Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Элди дүрбөтүү оорудан жаман


Ош шаары коронавирустун айынан киргизилген өзгөчө кырдаал шартында.
Ош шаары коронавирустун айынан киргизилген өзгөчө кырдаал шартында.

Ошентип, өлкөбүздө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Элдин көбү аргасыздан бош отуруп калары бышык.

Албетте, жугуштуу илдеттин таралышынын алдын алуу башкы максат болуп турган ушул чакта, жарыя айтылган ар бир сөзүбүз элдин маанайына, сабырына оң же терс таасир этерин эске алышыбыз зарыл.

Төбөсү көрүнгөндөр, чебердегиле!

Бир сабатсыз жигит «бул илдет каапырларды кырып, мусулмандарга жолобойт экен» дейт. Дал ушундай болбосо да, ушуга жакын мааниде күпүлдөгөн молдокелер бар. Азыр унчукпай калышты, бирок ойлонбой балп этип салган сөздөрү элексиз ооздон чыпкасыз кулакка вирус болуп дагы эле таралууда, сынчыл ойлоно билбеген адамдардын аӊ-сезимин ууктуруп.

«Каапыр» деп башка элдерди акарат кылганы накта бузукулук болсо, пандемия сыяктуу апааттан сактанууга чакыргандын ордуна калайыктын башын айланткан кептери – жоопкерчиликсиз, кыянатчыл жосун.

Азыр эл элеӊдеп, «илимдүү-билимдүүлөр эмне дейт» деп кулак түрүп турган чакта калайыкка таанылган инсандар ар бир сөзүн аптеканын таразасына тарткандай кылдат ченеп, угармандар туура түшүнгүдөй кылып сүйлөшү керек.

«Коронавирус бизге келбейт, исламдын душмандарына кудай жиберген» ж.б. деген кеп-сөздөрдү айткан бир «аалым» катасын мойнуна алып, элден кечирим сураштын ордуна, «жума күнү мечитке мурдагыдай чогулбай калдык» деп ыйламсырап, баёо калктын сезимине ойноп жиберди. «Тиги дүйнөгө барганда: «Коронавирустан өлдүңбү же башка себеп менен каза таптыңбы?» деп сурабайт. «Намазыңды калтырбай окудуңбу» деп сурайт», - деди. Диний фанаттар өлөр-тирилерине, жугуштуу илдеттин тездеп жайылышына карабай мечитке агылса, ким жооп бермек?

Шылтоого шыноо таппай турган айрым замандаштар жаагынан жаңылган конкреттүү молдону эмес, жалпы эле динди мазактаган осол сөздөрдү жаадырышты. Умрага барабыз деп илдет жугузуп келген мекендештерге кыжыры кайнаганын түшүнүүгө болот, бирок мындай оройлукту колдобош керек.

Динге мамилеси кандай экенине карабай, ар ким жалпы коомдогу мунасаны, биримдикти сактоо зарылдыгын башкы орунга коюп, эмоцияга алдырган сөздөрдөн карманышы зарыл. Башка жарандардын диний көз карашына акаарат кылган жарабайт.

Ал эми Абдишүкүр молдо муфтияттын жума намазды мечиттен окуганды УБАКТЫЛУУ токтото туруу жөнүндө чечимин туура кабыл алып, колдоп сүйлөшү же унчукпай, ыйлактабай турушу керек эле. Болору болду. Бирок эми деле элден кечирим сурап койгонго жарайбы ал же өзүн эч качан жаӊылбас пайгамбардай ойлоп калганбы?.. Же оркойгон катасын моюнга албай, бир жагынан фанаттардын коопсуздук талаптарын сактабашына шыкакчы болуп, экинчи жагынан динчилдерди жаман көргөндөрдүн чырагына май чача береби?

Селтеӊ сезимди сергек акыл башкарсын

Азыр ашыкча дүрбөлөңгө түшүүнүн да, өтө бейкапар болуштун да кереги жок. «Эртеӊ азык-түлүк түгөнсө ачарчылык башталат» деп, таза сактаганга жайы жок адамдар деле үйүнө унду шыкап алды.

Италиянын калкы кандай апаатка кабылганы эч ким төгүнгө чыгара алгыс факт болуп турса да, ал өлкөнүн эли менен аралаш жашаган мекендештерибиз «сактангыла, эртеӊ кеч болуп калбасын» деп күн сайын какшап айтып жатса да кенебей, уйкусурагандай аркы-терки баскандар өтө көп. Ошондуктан өзгөчө абалдын киргизилгени туура эле болду.

Эми кептин баары ушул кырдаалдын талаптарын туура түшүнүп, так сактай билиште. Зарылдыкка байланыштуу бийликтин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилет, жарандардын укуктары ошого жараша чектелет. Демек, башкаруучулардын ар бир чечими жети өлчөп бир кескендей калыс болушу өтө маанилүү.

Жай турмушта жетекчилердин каталарын, мыйзам бузган иш-аракеттерин көбүнчө эл уу-дуу сөз кылуу менен эле чектелип келген болсо, азыркы жумуштары токтоп, аргасыз бош, бирок үйүнөн ээн-эркин чыга албай отурган адамдар терс жосундарды алда канча оор кабылдашы ыктымал.

Ошондуктан бийликтегилер мындан ары «ит үрө берет» дегендей кенебеген мамиледен сактанышы зарыл. Албетте, элдин түшүнүгүнө, маанайына терс таасир эте турган жаңылыш же атайын бурмаланган маалыматтарды тараткандар жоопко тартылышы керек. Бирок ыкчам, так, кылдат текшерилген расмий кабарлар менен камсыз кылуу жагынан журналисттер жана бийлик өкүлдөрү тыгыз кызматташып турушу абзел. Ошондо «тигиндей экен, мындай экен» (же – «болушу мүмкүн») ж.б. божомол-дөдөмөлдөргө эл көп алагды болбой, текши тартип сактайт.

Кулакка чыпка тагалы

Биздин депутаттардын бири «Коронавирус жөнүндө маалыматты каяктан алабыз?» деген суроосу менен күлкүгө калды. «Үтүктү сайсаң да ушул илдетти сайраган кезде маалымат таппаганы кызык», - деп мазактагандар да чыкты. Ырас, эл ишенип шайлаган кишинин минтип жалдырашы уят, бирок «маалымат» деген түшүнүктү бир аз тактап албасак болбойт. Кеңири мааниде бул сөз илимий негизи бар, практикада тастыкталган анык көрсөткүчтөрдөн тартып көчөдөгү машинелердин доошуна, иттердин үргөнүнө чейинки ызы-чуунун баарын билдирет.

«Бир ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт» деп кыргыздар бул жагдайды эчак эле түшүндүрүп койгон. Азыр элди дүрбөткөн кабарлардын басымдуу бөлүгү оозуна келгенди ойлонбой айта берген же укканын ылгабай эле башкаларга жеткиришке шашкан кишилерден таралууда. «Эл оозунда элек жок», ошондуктан кулагыбызга чыпка тагып алышыбыз зарыл. Б.а. ар кандай имиш кептерге эле эмес, «чет өлкөлүк баланча деген илим доктору билдирет» дегендей «Вотсаптан» узатылган кабарларга (пересланное сообщение) маалыматтарга да сынчыл мамиле кылышыбыз кажет.

Булардын көбү маалымат вирусу экендигин, дүрбөлөң салган же такыр бейкапар, жоопкерсиз жосунга түрткөн мындай вирустар биологиялык вирустан да коркунучтуу болорун элге түшүндүрөлү.

Дем-күч топтоп алалы

Утурумдук маалыматтардын басымдуу бөлүгү кайталама, мааниси аз, арасында ишеничсиз же жалган айтылгандары да арбын кездешерин айрыкча ушул күндөрдө эске алалы. Аларга алаксыгандан көрө мазмуну эскирбей турган, элди бөлүп-жаруучу, адаштыруучу эмес, бириктирүүчү, акылын сергитүүчү маалыматтарга көбүрөөк кызыгалы.

Убакыт кенен – Интернеттен же теледен жеӊил-желпи «комедияларды» же «этектив-детективдерди», көбүрүп-жабырган халтура сериалдарды эмес, нукура көркөм фильмдерди, спектаклдерди көрөлү, комуз күүлөрүн, классикалык музыканы угалы.

Рухий мухитибиз болгон «Манасыбызды» угалы, окуйлу, дүйнөлүк адабият мейкиндигине чыгалы. Каалагандар философия, филология, теология, психология ж.б. илимдер боюнча эмгектерди казып көрүшсүн. Чыңгыз Айтматовдун, Мурза Гапаровдун, Касым Каимовдун, Султан Раевдин, Арслан Койчиевдин, Олжобай Шакирдин, Аким Кожоевдин повесть-романдарын, Алыкул Осмоновдун, Жолон Мамытовдун, Сагын Акматбекованын, Нарсулуу Гургубаеванын, Назгүл Осмонованын, Жыргалбек Касаболотовдун, Афина Бакированын ырларын жана башка (жогоруда аталгандардан эч кем калышпаган!) акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп, тереңирээк түшүнүү үчүн алар тууралуу адабиятчылардын жазгандарына да көңүл бөлөлү.

Көөнөргүс Сөздүн уңгусуна жакындасак, рухубуз тазарып, бекемдейт, денибиз да чыйрак болот.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG