Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

ВИЧ жуккан балдар кенемтеге муктаж


СПИД борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
СПИД борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооруканада дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдарга 100 миң сомдон кем эмес кенемте төлөп берүү боюнча демилге көтөрүлдү.

2007-2008-жылдары ооруканада илдет жугуп калган ондогон наристелердин энелери ушунча жыл коомчулуктан өгөйлөнүп, төгүлгөн көз жашка бул каражат арзыбай турганын айтып жатышат.

Атын ачык айтууну каалабаган эне кызына ВИЧ илдети жуккан 2006-жылдан бери башынан далай тозокту өткөргөнүн айтып берди.

- "Сен ВИЧ жуктуруп, сен кылгансың” деп күйөөм мени күнөөлөп, төрт балам менен ошол жылы ажырашып кеткем. Акчам жетпей, кызым катуу ооруп, 2012-жылга чейин болгон нерсемди сатып, эч кимден акча сурабай кызым үчүн күрөшкөм. Айыл өкмөткө да, акимчиликке да барган эмесмин.

Ошол жылы ымыркайдын тиши чыгып, ичи өтүп, эти ысып Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканага жатып калат. Эне кызы айыккыс дартка ошол күндөрү туш болгон деп болжойт. 2006-жылдан тартып ушул убакка чейин ооруканада же дарыгердин шалаакылыгынан улам ВИЧ илдети жуккан 309 бала каттоодо турат. Эми аларга мамлекеттен 100 миң сомдон кем эмес, бир жолку кенемте төлөп берүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоо киргизүүнү сунуш кылган депутаттардын бири Дастан Бекешев өкмөт шартына жараша бул сумманы көбөйтсө болорун белгиледи:

- Мен санап чыктым, эгер биз 100 миң сомдон кенемте берсек, 35 млн. сом эле кетет экен. Ал каражатты кайдан таба турганыбызды да жазып койдум. Бизде президенттин, премьер-министрдин, төраганын фонду бар. Ага жыл сайын 30 млн. сомдон которулат. Ошондон 10 миллиондон берсе, эч нерсе болбойт го. Албетте 100 миң сом аз, 1 млн. берсек да аз болот. Бирок бул биздин мүмкүнчүлүгүбүз. Балким өкмөт өзү карап 150-200 миң сом берет.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды. Ага катышкан энелердин бири Чынара (аты өзгөртүлдү) балага төлөнчү 4 миң сом жөлөкпулду 18 жаштан кийин да ала тургандай кылып өзгөртүүнү сунуш кылып жатат. Ал ВИЧ жуккан балдар бул курактан кийин айыгып кетпей турганын, аз да болсо жашоосуна тыгынчык болорун, алар мамлекеттин колдоосуна муктаж экенин кошумчалады:

- Тескерисинче балдар 18 жаштан кийин ишке жараксыз болуп жатат. Канча жылдан бери дары ичип жүрүп бооруна, ашказан, жүрөгүнө зыян болуп жатат. Менин кызым тамак ичет, кечинде дарыдан кийин сиңбей кусуп салат. Жөлөкпулду мөөнөтсүз кылып мыйзамга өзгөртүү киргизип бериңиздер. "Кенемтени 1 млн. сом деп жазсак коркот" деп жатасыздар. 100 миңди биз эмне кылабыз? Биз ага балдарыбызга эмне куруп бере алабыз? Жыл сайын жаңы жылда балатыга канча миллион кетирип жатат? Кенемтени 1 миллион деп чечип, мыйзамга киргизип, кандай болсо да бала үчүн берилсин.

Чынара дарыгердин айынан илешкен дарт канчалаган үй-бүлөнү ажырым жолго салганын, энелердин көбү жалгыз калып өздөрү да кошумча оору ашырып алганын айтып жатат. Ошондой эле ал айрымдарга үй берилип, кээ бирлери четте калганына, эс алуу үчүн берилчү жолдомо да тегиз берилбегенине нааразы болду.

Массалык түрдө оору жуккан жылдары 4-5 жашта болгон наристелердин алды азыр үй-бүлө куруп калган. Ата-энелер алардын турмушу деле оор экенин, ажырашып, ымыркайы оорулуу төрөлүп чарчап калган учурлар да бар экенин айтып беришти.

Буга чейин бир да жаранга мамлекеттен кенемте төлөнгөн эмес. 2011-2012-жылдары ата-энелер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгып, күнөөлүү дарыгерлерди аныктап, жазага тартууну, мамлекеттен жардам берип көңүл бурууну талап кылышкан. Дастан Бекешев парламент жардам боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө тапшырганы менен ал кагаз бетинде гана калганын белгиледи. Ошондон кийин жабыркагандардын айрымдарына үй берилген.

Энелердин дагы бири Сайрагүл (аты өзгөртүлдү) балдардын билим алышына да жеңилдик берүүнү суранды:

- Энелердин төрт талабы бар. Биринчиден, балдарга жөлөкпулду өмүр бою беришсин. Эртең эле 18ге чыкса токтоп калат да. Үч миң алчубуз, жакындан бери төрт миң сом болуп калды. Кылгандан кийин мамлекет жоопкерчиликти алып, аткарыш керек, моралдык чыгымды төлөсүн. Балдарды бюджетке өткөрүп берсин. Булар 15 бала деп жазыптыр, бир жылда анча бала бүтпөйт да. 300-400 бала бүтөт, жылына. Ошолордун баарын эле өткөрсө, анан турак жай маселесин карап берсе, мына ушулар бизге жетишет.

Саламаттык сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешинин өкүлү, "Өнөктөштүк тармак" уюмунун жетекчиси Айбар Султангазиев бул маселени Казакстан сыяктуу каражаттын жарымын республикалык, жарымын жергиликтүү бюджеттердин эсебинен чечүүнү сунуш кылды:

- Тигил жактан, бул жактан кылып чыгарса балким 300-400 миң сомдон төлөп берсе болот го. 300 баланын баарына каржылык жеңилдик бериш керек. Балдар чоңоюп калды, алар окуйбуз дейт. Окуу жайларында бюджеттик орундар бар да, бекер окууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ошону да мыйзамга киргизүүнү сунуш кылып жатабыз. Андан сырткары дарыланууну да бекер кылса жакшы болмок. Мисалы, "МРТ кылыш керек" деп келишти. Ал 3,5 миң сом турат.

Балдарга массалык түрдө ВИЧ жуккан окуя 2006-жылы Казакстандын Чымкент шаарында да болгон. Анда ооруканадан 149 наристеге оору жукканы аныкталган. Султангазиев аларга 10 миң доллардын тегерегинде бир жолу берилчү кенемте төлөнүп берилгенин, көбүнө жер жана батир берилип, 100 миң теңге өлчөмүндө ай сайын жөлөкпул төлөнөрүн белгилеп жатат. Мындан сырткары алар жер салыгы менен киреше салыгынан бошотулуп, жыл сайын эс алууга жолдомо алып турушат. Орусияда 1988-1989-жылы 200дөн ашуун балага ооруканада ВИЧ жугуп, соттун чечими менен алар жабырлануучу деген статуска ээ болушкан жана кенемте төлөнгөн.

Кыргызстанда 2018-жылдын соңуна карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жараны, арасында 645 бала бар. Анын теңинен көбүнө 2006-2008-жылдары ооруканада илдет жугуп калган. Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы боюнча, ооруканада балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси ("ВИЧ инфекциясын жуктуруу") боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, Жогорку сотко чейин жеткен. Териштирүү иши беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары төрт жылга шарттуу кесилген. Анын эки айын тергөө абагында өткөрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG