Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Европа: Таажы вирусуна каршы согуш


Римдеги Колизейдин айлана-тегереги, 8-март, 2020-жыл.
Римдеги Колизейдин айлана-тегереги, 8-март, 2020-жыл.

Европа таажы вирусу менен таймашка бар күч-аракетин жумшоодо.

Президент Эмманюэль Макрон 16-мартта Франциядагы кырдаалды “согуш” деп баалап, “санитардык майданга"а салыштырды. Ал эми канцлер Ангела Меркель 18-мартта жасаган чукул кайрылуусунда Германиянын башына Экинчи дүйнөлүк согуштан бери азыркыдай алаамат түшпөгөнүн айтты.

“Биздин бул кризисти жеңээрибизге бөркүмдөй ишенем, бирок курмандыктардын саны канчалык чоң болот? Биз канча сүйүктүү адамдарыбызды жоготобуз?” деп суроо салды.

Европа борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард COVID-19 пандемиясын “эңгезердей экономикалык шок” деп сыпаттады.

Башка лидерлер да өз жарандарына дембе-дем кайрылып, пандемияны жеңүүдө, чыгымдарды азайтууда ар бир адамдын тартипти, медициналык эрежени бекем сактаганы маанилүү экенин эскертишүүдө.

2001-жылы 11-сентябрда АКШнын шаарларына жасалган террордук чабуулдан кийин да Батыш лидерлери өз букараларына минтип кайрылышкан эмес. Ырас, анда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.​

Соңку кырдаал

Германиянын канцлери Меркел аны эмдеген дарыгерге таажы вирусу жукканы аныкталган соң жекшемби күнү өз ыктыяры менен карантинге жатты.

Чехтер чектөөлөргө кантип баш ийүүдө?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00


Катаал кырдаал улуттук өкмөттөрдү мурда мүмкүн болбогон кадамдарды жасаганга мажбурлоодо. Испания Италиядан кийинки эле Европада жана дүйнөдө таажы вирусу көп жайылган өлкө экенин ишемби күнү премьер-министр Педро Санчес ырастады жана чукул кырдаал абалы дагы 15 күнгө узартылганы жатканын билдирди.

Премьер Санчес белгилегендей, коркунучтуу илдетке каршы күрөштү күчөтүү үчүн "өлкөдө беткаптар, жасалма дем алдырчу аппараттар жана тесттер чыгарылат".

Бүгүнкө чейин Испания 640 миң даана ооруну тез аныктоочу тест сатып алган, алардын саны жакында 1 миллионго жеткирилет. (Жасалма дем алдырчу системанын бир даанасы орточо 25 миң доллар турат).

Италияда оң жылыштар бар. Акыркы бир күндө таажы вирусунан 547 киши набыт болду. Өткөн апта соңугда бир суткада 793 киши өлгөн. А оорудан айыккандар соңку эки күндө көбөйгөн. Бирок сакайгандар туруктуу көбөйө береби, аны алдыдагы күндөр көрсөтөт.

Коронавирустан коргонуу жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Германиянын федералдык өкмөтү жугуштуу оорулардан коргонуу жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизип, өлкө аймагындагы бийлик укугун кеңейтмек болууда. Атап айтканда, жаңы мыйзам жарандар тууралуу маалыматты телефондун номурунун негизинде чогултууну жана медициналык кызматкерлерди эпидемияга каршы күрөшкө мажбурлоого жол ачат. Федералдык өкмөт таажы вирусун дарылоого керек жабдууларды бөлүштүргөнгө, аймактан аймакка өтүүнү токтото алат. Азыр Берлин мунун баарын провинциалдык өкмөт менен макулдашып жүргүзөт.

Австрия, Германия жолдорго диагностикалык тосотторду орнотууну пландоодо. Австрияда азыр үч саатта 96 тест жасачу аппарат колдонулууда. Германияда аптасына 160 миңден ашык киши тесттен өткөрүлүүдө.

Францияда абалы өтө оор адамдар менен дарыгерлер гана текшерилүүдө. Испанияда да ушундай. Бул шартта Швейцариянын үч кантону жана Германиянын үч штаты (жери) Франциядан оор кеселдерди алып, дарылап берели деген сунушун билдиришти. Удаа эле Германия Италияга, Швейцарияга, Австрияга медициналык беткаптарды жөнөтмөк болду жана Евробиримдик өлкөлөрүнө медициналык жабдууларды сатуу жөнүндөгү убактылуу чектөөсүн алып салды.

Чехияда дарыгердин жолдомосу боюнча текшерүүдөн өтүү мүмкүн. Же өз ыктыярыңыз менен 50 доллар чамалуу акча төлөп, менчик клиникалардан текшерилсеңиз болот.

Исландияда жарандарга тегин текшерилүү сунуш этилген.

Мектеп окуучулары телесабак окушат

Францияда мектептер жабылып, башталгыч жана орто мектептин балдарына сабак телевидение аркылуу окутула баштады. Телеэкрандан сабак өтчү мугалимдерди Билим берүү министрлиги тандалган. Бул ишке бир нече телеканал жана Француз радиосу (Radio France) тартылган.

Мисалы, башталгыч класстагылар үчүн 30 мүнөттүк телесабактар 9:00да башталса, 2-класстар үчүн 60 мүнөттүк телесабак 11:00дө башталат. Орто жана жогорку класстар үчүн бир сааттык телесабактар түштөн баштап берилет.

Чехияда мектеп окуучулары үйдө калып, сабактар он-лайн окутулууда.


ЕБР ишкерлерге жардамдашат

Евробиримдик да уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасын колдоо үчүн тийиштүү кадамдарды жасоодо. 19-мартта Европанын борбордук банкы- ЕБР евромейкиндикке көмөктөшүү үчүн 750 миллиард евролук программасын жарыялады. Ага ылайык, береги суммага жыл аягына чейин улуттук өкмөттөр менен компаниялардын баалуу кагаздарын сатып алат. Мурдараак быйыл 120 миллиард еврого активдер кошумча сатып алынарын билдирген. Андан тышкары ЕБР айына 20 миллиард еврого финансылык активдерди сатып алат.

Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкы да COVID-19 пандемиясына ооздуктоо үчүн 1 миллиард евро бөлдү. Акча Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия, ошондой эле Жер ортолук деңизинин түштүгү менен чыгышындагы 38 өлкөдөгү компанияларга коркунучтуу илдеттин кесепети менен күрөшүүгө жумшалат.

Жогорудагы чараларга карабай, Евробиримдикте илдеттин кесепетине каршы аракеттенүүнүн орток программасы жок.

Швецияда таажы вирусунан жабыркаган ишкерлер бир жылга салыктан бошотулду. Германияда жумуштан кыскартылган же толук эмес иш күнүнө которулган кызматкерлерге мурдагы маянасынын 60% өкмөт төлөп берет. Ушундай кенемте үчүн Литвада 5,4 миллиард евро (элинин саны 2,8 млн.), Германия өкмөтү 500 миллиард еврого дейре (калкы 83 млн) бөлөт, а 146 миллион элдүү Орусия 3,5 млрд. евро бөлгөн.

СOVID-19: Жуктуруп алгандардын көбү башында байкабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00


Эрежени сактагыа!

Германияда 22-марттан баштап экиден көп адамга чогулууга эки жумага тыйылды. (Бул эреже бир үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылбайт). Кишилер кайда болбосун 1,5 метрлик аралыкты сактоого тийиш. Бүгүн азык-түлүк дүкөндөрү жабылып, тамак-аш заказ менен үйгө жеткириле баштады.

Францияда 21-мартка чейин көчөдө жүргөн 870 миң адам текшерилип, алардын 40 миңине айып пул салынган. Жарандарга үйдөн 1-2 чакырым радиуста спорт кылганга, тамак-аш, дары-дармек жана жаш балдар үчүн зарыл товарларды сатып алганы, жакындарына жардам көрсөткөнү, дарыгерге жана жумушка барганга уруксат. Башка учурда сыртка чыккан адамдар 135 евро айып төлөйт. Ал өз мөөнөтүндө төлөнбөсө, айыпкер 375 евро төлөөгө тийиш болот. Оболу киргизилгенде айып пулдун көлөмү 38 евро эле. Ал эми жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган же таажы вирусун жуктурган адам бир жылга чейин абакка отургузулат жана 15 миң евро айып төлөйт.

Францияда тартиптин аткарылышын жөнөкөй кийимчен полиция кызматкерлери атайын белгиси жок автомашинеде жүрүп, ошондой эле тик учарлар жана дрондордун жардамы менен тартипке көзөмөл салууда.


Илимге мамиле өзгөрүүдө

Европа мамлекеттеринде таажы вирусуна каршы кабыл алынган чаралар эң алды элдин өлкө ичинде эркин жүрүүсүн чектөө аркылуу вирустун жайылуусун басаңдатуу болуп саналат. Ошону менен жугуштуу илдетке каршы вакцинаны иштеп чыкканга жана оорулууларды дарылаганга убакытты утуу.

Таажы вирусун айыктырчу дары-дармекке Париж менен Берлин кошумча да акча бөлдү. Президент Макрон 19-мартта алдыдагы беш жыл үчүн илимий изилдөөлөргө бөлүнгөн каражатты 5 миллиард долларга көбөйттү. Франция 1945-жылдан бери илимге мынчалык чоң инвестиция чегерген эмес.

Буга дейре балакеттүү вирусту изилдөөгө 8 миллион евро чегерилген. Андан тышкары бул багытта иштеген мамлекеттик институттар, менчик лабораториялар жана стартаптарды колдоого француз өкмөтү кезексиз 50 миллион евро бөлөт.

Таажы вирусу алып келген апаат айрым лидерлерге саясый аброюн оңдоого мүмкүндүк берди. Францияда жарандардын 50% президент Э. Макрондун ишин оң баалаганын "Harris Interactive-Epoka" борборунун изилдөөсү көрсөттү. Бул эки жылдан берки эң чоң көрсөткүч. Анын себеби: Макрон эпидемия башталгандан бери жарандарга апта сайын кайрылат.

Франциянын премьер-министри, саламаттыкты сактоо министри, ички иштер министри, билим берүү министрине ишеним көрсөткөндөр көбөйгөн. Ага карабай, франциялык 600дөн ашык дарыгер премьер-министр Эдуард Филипти жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Аньес Бузенди сотко беришти. Алар, "Le Figaro" гезитинин жазышынча, премьер менен экс-министрди таажы вирусунун жайылтпоо үчүн жетерлик чара көрүшпөдү, медициналык беткаптардын тартыштыгы үчүн күнөөлүү деп эсептешет.

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG