойго салган келечеги


СПИДге каршы күрөштүн символу - кызыл тасма.

Глобалдык фонд Кыргызстандагы ВИЧ илдети бар кишилерди акысыз дары менен камсыздоо ишин 2020-жылдын аягында токтотот. Мындан улам калктын бул илдет менен күрөшкөн катмары өкмөт бейтаптарга азыртан кам көрбөсө, кыйын кырдаал түзүлөт деп чочулашууда.

Айрыкча дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан айыкпас дартты жуктуруп алган балдардын ата-энелери мамлекет берген 4 миң сом жөлөк пул дары-дармекке жетиши мүмкүнбү деген суроону кабыргасынан коюп жатышат.

Өкмөт болсо ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөргө өзгөчө камкордук кылуу - социалдык теңсиздикти жаратат деп эсептейт.

Келечекте спортчу, мугалим болууну самаган балдардын айрымдары ВИЧ илдетин жуктуруп алганын ушул күнгө чейин билбейт.

Ата-энелер балдарга берилген дары-дармекти кубат берүүчү витамин деп айтып, илдеттин чоо-жайын бейөкмөт уюмдардын адистеринин жардамы аркылуу акырындык менен түшүндүрүп келет.

Кыргызстанда 382 балага ВИЧ 2006-2007-жылдары ооруканада жаткан кезде жуккан. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жашка чыгып калды.

Аларга өкмөт ай сайын берип жаткан 4000 сом жөлөк пул күнүмдүк керектөөгө жетпей жатканын вирус жуккан перзентин он жылдан ашуун жалгыз багып келген эне “Азаттыкка” айтып берди:

- Бейтап балдардын баары карапайым адамдардын перзенттери. Арасында оокатуу кишилердин балдары жок. 2012-жылдын 21-январында Жогорку Кеңеш 1135 деген номур менен токтом чыгарган. Анда жөлөк пулду 10 миң сомго чейин көтөрүү жазылган. Бирок өкмөт аны ишке ашырган жок. ВИЧ оорулуулардын жөлөк пулун көтөрсөк, башкалар деле чыгат, кант диабети, жүрөгүндө дарты барлар да талап кылышат деп айтышты. Мен бул маселеде өкмөттүн көп жыйындарына катышкам.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова ВИЧ илдеттүү балдарга камкордукту көбөйтүү жаатында тийиштүү токтом бар экенин тастыктап, бирок өкмөт ага көңүлкош мамиле жасаганын билдирди:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- Төрт миң сом эмнеге жетет? Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде Саламаттык сактоо, Каржы, Социалдык коргоо министрликтерине тиешелүү милдеттер коюлган. Бирок анын жыйырма пайызы аткарылып, калганы ара жолдо калды.

Аида Исмаилова токтомдо кандай милдеттенмелер бар экенин так айтып бере алган жок. Жалпысынан ВИЧ илдеттүү балдарга камкордук эрежелери жазылып, ага социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр жооптуу экенин, олуттуу мамиле зарыл болуп турганын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, ВИЧ илдеттүү кишилер майыптардын тизмесине кирет жана аларга жөлөк пул бөлүнөт. Мамлекет ай сайын берген акчанын көлөмү 2018-жылдын июлунан тарта 4000 сом болуп бекитилген. Ага чейин 3000 сом болчу.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жогорудагы токтомду азырынча тактай албаганын айтып, жөлөк пул берүүдө ВИЧ илдетүү адамдарга, анын ичинде балдарга өзүнчө мамиле кылуу мүмкүн эместигин белгиледи:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Конституция боюнча оорулуу балдардын баарына бирдей мамиле жасалат. Жөлөк пул да бирдей бөлүнөт. ВИЧ илдеттүү балдарга таандык документтерге алардын оорусу тууралуу ачык жазылбайт. Коомдо дискриминацияга кабылбасын деп, башка диагноз жазылат. Эгер алар ВИЧ экенин белгилеп, өзгөчөлөнтүп жөлөк пул бере баштасак, илдети тууралуу башкалар билип, алар кодулоого кабылышы ыктымал.

ВИЧ илдети бар кишилерге Республикалык СПИД бирикмеси Глобалдык фонддун колдоосунда вирустун күчөп кетишинин алдын алган дарыларды акысыз берет.

Бейтаптар кошумча витаминдерди өздөрү да сатып алышат. Глобалдык фонд Кыргызстанга бул жааттагы колдоосун 2020-жылдын аягында токтотот. СПИД бирикмесинин адистеринин эсебинде, өкмөт 2021-жылдан тарта оорулууларды дары-дармек менен 90 пайыз камсыздай алат, бирок кымбат дарыларга каражат тартыш болуп калышы ыктымал.

Аталган бирикменин маалыматы боюнча, ооруканада балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, Жогорку сотко чейин жеткен.

Териштирүү иши беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Анын эки айын тергөө абагында өткөрүшкөн.

"Азаттыктын" архиви: Дарт тооруган балалык


2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ-илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Анын теңинен көбүнө ооруканада илдет жугуп калган. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG